Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аял акысына байланыштуу ар-кыл суроо-жооптор




Аял акысына байланыштуу ар-кыл суроо-жооптор


Суроо: Аял менен ажырашканда да махрын бериш керекпи?

ЖООП

Аялы менен ажырашкан эркек аялынын махрын берүүсү керек. Махр – бул кул акысы. Пайгамбарыбыз күнөөлөрдү, харамдарды санап жатып буюрат: 

"Кумары канганда аялын таштап махрын бербөө. Иштеткен ишчисине эмгек акысын бербөө. Зыяны жок айбанды себепсиз өлтүрүү.” [Хаким]

Эркек аялын ахлагы жаман болгондугу үчүн да кетирген болсо махрын бериши керек. Бала эркекке берилген болсо аялга өзүнчө нафака берилбейт. 

Суроо: Үйлөнгөнүбүзгө жети жыл болду. Күйөөм менен бирге боло албадык. Кыскасы, күйөөмдө кемчилик бар. Эми ажырашууга чечим чыгардым. Дин жагынан алганда ажырашууну каалоом күнөө эмеспи? Күйөөм ажырашууну каалабайт, ажырашкым келет десем ыйлайт. Доктурга да кайрылбайт. Психологиялык дарты бар. 

ЖООП

Саадат-и Абадиййа китебинде жазылат: 

"Өзүндө кемчилик болбогон аял күйөөсүнүн эркектик дарамети жок экендигин билсе никенин бузулуусу үчүн көп убакыт өтсө дагы арыз берсе болот. Эркек кабылдабай турган болсо казы, б.а., сот бир доктурга дарылантат. Аялдын боюна бүтпөсө бир жылдан кийин кайрадан дарылатат. Дагы боюна бүтпөгөнүн көрсө ажыраштырат (тефрик кылат). Махрын толук берет жана аялдын да иддет күтүүсү керек болот. Бир жолу жима кылганда (катнашта болгондо) аялдын доо ачуу акысы болбосо да бирден көбүн калтыруусу күнөө болот. Импотенция, карылык, жыныс оорулары же сыйкыр себеби менен жима кыла албаган болуп саналат.” 

Суроо: Күйөөмдүн карызы бар. Мен дагы бул карызды төлөп, кыйын жагдайдан кутулуу үчүн мусулман эмес аялдар менен иштеп жатам. Бул туурабы? 

ЖООП
Аял иштөөгө мажбур эмес. Өз каалооңуз менен эркектер болбогон жер бар болсо, күнөө нерселер болбогон иш мүмкүнчүлүгү бар болсо иштесеңиз болот. Күйөөңүздүн карызы сизге тийиштүү эмес. 
Суроо: Күйөөм бай. Өзү да жакшы кийинбейт, бизге да албайт. Мунусу туурабы?

ЖООП
Бай адамдын өз жагдайына ылайык кийинбөөсү жана үйдөгүлөргө ошондой мамиле кылуусу туура эмес. Хадис-и шарифте айтылды:

"Аллаху таала сага бир мал-оокат бергенде бул нимат жана сыйдын эсеби сенин үстүңдө көрүлсүн. [Абу Давуд]

"Аллаху таала бириңерге мал-оокат ихсан кылганда аны берүүнү алгач өзүнөн жана үйүндөгүлөрдөн баштасын.” [Муслим]

Суроо: Күйөөм мени Австралияга алып барууну каалап жатат. Бул жерде тааныштарыбыз көп. Жагдайыбыз да жакшы. Мен болсо эч тааныбаган мусулман эмес мамлекетке алып барба деп каршы болуп жатам. Жакындарым күйөөгө каршы чыгуу күнөө деп айтышууда. Бул жерде каршы чыгууга акым жокпу, мени алып барба деп айтуум күнөөбү? 

ЖООП

Бул маселеде кары болууңуз күнөө болбойт. Хиндиййада: "Заманыбызда аял каалабай турган болсо эркек аны башка мамлекетке алып кете албайт”, - деп айтылууда. Ушуну алып караганда кандайдыр бир зарылчылык болбосо алып барбоо керек, ынтымактын кетүүсүнө себеп болбоо керек. Ал жерде ырахат боло турган болсоңуз сиз ансыз деле каршы болбойсуз. Мындай иштерде түшүнүшүү менен бир чечимге келүү керек. 

