Аял акысы


Суроо: Аял менен ынтымакта жашоонун жолу кандай?

ЖООП
Аялынын жакшы ахлактуу болуусун каалаган эркек алгач өзү жакшы ахлактуу болушу керек! Куран-и каримде адамга келген кыйынчылыктардын кылган күнөөлөрүнөн улам келе тургандыгы билдирилген. Ошондуктан, динибиздин буйрук жана тыюуларына көңүл буруп жашаган адам аялы менен жакшы мамиледе жашайт.

Алийй-ул Хавас хазреттерине аялы ачууланат. Аялы күйөөсүнө каршылыгын билдириш үчүн өзүнчө идиш колдонот. Алийй-ул Хавас хазреттери бир күнү байкабай аялынын идишин колдонуп суу ичкенде аялы дароо идишти сындырат. Хазрет "идишти эмнеге сындырдың” деп да айтпастан эч нерсе болбогондой мамиле кылат.

Осман эл-Хаттаб хазреттеринин кошунасы Нуреддин Шуни мырза айтат: "Бир түнү сыртка чыктым, эски чийге оролгон бирөөнүн сыртта жатканын көрүп: "Сен кимсиң, бул жерде эмне жатасың?” - дедим. "Кошуна, мен Осман эл-Хаттабмын. Уулумдун энеси мени сыртка куугандыгы үчүн көчөгө чыктым, ачуусу тараганга чейин ушул жерде жатып турайын дедим” - деди.”

Кыялы начар аял

Ибни Эбил Хамайил-и Севри хазреттеринин аялынын кыялы начар эле. Күйөөсүнө оозуна келгенди айтып эч тынчтык берчү эмес эле. Ал мубарек зат дагы дайыма сабыр кылчу. Дагы бир күнү аялынын ызы-чуусунан кутулуу үчүн учуп качып кутулат. Аялы аркасынан карап: "Муну карап кой, менден учуп кутулам деп ойлогонун”, - деп кобуранып калат. Биз сыяктуулардын учуусу мүмкүн болбой тургандыктан качуу аркылуу ызы-чуудан, талашып-тартышуудан алыс болуубуз керек. Өзүбүздүкү туура экендигин далилдөөгө аракет кылбашыбыз керек!  Хадис-и шарифтерде айтылды:

"Бир момун аялына ачууланбасын! Жаман мүнөзү бар болсо жакшы мүнөзү да бардыр.) [Муслим]

"Аял алсыз жаратылган. Алсыздыгын унчукпастан жеңгиле! Үйдөгү кемчиликтерин көрбөгөнгө аракет кылгыла!” [Ибни Лал]

"Мусулмандардын ыйман жагынан эң жогорусу - ахлагы эң жогору болгону, аялына эң жакшы жумшак мамиле кылганы”. [Тирмизи]

"Мусулмандардын эң жакшысы, эң пайдалуусу аялына карата эң жакшы, эң пайдалуу болгону. Силердин араңарда аялына эң жакшы, кайырлуу жана пайдалуу болгон менмин.” [Несаи]
"Күйөөсү ыраазы болгонго чейин аялдын намаздары жана эч бир жакшылыгы кабыл болбойт. [Таберани]

"Намаздары кабыл болбойт” деген сөз намаз карызынан кутулат, бирок, намаз окуу менен таба турчу чоң соопко ээ боло албайт дегенди түшүндүрөт. Намазы бошко кетет дегендикке жатпайт. Бир аялдын күйөөсү ыраазы болбосо аял күнөөлөрүнүн жазасын өтөгөндөн кийин Жаннатка кирет. Жаннатка бир гана ыйман келтирбегендер кирбейт. Мусулмандын күнөөсү көп болсо да акыры сөзсүз Жаннатка кирет. Куран-и каримде буюрулат: 

"Жакшы аялдар Аллахка баш ийишет жана күйөөлөрүнүн акыларын көзөмөлдөшөт. Күйөөлөрү жок кезде алардын намыстарын, мал-оокатын Аллахтын жардамы менен коргошот.” [Ниса 34]

Үйгө келгенде аялына салам берип ал ахывалын суроо керек, кайгысына же кубанычына орток болуу керек. Себеби, ал башкалардан үмүтсүз жана күйөөсү бир гана өзүнө көнгөн досу, дартын айтар жары, көңүлүн көтөрүүчү, балдарынын камкору жана ар түрдүү муктаждыктарын камсыздоочусу болуп саналат.

Хадиси шарифтерде айтылган:

"Акысыз аялын ургандын Кыяматта доочусу мен боломун. Аялына кол көтөргөн адам Аллах жана Расулуна аси болот.” [Р.Насыхин]

"Аялдарыңарга жапа чектирбегиле! Алар Аллаху тааланын силерге аманаты. Аларга жумшактык жана жакшылык кылгыла!” [Муслим]

"Аялына жылмайып караган эркектин дептерине бир кулду азат кылгандай сооп жазылат.” [Р.Насыхин]

"Аялы менен жакшы мамиледе болуп тамашалашканды Аллаху таала жакшы көрөт, ырыскысын арттырат.” [И.Лал]

Тынчтыктын ачкычы жылмаю 

Суроо: Кечке чейин тамак жасоо, кир жуу, тигүүчүлүк менен алектенем. Күйөөм келгенде бул чарчоомду кетирип эс алдыруусун каалайм. Эшиктен кабагын бүркөп кирет. Күлүмсүрөө деген нерсеси жок. Салам бербейт. Бир күн тамак туздуу болсо ачууланат, тамак жебейт. Эч качан мактоо дегенди билбейт. Дайыма кемчилик гана издеп турат. Бул адам канткенде оңдолот?

ЖООП
Күйөөсүн даттанган аялдар, аялдарын даттанган эркектер дарттарына дава боло ала тургандай бизден кеңеш күтүшөт. Биз ансыз деле дайым жазуудабыз. Аз болсо да өздөрүнүн бул нерселерге баш ийүүсү, дыкат болуулары керек. Жалпысынан уруш-чатакка эки тарап тең себеп болот. Эгер бири унчукпай кечирим сурай турган болсо араздашуу күчөмөк эмес. Эки тарап тең меники туура деп кайтпай турган болсо чыр азайбайт. Күнөө негизи эркектерде болот. Аялын башкара албаган эркек алсыз эркек. Аялын жаман жолго салган да эркектер. Аялдарын жаман жерлерге алып барат, кийин аялы жамандык кыла турган болсо күнөөнү аялына жүктөйт. Бул жерде аялда күнөө жок деп жатканыбыз жок. Бирок, негизги күнөөкөр күйөөсү. Ага жакшы атмосфера түзүп берүүсү керек. Эгер бул колунан келбей турган болсо үй-бүлөлүү болуу жоопкерчилигин өзүнө жүктөнбөөсү керек.

Эки тарап тең меники туура дейт. Мындай үйдө чыр-чатак бүтөбү? Бир эркек адам мындай деп жазат:

"Үйүбүз иретсиз. Аялым жакшы тамак жазабайт. Ичте балит, сыртка чыкканда кооздонот. Көп сүйлөөк, эс алуу дегенди билбейт жана өтө ыcрапкор.”

Бир нече сунушубуз бар. Бирок, бул сунуштан, насыйкаттан эмне чыкмак эле деген ойдо болбоо керек! Буга баш ийген. тыңдаган адамга көп пайда бар. Бир гана буга кулак салсын. Себеби, Куран-и каримде айтылат:

"Насаат момундарга албетте пайда берет”. [Зарият 55]

Хадис-и шарифте айтылды:

"Ахлагыңарды жакшырткыла” [Ибни Лал]

Ахлакты оңдоо мүмкүн болгондуктан ушинтип айтылган. Ансыз дагы дин бул жакшы ахлак дегенди түшүндүрөт. Ушундайча диндин буйругуна баш ийип, тыюу салган нерселеринен алыс болгон адам мүнөзүн өзгөртүп жакшы ахлактуу болот. Жакшы ахлактуу болгон адам эки дүйнөдө бактылуу болот. Эми негизги темага көңүл буралы!

Кемчиликсиз кул болбойт. Кемчиликсиз дос издеген доссуз калат, кемчиликсиз жубай издеген жубай таба албайт. Жигиттик - бул кемчиликтүү адам менен тил табышуу болуп саналат. 
Үйдө эч бир нерсеге кемчиликтүү деп карабоо керек! Сындоо, талашып-тартышуу бир уянын жыгылуусуна же ынтымаксыз абалга келүүсүнө себеп болот. Бир гана күйөө же аял эмес эч эч бир адам сындалууну жактырбайт. Ар ким мактоо күтөт. Жалпысынан алып караганда аялдар кооздукту жактырышат, кийим-кечесине көңүл бурушат. Эгер бир көйнөк алган болсо "Бул көйнөк сага сонун жарашты” деп айта турган болсок эч нерсебиз кемип калбайт. Себеби, динибиз аял менен ынтымакта жашоо үчүн жалган айтууга да уруксат берген. Ал эми чындык болуп турган мактоо сөздү да аянып отуруу бул акмактык болот.

Бир аял үчүн эң чоң бакыт күйөөсүнүн мактоо сөздөрүн угуу болуп саналат. Чынында аялдар жөнөкөй нерселерге да көңүл бурушат. Майрамдарда, мубарек түндөрдө, үйлөнүү юбилейлеринде аз да болсо белек тартуулоону унутуп койбоо керек!

Бир аял жылдар бою сонун тамактарды жасайт. Буга карабай күйөсүнөн кенедей да мактоо, рахмат угалбайт. бир күнү үстү жабык идиштин ичине саман салып тамактар менен бирге дасторконго коет. Күйөөсү идишти ачып саманды көрөр замат ачууланы кыйкырат:

- "Бул эмне кылганың, саманды киши жечү беле же мен эмне айбанмынбы?” - деп кызаңдайт. Ошондо аялы айтат: 

- Жылдар бою даамдуу тамактарды бышырып келем. "Күйөөм баары бир жакшы жаманды айырмалабайт. Алдына эмне койсом да жесе керек” деп ойлодум. Азыр болсо бир гана жамандыкты түшүнүп, жакшылыкты түшүнбөгөндүгүңдү көрсөттүң.
Жаманды сындоону билген адам жакшыны мактоону да билүүсү керек! Эгер мактоо колунан келбесе анда сындоодон да баш тартуу керек! Жактырган нерселерине рахмат айткандыгы сыяктуу жактырбаган нерселерине да рахмат айтуусу керек. Себеби, ал жактырбаган тамактарга да ошол эле энергияны, эмгекти жумшаганын унутпоо керек. 

Көчөдөгү чоочун адамдарга көрсөтүлгөн кичи пейилдиктин, жумшактыктын жок дегенде ондо бирин үйдө аял менен күйөө бири-бирине көрсөтүүсү керек! Оройлук сүйүүнү кетирип, тынчсыздыкка жол ачат. Мисалы, чоочун бир адамга "дайыма бир нерсени айта бересиң” дей айбайбыз, эч качан угуп көрбөгөндөй кайрадан сөзүн тыңдайбыз. Ошол эле учурда үйдө мындай мамилени кыла албай, эч угуп көрбөгөндөй тыңдай албасак, "бир нерсени эле кайра кайра айта бересиңби” деп айтып жаткан болсок кичи пейилдиктен канчалык алыстап калгандыгыбыз белгилүү болот.

Үйдөгү жарык маанай жумуштагы кичи пейилдиктен да маанилүүрөөк. Андай болсо мактаганды, күлүмсүрөөнү, рахмат айтууну билген үйдө эч качан келишпестик болбойт.

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) үйгө күлүмсүрөп кирип, салам берчү. Кайгы касырети болсо дагы күлүмсүрөөнү унутта калтыбоо керек! Себеби, "Лисан-ы хал, лисан-ы калдан энтактыр”, кыргызча айтканда: кыймыл-аракеттерибиз сөздөрүбүздөн да көп таасир берет. 

Ооба, күлүмсүрөөнүн отунда ээрибей турчу метал да жок. Көңүлдөрдү ээлөө күлүмсүрөө менен мүмкүн болот. Бир күлүмсүрөөгө туткун болгон эр жигит бир кыздын эч бир өзгөчөлүгүнө карабастан аны менен үйлөнүү деген катага өзүн курман кылышы мүмкүн.

Мусулман күлүмсүрөйт, мунафыктын кабагы карышып турат. Күлүмсүрөө бекер турат, алганды бактылуу кылат, бергенди капа кылбайт. Кээ бирде күлүмсүрөө өмүр бою эсте калат. Тынчтыктын ачкычы күлүмсүрөөдө. Күлүмсүрөөнү билбеген адам бечара адам. Күлүмсүрөөнү үйрөнүү дүнүйөдө жана акыретте бактылуу болууга себеп болот. продол

Аял менен ынтымакта жашоо керек.

Суроо: Үй иштеринде өтө бош, салиха аялым бар. Жай үтүктөйт, кирлерин абдан жай жууйт. Тамактары даамсыз, туссуз. Муну таштап төрт тарабы төп келген башка бирөө менен үйлөнсөм туура болобу?

ЖООП

Дин китептеринде жазылгандай аял кир жууга, тамак бышырууга, жада калса, баланы кароого да мажбур эмес. Мажбур болбогон иштерде аны кир жуугуч, ашчы, кызматчы сыяктуу колдонууга эч кимдин акысы жок.

Жер жүзүндө төгөрөгү төп келген аял болбойт. Бардыгынын жакшы тарабы болгондугу сыяктуу жаман тарабы жа болушу мүмкүн. Бир макал бар, "Элдин аялы кыз, элдин тоогу каз көрүнөт” деген. Аялдан көп нерсени күтүү динди билбегендиктин белгиси. Бир хадис-и шарифте: "Аялды түздөйм деп жатып сындырып алуу мүмкүн. Сынуу дегени ажырашуусу дегенди билдирет.” [Бухари]

Курани-и каримде адамдын башына түшкөн балээлердин кылган күнөөлөрдөн улам келе тургандыгы билдирилген. Фудайл бир Ийад хазреттери: "Аялымдын жаман мүнөзү кармаганда динге ылайык болбогон бир ишти кылганымды түшүнөм. Дароо ошол нерсеге тообо кылгандан кийин аялымдын да жаман кыялы токточу. Ушундайча тообомун кабыл болгондугун да түшүнчү элем”, - деген. Андай болсо мусулман эркек аялы менен жакшы мамиледе жашайт. Себеби, Пайгамбарыбыз айтат: 

"Аялыңарды таарынтпагыла. Алар – Аллаху тааланын силерге берген аманаты. Аллахтын аманатына жумшак болгула, жакшылык кылгыла! [Муслим]

Ошондуктан, кимдин аманаты экендигин ойлонуу керек, Аллахтын аманатына кыянат кылбоо керек. 

Эркектер дайыма өздөрүн кемчиликтүү көрүүлөрү керек. "Эгер мен жакшы болгонумда ал мындай болмок эмес” деген ойдо болуу керек. Аялынын жакшылыгын, ар-намыс уяттуулугун Аллаху тааланын чоң ниматы деп билүү керек. Анын жаман кыялдарына жакшылык менен жооп кайтарып, жакшылыгы көбөйүп ар ишти кубануу менен кылып жаткан болсо ага дуба кылуусу керек жана Аллаху таалага шүгүр кылуусу керек. Себеби, ылайыгы төп келген аял чоң жакшылык. Жакшы мамиле кылуу бул бир гана аны таарынтпоо эмес ал тарттырган кыйынчылыктарга да чыдоо дегенди билдирет. Б.а., бир эркек мен мыкты күйөөмүн деп ойлонгон болсо аялынан келе турчу кыйынчылыктарга да чыдоосу керек. Бир хадис-и шарифте мындай деп айтылат: 
"Аялынын жаман мүнөздөрүнө чыдаган эркек балээлерге сабыр кылган Эййуб алейхиссалам сыяктуу сыйлыктарга ээ болот. [И.Газали]

Жакшы мүнөздүү болуу үчүн аялы менен ынтымакта жашоо шарт. Себеби, Аллаху таала: "Алар менен жакшы мамиледе жашагыла”, - деп буюрууда. (Ниса 19)

Жакшы мамиледе жашоо деген эмне? Жакшы эркек бир гана аялына жамандык кылбаган эркек эмес, аны менен бирге андан келе турчу кыйынчылыктарга да чыдайт. Эгер эркек аялынан келген кыйынчылыктарга чыдай албай жаткан болсо жакшы адаммын деп айта албайт, буга акысы да жок. 

Муршид-и камил богон улуу заттар шакирттерине: "Аялын таарынткан адамды жакшы көрбөйбүз. Аллаху таала үйдүн ичин аялга берди. Бир эркек үй ичине канчалык кийлигишсе дүнүйө жана акыретте көп кыйынчылыктарды тартат”, - деп айтчу эле. Эки хадис-и шарифте: 

"Ыйман жагынан эң үстөм момун аялына эң жакшы мамиле кылганы.” [Тирмизи]

"Жубайынын акыларына көңүл бөлбөгөн адамдын намаздары, орозолору кабыл болбойт.” [Муршид-ун-ниса]

Эркек адам аялынын тамагына кийлигишпейт, тазалыгына кийлигишпейт, үтүгүнө, буюмдарынын иретине кийлигишпейт. Анын дүнүйөсү – үйү. Каалаганын кылат. Тамак жасабаган болсо эч нерсе эмес айранга нан туурап ичебиз деп айтуусу керек. Туздуу же тузсуз тамак болсо унчукпайт. Тамак күйүп кеткен болсо көрмөксөн болуу керек. Ушундай эркекке аялы таң берип, тескерисинче өзү уялып ишин оңдоого аракет кылат. Эмне үчүн мындай кылдың дей турган болсо иш нугунан чыгып кетиши мүмкүн. Аял алсыз болгондуктан тез таарынат, тез кубанат, көз ачып-жумгуча көп нерсени алып ыргытат. Бардык жакшылыктарын унутат. Ошондуктан, ажырашуу акысы эркекке берилген. Эркектен да бекемирээк аял болушу мүмкүнбү? Албетте, болот, бирок, чанда болчу нерселер жалпы эрежелерди буза албайт.

Дагы да улуу заттар айтышат:

"Аял үй кызматчысы эмес, султан. Аялын таарынтуу акылы бар адамдын кыла турчу иши эмес. Бир мусулмандын аялын таарынтуусу акылга сыйбай турган нерсе. Акылдуу күйөө жубайлар бири-бирини таарынтышпайт. Өмүрлүк жан жолдоштун көңүлүн оорутуу акмактыктын белгиси. Заалым, жаман кыялдуу адамдын жубайы дайыма капалана берип нерви бузулат. Нерв оорусуна чалдыгант. Нерв бузулганда артынан ар түркүн оорулар пайда болот. Өмүрлүк жолдошу ооруга чалдыккан жубай бактысы бүткөн болуп саналат. Жубайынын кызмат жана жардамдарынан куру калган болот. Өмүрү анын дарттарын угуу менен, ага доктур чакыруу менен, мурда көнбөгөн кызматтарды аткаруу менен өтөт. Бардык ушул балээлерге, бүтпөгөн кыйынчылыктарга өзүнүн жаман кыялы себеп болгон. Тилекке каршы, канчалык тизесин чапканы менен анын эч бир пайдасы болбойт. Ошондуктан, жубайына кыла турган жаман мамилесинин зыяны акыры келип өзүнө тийет. Ага карата дайым жумшак сөздүү жана жарык жүздүү болууга аракет кылуу керек! Муну аткара алган адам ырахат жана тынятык ичинде өмүр сүрөт, Аллаху тааланын ыраазылыгын да табат!”

Бир аялга кашың мындай, көзүң мындай, кыскасы, кебетең суук деп айтуу өлтүрүүдөн да бетер катуу тиет. Достордон бири айтат: 

Жакын бир тууган бир аял: "Күйөөм мага карасың, балитсиң деди. Эч качан "Сулуусуң, сени сүйөм” деп айткан эмес, дайым жаман тарабымды айтты, сырттагы адамдардан жылуу сөз укканда көңүлүм ошол адамдарга бурулду, күйөөмөн сууп калдым”, - деди. Бул абалды жакшы билген бир дос уулуну үйлөндүрөрдө: "Балам, абайла, жубайың менен урушсаң, жаман сөз айтсаң да ага сенин түрүң суук дебе, дайыма сулуусуң деп айт”, - дей турган. Кызым менен апасы уруша кетсе кыз мага: "Ата, бул айылдык немени кайдан таап үйлөнгөнсүң”, - деп айтат. Мен болсо: "Апаң сулуу болчу, ошондуктан алдым”, - дейм. Уруш дароо токтойт. 

Эгер мурда үйлөнгөн болсо аялы бул тууралуу сураса дагы сөз кылбоосу керек. Эски жубайынын атын үйдө эч качан айтпоо керек. Бир күнү Пайгамбарыбыз кайтыш болгон Хазрети Хатижа энебизди эскергенде аялдардын эң жогору даражалуусу богон Аиша энебиз дагы таарынды. Эгер Ал таарынган болсо ким таарынбасын?

Аял-эркек ынтымакта жашоо үчүн жалган айта алат. Бир хадис-и шарифте: "Күйөөсү аялын, аялы болсо күйөөсүнүн тилин табуу үчүн жалган сүйлөсө күнөө болбойт”. [Муслим]

Ибни Эркам хазретлери Хазрет-и Умарга: "Жубайым мени сүйбөгөндүгүн айтты. Мени сүйбөгөң бир аял менен бирге жашай албайм, ажырашкым келет”, - деди. Хазрет-и Умар аялдан сурады: 

- Күйөөңө сени сүйбөйм дедиң беле?

- Ооба дедим.

- Эмне үчүн?

- Менден сурады. Мен да жалган айта албадым. Бул жерде жалган айтууга болот беле? 

- Албетте, бул жерде жалган айтууга уруксат бар. Бир аял күйөөсүн сүйбөсө да анын көңүлүн оорутпоо үчүн жалган сүйлөсө күнөө болбойт. 

Аялдын тилин табуу, аны харамдан коргоо, көңүлүн көтөрүү биринчи вазыйпа болуу керек. 

Олуя заттар айтышат: 

"Шакиртке эмне кылынса устазына тийет. Балага кылынган бир нерсе атага кылынган сыяктуу. Жакшылык дагы, жамандык дагы.” 

Ошондуктан, улуулардын көңүлдөрүн оорутпоо үчүн салиха аял менен ынтымакта жошообуз керек. 

Салиха аял табылбай турган нимат, Жаннат ниматы. Жаннат ниматынын кадырын билүү, коргоо ар бир мусулмандын вазыйпасы болуу керек. 

Балдарды уруш-талаш, стресс болгон атмосферада калтырбоо керек. Эртеңки күндүн улуу адамы сыяктуу жетилдирүү керек. Болор болбос нерселерди өзүбүзгө, бала-чакабызга зыян кылып албашыбыз керек. Тынчы жок үй-бүлөнүн балдары менен эч ким уул-кызын үйдөндүрүүнү каалабайт. Бул дагы өзүнчө бир тема болуп саналат.

Башка түшчү бардык кыйынчылыктар өлүмдү унутуудан, хак менен укукка көңүл бурбагандыктан, динге баш ийбегендиктен болот. Бир зат айтат:

"Бир күнү мага достордон бирөө келди. Аялы менен эч тил табыша албайт экен. Үйдө күн сайын болор болбос нерселер үчүн талаш-тартыш боло берип, мындан тажап бүтүптүр, аны менен ажырашмак болот. Булардын талаш-тартышынан улам бир туугандары да бири-бири менен урушушат. Аялы күйөөсү тарапка, бул дагы аялы тарапка душман болот. Кандуу, бычактуу деп айтышат го, дал ошондой жагдайга туш болушат. Дагы бир күнү өтө жаман абалда келди, эч бир акыл уга турчу абалда эмес. Йа, Рабби, мен буга эмне деп айтсам деп ойлондум. Кийин ага: "Ажырашсаң да өзгөрө турчу эч нерсе жок, бир айлык өмүрүң калды, бар, эмне кылсаң ошо кыл”, - дедим. Бул сөздү уккан дос эси ооп, өңү өзгөрүп жаман абалда чыгып кетти. 
Кийин достордон жана өз оозунан уккандыгым үчүн айтып берейин. Эшиктен чыгары менен эң жакын достору менен адалдашып баштаптыр. Кимди көрсө ошолор менен адалдашып, кечиримдерин алыптыр.  Үйгө барганда урушуп калган аялына: "Кел эми, ушунча убакыт сени таарынттым, сага жакшы күйөө боло албадым, каалаган нерсеңди алып бере албадым, акыңды сактай албадым, мени кечир, акыңды мага адал кыл”, - деп айтат экен. Албетте, мунун чындап ыйлоо менен айтат. Аялы карайт, ээ Кудай, бул адамга эмне болду деп кайта ага боор ооруп, андан көрө сен менин акымды адал кыл, кечир, дайым адепсиздик кылып сенин көңүлүңдү ооруттум дейт. Бири-бирин кучактап ыйлай башташат. Кийин күйөөсү урушуп калган кайын эне кайын атасына барыптыр. Аларга да барып ыйлап кечирим сурап, силерге балалык милдетимди аткара албадым, кызмат кыла албадым акыңарды жеген болсом мага адал кылгыла дейт. Алар дагы кайрадан буга боор ооруп, балам аны коюп сен бизди кечир, улуулук милдетибизди кылбай тескерисинче силерди уруштурдук го, кемчиликтериңерди кечиргенди ойлободук, акыңды адал кыл деп боорлоруна басат. Аялы дагы кайын эне кайын атасына барып ушундай эле адалдашып, кечирим сурайт. Алар дагы өткөн ишке абдан өкүнүшүп, уялышып, аны коюп сен бизди кечир деп кучакташып ыйлашат. Үйдө болсо жашоолору дайым Жаннаттагыдай сезилет. Күйөө менен аял бири-бирине кызмат кылат, бут кийим жана башка нерсе алышат. Бир айткандары эки болбойт. Бирок, тиги дос мен айткан нерсени аларга эч айтпаптыр. Бир ай бүткөнчө күн санап жүрөт. Күн өткөн сайын мунун жакшылыгы көбөйөт, түнү ибадат кылат. Мунун жакшылыгы көбөйгөн сайын аялы менен үй-бүлөлөрүнүн да жакшылылыктары көбөйө берет. Дегенче болбой бир ай толот. Бүгүн өлөм деп күтүп отуруп өлбөй калат. Дал бир деп айтылган жок, бир айга чейин деп айтылды, балким бир канча күн бар чыгар деп ойлонот. Бир нече күн күтөт, дагы эле өлбөйт. Кийин жаныма келди, бөлмөгө киргенде эле:

- Мен өлгөн жокмун”, - деди.

- Эмне, өлүм дейсиңби? - дедим.

- Бир айчалык өмүрүң калды деген элеңиз го? - деди.

- Иним, мен сенин качан өлө турганыңды биле албайм, бирок, бир күнү сөзсүз өлө турганыңды билем. Өлө турган адам чыр-чатак менен өмүрүн азапка салбайт. Азыр жашооңо ыраазысыңбы? – дедим.

- Ооба, эч урушкан жокпуз, - деди.

- Бар анда, жашооңорду ушинтип уланткыла, - дедим. Эки балалуу болушту, гүл сымал суктанарлык үй-бүлө болуп жашап жатышат. Маселенин бардыгы өлүмдү унутууда. Бул окуя адам өлүмдү унутканда эмне боло тургандыгына, унутпаганда эмне боло тургандыгына ачык бир мисал болот алат.” 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш