Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ханнас деген шайтандын милдети




Ханнас деген шайтандын милдети


Иблис бир күнү кызматчыларын чакырат: «Араңардан эң чоң жамандык, фитна чыгарганыңарды башкөсөм кыламын, менин алдымда мага эң жакын, бедели эң жогору ошол болот», - дейт. Иблистин кызматчылары бир нече убактан кийин кайтып келишип ага кылган иштери тууралуу эсеп бере башташат. Бирөө баланчанын намазын буздурдум десе ага макул деген экен. Дагы бирөө баланчанын орозосун буздурдум десе ага да макул деген экен. Харам нерсе жегиздим дегенине да макул деген экен. Башка бирөө аялы менен күйөөсүн уруштурдум дегенде шайтан кубанычы койнуна батпай ордунан ыргып туруп: «Жарайсы, жарайсың», - деп маңдайынан өөп: «Эң чоң ишти сен аткардың, эгер алар араздаша турган болсо калганынын бардыгы убакыттын өтүүсү менен бузулат, жакшылыгы калбайт», - деген экен.

Даанышман заттар мындай дешкен: «Бул шайтандын аты - Ханнас. Ханнастын милдети – үй-бүлө ичинде, туугандар арасында, жумушта, жоро-жолдоштордун арасында араздашууга себепчи болуу. Б.а., Иблис араздаштыруу үчүн Ханнас аттуу шайтанды милдеттендирген. Нас сүрөсүндө мындай делинген: «Мен адамдардан жана жинден, адамдын көңүлүнө васваса берген Ханнас деген шайтандын жамандыгынан адамдардын Раббисине сыйынамын.» «Аллахумма инни аузу бика мин хамазатиш-шайтанин» деген дубаны таңерте жана кечинде окуп жүрүү керек. Мааниси: «Йа, Раббим, шайтандардын (иблис, напси жана жаман адамдардын) жамандыгынан сага сыйынамын» дегенди билдирет».

Ар дайым сак жүрүү керек. Шайтан менен напсинин азгыруусуна, эч ким менен араздашууга жол бербөө керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш