Суроо: Бир мусулман кызын үйлөндүрө турчу
кезде эмнени тандоосу керек, алдыңкы планга эмнени кармоосу керек?
Жооп: Динин билген жана
сүйгөн эркектер ар бир кыймыл аракетинде Исламиятка уйуп, өздөрүнө да, үй-бүлө,
бир туугандарына да, дегеле бүткүл макулуктарга кайырлуу жана пайдалуу болот.
Ошондуктан, кызын жакшы көргөн адам жана анын дүнүйөдө да, акыретте да бактылуу
болуусун тилеген адам динди жана мүнөздү, ахлакты буза турган теле берүүлөрдү
көрүүсүнө, радиолорду угуусуна жана мына ушундай кинолорго, коомдук
жыйналыштарга баруусуна кедерги болуусу керек. Мусулман адам кызын мусулман
жана салих адамдарга берүүсү керек. Мал-ооакт, акча, үй, байлык-мансап ээси
болгон адамга эмес дини бүтүн жана жакшы мүнөздүү болгон күйөө бала издөөсү
керек. Кызын ыймансызга берген адамдын өзүнүн да, кызынын да ыйманы кетет.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз хадиси шарифтеринде мындай деген:
«Кимде ким кызын фасыкка (ачыктан күнө
кылган кишиге), жаман бирөөнө бере турган болсо Аллаху тааланын
аманатына кыянаттык кылган болот. Аманатка кыянаттык кылгандардын бара турчу
жери – Тозок.»
«Кызын фасык бирөөнө берген адам – малун.»
«Шапаатыма жеткиси келген адам кызын
фасыкка бербесин!»
Эшиатул-лемеатта
жазылган хадиси шарифте:
«Эй, Али! Үч нерсени кечиктирбе! Намазды
алгачкы маалында оку! Даярдалган жаназанын намазын дароо оку! Жесир аялды же
кызды теңи сураса дароо үйлөнт!» Башкача айтканда, намазын окуган, күнөө
кылбаган жана нафакасын адалдан тапкан бирөөнү тапканда дароо ага бер, - деп
буюрду.
***
Суроо: Үйлөнүү, никеленүү
адал болгондой эле ажырашуу дагы адам жана мубах эмеспи?
Жооп: Бул темага
байланыштуу Кимйа-и саадатта мындай делген:
«Эркек адамдын
милдеттеринин бири – аялын никеден чыгарбоо. Аллаху таала бардык мубахтардын
арасынан бир гана талак берүүнү, башкача айтканда, никеден чыгарууну
жактырбайт. Зарыл абал болмоюн бирөөнү таарынтуу жаиз эмес.»
***
Суроо: Бир адам жаман
мүнөзүн өзгөртүп, жакшы мүнөздүү болушу мүмкүнбү?
Жооп: Бир адам ахлагын,
кулк-мүнөзүн өзгөртүп, жаманын жок кылып, ордуна жакшысын орнотуусу мүмкүн.
Хадиси шарифте:
«Ахлагыңарды жакшырткыла!» - деп
буюрулду. Исламият мүмкүн болбогон нерсени буйрук кылбайт. Тажрыйбалар дагы
мына ушундай экендигин көрсөтүүдө. Тажрыйба – так маалымат алууга жараган үч
куралдын бирөө. Бул куралдардын экинчиси – Мухбири Садыктын, башкача айтканда,
Пайгамбардын кабар берүүсү. Үчүнчүсү – эсеп менен түшүнүү. Адамдардын
мүнөздөрүн өзгөртүү дараметтери бирдей эмес.
Окуя
Марв калаасынын
казысынын бир кызы бар эле. Өлкөсүндөгү алдыңкы катардагы бай, бийлик мансабы
бар адамдар бул кызынын колун сурашканда эч бирин бербеди. Бул заттын Мубарек
аттуу багын-бакчасын караган бир кулу бар эле. Арадан эки ай өтүп, бакчадагы
мөмө-жемиштер бышып, молчулук, береке мезгили келген эле. Кожоюну
Мубаректен жүзүм сураганда жүзүм үзүп алып келди. Алып келген жүзүмү
абдан мыкты болгонуна карабай жакшы боло элек экен деп башка жүзүм сурады. Ал
дагы кычкыл чыкты. Кожоюну акыры: «Бакчада ушунча көп жүзүм бар, эмне үчүн
мындай жүзүп алып келип жатасың?» - деп айтууга өзүн тыя албады. Мубарек болсо:
«Мырзам! Жүзүмдүн кайсынысы кычкыл, кайсынысы таттуу экенин билбеймин!» - деп
жооп берди. Бакчанын кожоюну: «Оо Кудай, эки ай ушул бакчада жүрөсүң, алигиче
кайсынысы таттуу, кайсынысы кычкыл экенин биле албаган экенсиң», - деп
нааразыланды. Мубарек болсо ал жүзүмдөрдү жегенге эмес коргогонго, караганда
милдеттендирилгенин билчү. Кожоюну: «Эмне үчүн жүзүмдөрдү жеп көрбөдүң?» - деп
сураганда: «Сиз мага бакчадагы жүзүмдөрдү кайтар дедиңиз. Жегиле деп айтпасаңыз
аны жегеним орундуу болобу, буйругуңузга бузган болбоймунбу?» - деп жооп берди.