Суроо: Аялды башка жерге алып кетүү жакшы эмес деп айтылууда. Мен аялымды Бишкектен Нарынга, Таласка алып бара албаймбы? 

ЖООП
Кыдыртуу максатында каалаган жерге алып бара аласыз, албетте. Аны Нарынга же Таласка жайгаштырып өзүңүз зарылчылыксыз Бишкекте жашаганыңыз ылайык эмес. Аны өзүңүз жашаган жерге, бир туугандарынын жашаган жерине жайгаштырууңуз керек. Ошондой эле, эгер аял ыраазы болбосо аны өз жериндеги бир туугандарынын арасынан алып башка жерге жашоого мажбурлоо да ылайык эмес. 

Суроо: Эркек эгер аялы ыраазы болбосо да аялынын боюна бала бүтүп калбаш үчүн чара көрсө болобу же аялын буга чара көрүүгө мажбурлай алабы?

ЖООП
Жок.

Жоопкер төрт эркек

Суроо: Жаханнамга бара турчу аял өзү менен бирге күйөөсүн, атасын, бир тууганын жана уулун кошуп төрт эркекти да бирге Жаханнамга ала кирет экен. Бул төрт эркек бул аялдын кайсы абалдарына жоопкер болот? 

ЖООП
Тыюга күчү жете турган бардык күнөөлөрүнөн жоопкер болот. Атасы, бир тууганы бала кезинде эле ага Ахли сүннөт акыйдасын үйрөтүүлөрү керек, намаз окутуулары, тасаттурга көңүл бөлүүлөрү, харамдардан жана алдыда харам иш кылуу
суна себеп боло турчу иштерден алыс кармоо керек. Үйлөнө турчу чагы келгенде динин билген салих бирөө менен үйлөнтүү керек. Мындан кийин күйөөсүнүн жоопкерчилиги да башталат. Уулдуу болуп жана ал да акылга балакатка толгондо анын да жоопкерчилиги башталат.

Нафака акчасы

Суроо: Күйөөм мага чыгымдарга деп акча бербейт. Үй муктаждыктары үчүн таштаган акчалардын бир бөлүгүн өз жакындарыма ала турчу белекке жумшоом жаизби? Ошондой эле кайненемдин өмүрлүк жолдошу жок, кедей болгондуктан биздин жаныбызда жашайт. Кайненем уулунун чөнтөгүнөн акча алып сарптай алабы?

ЖООП

Эркек киши жубайынын же энесинин акчасын алардын уруксаттарысыз сарптай албагандай эле сиз да, кайненеңиз да күйөөңүздүн акчасын анын уруксатысыз сарптай албайсыз. Нафакага кирген тамак-аш жана кийим-кече албай жаткан болсо, ачка калтырып жаткан болсо ошондо бир гана нафака өлчөмүн алуу жаиз болот, себеби, эркек жубайынын нафакасын берүүгө мажбур.

Уруксатсыз ажылыкка кетүү

Суроо: С.Абадиййа китебинде: «Жубайынан уруксатсыз сапарга, жада калса, ажылыкка барбоо керек», - делүүдө. Бул жерде кетүүсү харам дегенди түшүндүрүүдөбү же жубайы менен жакшы мамиледе болуусу үчүн уруксат алуусу керек дегенди түшүндүрүүдөбү?

ЖООП

Жакшы мамилени сактоо үчүн уруксаты менен кетүүсү керек деген маанини билдирүүдө. Эгер, эркек нафака калтырбаган болсо жубайынан уруксатсыз ажылыкка кетүүсү да харам болот. Нафака калтырган болсо уруксат бербесе да кете алат.

Башка шаарга отурукташуу

Суроо: Жубайын таштап башка шаарга отурукташуу күнөөбү?

ЖООП

Себепсиз отурукташуу күнөө.

Жаназа чыгымы

Суроо: Күйөөсү бар аял көз кайтыш болсо жаназа чыгымдарын ким берет?

ЖООП

Жаназа чыгымы нафакага киргендиктен күйөөсү берет. Аялдын мурасын алгандардын берүүлөрү керек эмес.

Жалпы уруксат

Суроо: Жубайыма үйдөгү оокаттарды, тамак-аштарды кошуналарга бере алуусу үчүн, каалаган кошунаныкына отурууга баруусу жана зарыл учурда дүкөндөн бир нерселерди алуусу үчүн уруксат берүү орундуубу?

ЖООП

Салиха жана ишеничтүү жубайга бул сыяктуу нерселерди кыла алуусу үчүн жалпы уруксат берүү керек. Бир жолу уруксат берсе жетиштүү болот, ал уруксат кайра алынмайынча өмүрүнүн акырына чейин уруксаттуу болуп саналат.

Сүйүү бул баш ийүү болуп саналат

Суроо: Жубайым үйдө такыр кызмат кылбайт. Мага: «Мени жакшы көрбөйсүңбү?» - деди. «Ооба», - дедим. «Сүйгөн сүйүктүүсүнө баш ийет. Үйдө айкандарымды орундабайсың. Мага баш ийбей жаткандыгыңа караганда жалган айтып жатасың», - деди. Дагы бир жолу: «Мен сени жакшы көрбөйм», - дедим. «Жакшы көрбөсөң менден кызмат күтүүгө акың жок», - деди. Киши сүйгөнүнө баш ийиши керекпи? Мышыкты, күчүктү жакшы көрсөм аларга баш ийишим керекпи?

ЖООП

«Сүйгөн сүйүктүүсүнө баш ийет» деген сөз ар ким үчүн эмес, Аллаху таала, Пайгамбарыбыз, муршиди камилдер жана мусулман башчылар үчүн айтылган. Бир киши Аллаху тааланы сүйөм деп жаткан болсо жана ал сөзүн чын дилден айтып жаткан болсо, анда Аллаху тааланын буйруктарына жана тыюу салган нерселерине көңүл буруусу керек. Аллаху тааланын буйругуна баш ийбеген кишинин «Мен Аллахты өтө сүйөм» деп айтуусу албетте чын дилден алыс.

Улуулар кичинелерди жакшы көрсө кичинелердин буйруктарына баш ийилбейт. Мисалы, небере чоң атасына: «Чоң ата, мени жакшы көрсөң мени жетинчи кабаттан төмөн ыргыт!» - десе, чоң атасы муну далилдеш үчүн небересинин сөзүнө баш ийип аны ыргытып жиберсе бул киши өлтүрүү, кылмыш болот.

Динибизде үйдүн башчысы, амири – эркек. Аял күйөөсүнө «Мени жакшы көрсөң сөзүмө баш ий», - дей албайт. Муну амир болгон эркек гана айта алат.

Аял үйдүн султаны

Суроо: Жаңы үйлөнгөн бир достун жубайы күйөөсүнө мындай дейт экен: «Динибизде аял үйдүн султаны, үй иштерин кылууга мажбур эмес. Кир жуубайм, үйдү тазалабайм. Кылсам ихсан болот. Бирок, ихсан кылууга да мажбур эмесмин. Тамак да бышырбайм, мени ресторанга алып бар. Айт күндөрү мен сенин эне-атаңа барбайм. Аларды көрсөм тынчым кетет. Сенин барууңду да каалабаймын. Алар менен көрүшкөндө сен да бузулуп, өзгөрүп кетесиң. Менин эне-атама бар, себеби, алардан эч бир зыян жок, тескерисинче, энергия аласың. Мен ансыз деле күн сайын аларга бара алам, мага кийлигише албайсың.»

Бул доско кандай кеңеш айта алабыз?

ЖООП

«Аял - султан, үй иштерин кылууга мажбур эмес» деген сөз туура. Кадырлуу китеп болгон Ширатул Исламдагы «Аял нан бышырат, жаргылчакта буудай тартат. Эгер ооруса же ашрафтын кызы болсо күйөөсү бул иштерди орундай турчу кызматчы алат. Эгер өзү орундай ала тургудай болсо буларды кылууга мажбур кылынат» деген сөздүн түшүндүрмөсүндө «Бул жердеги мажбурлук диний мажбурдук эмес. Үй-бүлөдөгү бакытты камсыздоо үчүн каадалык (мыйзамдык) мажбурлук. Эркектин дагы дин жагынан мажбур болбогон кээ бир нерселерди каадалык жактан кылуусу керек болот. Мыйзамга баш ийишпесе важибди ташташкан болот», - деп буюрулган. Демек, үй-бүлөнүн бакыты үчүн аялдын үй иштерин орундоосу важиб болууда.

