Суроо: Үйлөнтүп
жатканда кыз жана уул тарап эмнени ойлоосу керек?
ЖООП
Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери: «Эки үй-бүлө тең каршы тараптын оюна
«балабызды колдон чыгарып алдык» деген ой-санааны салбай тургудай аракет
кылуулары керек», - деген.
Кайсы тарап «Балам колдон чыкты» деп ойлонсо
жаштардын уяларын да, каршыдагы үй-бүлөнү да кайгы-санаага салат. Бул ойдун
кубатына жараша санаа да артат. Бул тил табыша албоочулуктарды колдон чыгарган
баласын куткаруу үчүн кылат, бирок, негизи бир уяны бузушат. Өз оюнда баласын
куткаргандыгы үчүн кымындай да кайгырып койбойт, өзүн согушту жеңип чыккан
баатырдай сезет, бирок, уя жыгылган болот. Эки тарап тең балдарынын үй-бүлө
тартибине кийгигишпөөлөрү керек.
Эки тараптын тең кайсыдыр бир кезде өздөрү сыяктуу
коломто курган балдарынын да эми жаңы үй-бүлө болгондуктарын моюндоолору,
аларга жакшы кошуна, жакшы дос сыяктуу көрүнүүлөрү, бала-балам деп
күйүп-жанбастан бул турмуш чындыгын кабылдоолору керек. Киши салих досу менен,
өмүрлүк жолдошу менен бактылуу болсо, анын да үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе
болсо, кандай ыраазы болуп жаткан болсо баласынын да өмүрлүк жолдошу жана анын үй-бүлөсү менен ынтымакта жашап жаткандыгына
ошондой кубануусу керек. Балам колдон чыкты деген ойдо болбоосу керек. Алар дагы
эми жаңы үй-бүлө болушкандыгын билүү керек, алардын да өз кыялдары, өз
принциптери, өз ырахаттары бар. Алар бири-бирин эне-аталарынан да жакшыраак
таанышат. Адамдын өмүрлүк жолдошу – анын эң жакыны, сырдашы. Кулк-мүнөзүн,
тилин эң жакшы ал билет. Эгер кандайдыр бир келишпестиктери тууралуу кабар алса
кимисинин туура же туура эмес экендигине карабастан өз баласынын эмес келиндин
же күйөө баласынын тарабын кармануулары керек. Негизи мындай абалдар үй-бүлө
ичинде калуусу керек, эне-атага айтылбоосу керек. Буга карабастан кабардар
болуп калышса насаат айтылуусу керек болгон учурда өз баласына татуу тил менен
насаат кылыш керек, материалдык жардам
керек болгон учурларда жардам берүүлөрү керек. Балам деп күйүп-бышкан киши
баласын да күйгүзөт, уясын да күйгүзөт, бирок, мунун азабын дүнүйөдө да,
акыретте да артыгы менен тартат. Ар ким өз напсине ээ болуп, турмуш чындыктарын
моюндоосу керек!
Нафака табуу
Каалаган бир кесип, өнөр, чарба жана соода-сатык,
айлык акы менен мубах болгон бир жумуш кылуу, мисалы, мал багуу, багбан болуу,
курулуш жумуштарында иштөө, жүк ташуу, тазаллул (төмөндүк) эмес. Пайгамбарлар,
олуялар да бул сыяктуу жумуштарда иштешкен.
Өзүн жана бала-чакасын нафака менен камсыз кылуу
үчүн эмгектенүү парз болуп саналат. Идрис алейхиссалам тигүүчүлүк, Давуд
алейхиссалам темирчилик, Ибрахим алейхиссалам дыйканчылык жана кездеме соодасы
менен алектенген. Алгачкы жолу кездеме токуган Адам алейхиссалам эле. Иса
алейхиссалам бут кийим чебери, Нух алейхиссалам жыгач устасы, Салих
алейхиссалам баштык тикчү. Пайгамбарлардын көпчүлүгү мал баккан. Хадиси
шарифте: "Үйүнүн муктаждыктарын алып келүү текеберсиздиктин
белгиси", - деп айтылган. Расулуллах алейхиссалам сатып алган жана
саткан. Сатып алган кездери көп болгон. Акыга жумуш кылган жана жумуш берген.
Шериктеше ишкердик да кылган. Башкага өкүл болгон, өзүнө да өкүл кылган. Белек
берген жана алган. Карыз берген жана алган. Кор ачкан. Дүнүйөлүк иштер үчүн эч
кимге ачууланган эмес жана эч кимге таарынта тургандай оор сөз айткан эмес. Ант
берген жана ант бергизген. Азилдешкен жана азилдери чындыктын негизинде жана
пайдалуу болгон.
Жогоруда аталгандарды орундоодо уялуу, тартынуу
текеберчиликтин белгиси. Адамдардын көпчүлүгү мына ушул жерде жаңылышат. Кичи
пейилдүүлүк менен төмөндүктү чаташтырышат. Напси дал ушул маселеде көп
адамдарды алдайт. Кедейлик төмөндүккө себеп болбоого тийиш. Анткени, кедейлик
уяла турган нерсе эмес. Мусулман Аллаху таала тарабынан буйрук кылынгандыктан
эмгектенүүгө, ырыскы табууга аракет кылат. Эмгектенип жатканда ибадаттарын
таштап койбойт жана арамдарга жолобойт. Эмгеги менен тапканда да, тапканын
сарптаганда да Ислам дини билдирген өкүмдөргө моюн сунат. Мындай адамга байлык
да, кедейлик да пайдалуу болот. Ал эми эң жаманы жалкоолук кылып, отуруп алуу,
эмгектенбөө жана мал-мүлкүн арамдарга жумшоо.