Кожоюн мындай окуяга
биринчи жолу кездешип жаткан эле. Мубаректин бул абалына айран-таң калды. Ишене
алчу бирөөнү тапкан эле. Чындап ал кулун жана адамдык абалын жакшы көрүп калган
эле. Кулуна кайрылып: «Сенден бир нерсе сурайын», - деп сөзүн баштады: «Менин
бир кызым бар, байлыгы-бийлиги бар бир канча адам аны сурашты, кайсынысына
береримди, эмне кылаарымды биле албай жатам. Бул маселеде кандайдыр бир
ой-пикириң барбы? Сен буга эмне дейсиң?» - деп сурады. Мубарек бул суроосуна
жооп катары мындай деди: «Мырзам! Адамдар күйөө баланы тандаганда жахилия
доорунда укум-тукумуна, яхудилер менен христиандар сырткы сулуулугуна, Расулуллах
«саллаллаху алейхи ва саллам» заманында диндарлыкка, Аллаху тааладан коркуп,
арамдардан сактанууга көңүл бөлүшчү эле. Азыркы заманда болсо байлыкка,
бийлик-мансапка каралууда. Эми булардан каалаганыңды танда», - деди.
Муну укканда кожоюну:
«Мен диндарлыкты жана
такыбаалыкты тандаймын жана кызымды сени менен үйлөнткүм келет. Себеби, сенде
арамдардан сактануу, динине болгон бекем камануучулук, мүнөзүңдөгү абал,
аманаттуулук жана ишенимдүүлүктү көрдүм жана буларды сенде таптым», - деди.
Ал болсо өзүнүн кул
экенин, акча менен сатылып келгендигин, ушундай болуп туруп анын кызы менен
үйлөнүүсүнүн элге кызык көрүнө тургандыгын, кызынын да буга ыраазы болбой
тургандыгын кайра-кайра айтты. Акыл да ушул нукта эле. Бирок, казы буга карабай
чечиминде бекем эле. «Тур, үйгө баралы», - деди. Үйгө барганда аялына: «Бул
салих, диндар, такыбаалуу кул. Кызыбызды аны менен үйлөнтүүнү каалаймын, сен
кандай деп ойлойсуң?» - дегенде аялы: «Сен билесиң, бирок, кыздан да сурайлы»,
- деп жооп берди. Энеси бул жагдай тууралуу атасынын ниетин кызына
айтканда кызы да бардыгын энеси менен атасына таштаганын, аларды ойлору кандай
болсо ошону тандаарын айтты. Энеси кызынын ыраазы болгондугун атасына айтканда
никелер кыйылды. Бирок, Мубарек кыздын жанына барган жок. Бул абал кырк күнгө
созулду. Бир себеп менен энеси абалдан кабардар болгондо чыдай албай:
«Кызыбызды бир кулуңа бердиң, арадан ушунча күн өткөнүнө карабай бурулуп жүзүнө
да караган жок, бул кылганың эмне? Бул кандай иш?» - деп арызданып, атасын
такалады. Ошондо кады: «Эй, Мубарек! Кызыма назданып жатасыңбы? Эмне үчүн
жанына жолобой жатасың?» - деп айтууга өзүн тыялбады. Буга жооп катары Мубарек:
«Эй, мусулмандардын
казысы! Эй, менин кожоюнум! Бул кандай сөз? Сиздин кызыңызга назданууну мага
ким коюптур. Бирок, сиз бакыйган казысыз. Кызыңыз шектүү болгон бир нерсе жеген
болуусу да мүмкүн. Шектен алыс болуу үчүн ушунча убакыт күттүм, ага адал тамак
жедирдим. Балким, Аллаху таала бизге салих бир перзент берет. Мындай башканы
ойлогонум жок», - деди.
Кырк күн өткөндөн кийин
жубайына жакындады. Арам менен адалга ушунча дыкат көңүл бөлгөндүктөн
Аллаху таала ага Абдуллах аттуу бир уул берди. (Мына ошол зат – олуянын
улууларынан болгон Абдуллах бин Мубарак хазреттери.)