Перзентиңиздин ката
кылуусуна уруксат бериңиз. Анткени, ката кылган сайын баланын жашоо тажырыйбасы
көбөйөт. Тажырыйба адамды чоң ийгиликтерге жеткирүүчү каражат. Бала бир
нерселер менен алпурушкан сайын колунан келе турган ишти таап алат. Эгер
эне-ата дайым "Токто, балам, бул сен кыла ала турган иш эмес. Абайла
кызым, бул сенин колуңан келбейт. Өзүм кыламын” деп дайым кедерги боло берсе
балдар жашоонун кийинки этаптарында дагы бирөөнүн колун карап, башкалардын
жардамын күтүүнү адатка айлантып алат.
Чектен тыш кароо, чектен
тыш коргоо астында чоңойгон бала өзүн да, өз жөндөмдүүлүгүн да ача албайт.
Андай балдарда өзүнө болгон ишеними жоголуп, эч бир нерсеге батына албаган
коркокко айланат. "Колуман келбесе керек” же "ката кетирип койсомчу”
деген ой дайым анын тынчын алат. Ар бир иште кандайдыр бир көмөкчү табылып
калар бекен деп, айлана-тегерегин коркуп карап, убайымдуу болуп калат. Жашоонун
чындыктары менен бетме-бет келүүдөн чочулай турган, ар кадамынан корко турган,
көз карандысыз чечим кабыл алуудан алсыз, эч нерсеге жарабаган жана бошоң
адамга айланат. Мына, ушундай үй-бүлөдө чоңойгон перзент, өзгөчө эркек бала
өмүр бою мунун азабын тартууга мажбур болот.
Эне-атанын чектен тыш
баласына мээримдүүлүгү үй-бүлөнүн рахатын бузуучу эң чоң душман экенин
унутпагыла! Чектен тыш мээрим жашоонун бир калыпта жүрүшүнө залал тийгизип,
перзенттин жүйөлүү өсүп-жетилүүсүнө терс таасирин тийгизет. Перзентине чектен
тыш камкордук кылган, жада калса, аны жашоодон коргоого аракет кылуучу
"бапесчил” эне-аталардын башына келе турган кайгылар мына булар болуусу
мүмкүн:
- Балага тийиштүү
милдеттерди дагы өздөрү кылгандыгы үчүн бала жашоого эч качан даяр болбойт.
Натыйжада өмүр бою эне-атасына жүк болот.
- Бала эркеликти жашоо
образындай кабыл кылат. Ар каалоосуна эркелик жана тентектик менен жетүүгө
көнүп калат. Ошондуктан, эч кимден жакшылык көрбөй, таттуу сөз укпай калган
кезде депрессияга кабылат.
- Балага анын
жөндөмдүүлүгү, кызыгуусу назарга алынбай, жалгыз "мээрман” эне-ата
жактырган окуу, кесип тандалат. Андай перзенттер эч бир кесиптин ээси боло
албайт.
- "Бапесчил”
эне-ата перзентинин жашоосуна, табитине, үй-бүлөсүнө чектен тыш "кийлигише
бергендиги” үчүн перзент эч качан бактылуу боло албайт.
- Балдар чоңоюп, көз
карандысыз жашоого кадам басканда да "бапесчил” эне-ата "баламдын колунан
келбейт, жардам беришим керек” деген убайымдан кутула албайт.
- Бала өлүмгө, ажырап
калуу сыяктуу жашоо сыноолоруна даяр болбойт. Ачуу чындыктардын алдында оор
психологиялык жаракаттарды алат.
- Бапесчил үй-бүлөлөр
перзенттерине "бакыт-таалайды” дайым өз колдору менен жасап берүүгө аракет
кылышкандыгы үчүн бактылуулуктун негизги себептерин колдон чыгарышат. Мындай
эне-аталарды келечекте күтүп турган эң чоң коркунуч карыганда жалгыз калуулары.