«Султан болгон киши кызмат кылбайт» дебеш керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ааламдардын султаны эле. Сахабалары менен демалууда бышырыла турчу тамак үчүн отун жыйнаган.

Ооба, аял ихсан кылууга мажбур болбогонундай эле эркек дагы ихсан кылууга мажбур эмес. Андай мамиле кылган аялды ресторанга алып барууга мажбур эмес. Эркек өзү каалаган жерде тамагын жей алат, үйгө болгону айран менен нан алып келсе да болот. Аял бышкан, ысык тамак жегиси келсе өзү бышырат, бышырбаса алып келген нерселерге жетинүүсү керек.

Аял диндин буйругун алдына салып, динге ылайык жашагысы келип жаткан болсо анда диндин буйруктарын билдирели:

Үйдүн башчысы - эркек. Аял күйөөсүнүн динге каршы болбогон ар бир буйругун орундоосу керек. Эркек аялына «Үч саат отурба десе» ошентип туруусу керек. Эркек мындай кыйын жана жаңылыш буйрук берсе күнөөгө кирет, бирок, аял баары бир муну орундоосу керек. Бир нече хадиси шариф:

«Бир эркек аялына кызыл тоодон кара тоого, кара тоодон кызыл тоого жүгүрүүсүн буйрук кылса аял бул буйругун орундоосу керек.» [Тирмизи, Несаи, Ибни Маже]

«Эгер адамга сажда кылуу керек болгондо аялдын күйөөсүнө сажда кылуусу керек болмок. Себеби, Аллах эркекти аялдан үстөм кылып жаратты.» [Несаи, Тирмизи, Абу Давуд, Ибни Маже, И.Ахмед, Беззар, Хаким]

«Аял күйөөсүнүн акысын өтөмөйүнчө Аллахтын акысын өтөгөн болбойт.» [Таберани]

«Аял күйөөсүнүн төшөгүн таштап түн өткөрсө таңга чейин периштелер ага лаанат кылышат.» [Бухари]

«Эркек төшөгүнө чакырса аял келбесе таңга чейин периштелер ага лаанат кылышат.» [Муслим]

«Бир аял күйөөсүнүн уруксатысыз үйүнөн чыкса күйөөсү ыраазы болгонго чейин бардык нерсе ага лаанат кылат.» [Бухари, Муслим]

«Аял күйөөсүнүн уруксатысыз үйгө эч кимди киргизе албайт.» [Таберани]

Хазрети Сафвандын аялы: «Йа, Расулаллах, намаз окуганымда күйөөм мага ачууланып урууда», - деп арызданды. Хазрети Сафван болсо: «Тыюу салсам да болбой ал бир рекетте узун эки сүрө окуп жатат», - деди. Расулуллах аялга: «Кыска, бир сүрө окуу жетиштүү», - деп буюрду жана күйөөсүнүн буйругуна моюн сунуусун билдирди. (Абу Давуд)

Бир аяти кариманын мааниси мындай:

«Эркектер аялдарынын үстүндө хаким. Себеби, Аллаху таала кээ бир кулдарын кээ бирлеринен үстөм кылып жараткан. Анын үстүнө, эркектер өз мал-мүлкүн алар үчүн сарпташат. Аялдардын жакшылары Аллаху таалага баш ийишет жана күйөөлөрүнүн акыларына көз салышат. Күйөөлөрү даяр эмес кезде алардын намыстарын, мал-мүлкүн Аллахтын жардамы менен коргошот. Кыянаттык кылуусунан корккон аялдарга күйөөлүк акыларын үйрөткүлө жана таттуу сөздөр менен насаат кылгыла! Аларды төшөгүңөрдөн бөлгүлө. Дагы оңолбосо жеңил ургула! Оңолсо аларды капалантчу нерсе кылбагыла! [Ниса 34]

«Турмуш орток» деген сөз туура, бирок, бул аял да барып акча тапсын дегендик эмес. Мунун мааниси «Эркек барып акча тапсын, керектүү нерселерди алып келсин, аял дагы үйүндө бош отурбастан үй ичиндеги аялдык милдеттерин орундасын» дегенди түшүндүрөт. Эркектин милдети сырттагы иштерди, аялдын милдети үй ичиндеги иштерди кылуу. (С.Абадиййа)

Эркек жубайынын үйүндө жана сыртында башкалар үчүн акчага же кайыр үчүн иштөөсүнө жана  ваазга баруусуна кедерги болот. Аялдын үйдө үй иштери менен алек болуусу, бош калбоосу керек. Аял үй иштери менен алек болуусу керек, талаада, заводдо, банкта, базарларда, ишканаларда иштетилбөөсү керек. Жаман достордун, мунафыктардын күлүмсүрөгөн жүздөрүнө, таттуу сөздөрүнө алданбай, илмихал китептерине уйуусу керек. Аялдын милдети  - үй ичиндеги иштерди кылуу. (Ислам Ахлагы)

Ибрахим Хаккы хазреттери аялдын күйөөсү менен болгон сукбат жана мамилесинин адептерин мындайча билдирүүдө:

Күйөөсү ичкери киргенде өйдө туруп, күйөөсүн күлүмсүрөгөн жүзү менен тосуп алуусу керек. Күйөөсүнө «Кош келипсиң мырзам» деп, үстүндөгү палтосун алуусу керек. Ар буйругунда жана ишинде күйөөсүнө моюн сунуусу керек. Андан уруксатсыз үйүнөн бир жерге кетпөөсү керек. Күйөөсүнүн кийимин тазалап, тамагын бышыруусу керек. Күйөөсүнөн уруксатсыз нафил орозо кармабоосу керек. Сулуулугу жана мал-мүлкү менен күйөөсүнө мактанбоосу керек, кийинүү жана тамактануу иштеринде күйөөсүн таарынтпоосу керек. Үнүн күйөөсүнүн үнүнөн бийик чыгарбоосу керек, ага азап чектирип жашоодон тажатпоосу керек. Күйөөсүнүн жанында жана аркасында ага дуба кылып, аны мактоосу керек. Бир гана күйөөсү үчүн жасануусу керек. Күйөөсүнүн намысын жана мал-оокатын коргоосу керек. Намахрам бирөөнө көрүнбөөсү керек, андан уруксатсыз эч кимге бир нерсесин бербөөсү керек. (Ислам Аалымдары Энциклопедиясы)

Эркек үйдүн тынчтыгын камсыздоо үчүн ордуна жараша аялына мамиле кылуусу керек. «Үй иштерин кылгың келбейт, анда сулуу кызматчы кыз табалы да, намахрам болбоосу үчүн никесин да кыйып алалы» десе балким ынсабы ойгонуп «Тамашалап жатам, сен да баарын чын көрө бересиң!» деши мүмкүн жана жумушун орундоосу мүмкүн.

Натыйжада үйдүн башкаруусу эркекке тийиштүү. Эркек бүткөн жерде аял башталат, ошондо кыйынчылыктар арты-артынан келе баштайт. Ошондуктан, эркек үй башкаруусунда артка кетенчиктеп өз багытын алдырбастан дыкаттуу болуусу керек. Бир доктур сыяктуу, бир шоопур сыяктуу дыкат кыймылдоосу керек. Доктур оорулууга орду келгенде диета кылдырат, сунуштарын берет. Орду келсе дары берет. Орду келсе жарасын таңат, орду келсе операция кылат. Кыскасы, ар качан, ар кандай абалына жараша мамиле кылат. Шоопур да ушундай. Бир гана газды баса бербейт. Дайым түптүз кете бербейт. Жолго жараша, абалга жараша газды басат, тормузун басат, бурулуш кылат, түз кетет. Эркек дагы ушулар сыяктуу абалга жараша кыймылдайт. Бирок, буларды кылып жатканда көңүл сындырбоосу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш