Суроо: Бир перзенттин алган
сооптору эне-атасына да жазылат экен. Күнөөлөрү да жазылабы? Кабылдын кылган
кунөөлөрү атасы Адам алейхиссаламга да жазылабы?
Жооп: Ооба, перзенттин тапкан
сооптору мусулман эне-атасына да жазылат. Күнөө кылууну үйрөткөн эне-атага
баласынын күнөөсү да жазылат. Ибадатты үйрөтсө анын сообу да эне-атасына
жазылат. Хадиси шарифте: "Бир мусулмандын перзенти ибадат кылганда
тапкан сообу канча болсо ошончо сооп атасына да берилет. Бир адам баласына
күнөө ишти үйрөтсө, ал бала канчалык күнөө кылса ошол күнөөнү үйрөткөн атасына
да ошончолук күнөө жазылат”, - деп билдирилди. (С. Абадиййа)
Күнөөнү үйрөтпөгөн Хазрети
Адамга бир тууганын өлтүргөн Кабылдын күнөөсү жазылбайт. Пайгамбарлар күнөө
кылышпайт. Бирөөнүн күнөөсү башкасына жазылбайт. Хадиси шарифте: "Эч
ким башка бирөөнүн күнөөсүн албайт”, - деп билдирилди. (Хаким)
Курани каримде ошол
маанидеги бир ыйык аяттын мазмуну төмөндөгүчө:
"Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөө
жүгүн көтөрбөйт”. (Анъам, 164)
Элди адаштыргандар,
адашуучулукта алдыда болгондор өздөрүнүн күнөөлөрүн ала тургандыктары сыяктуу
ошол адамдардын да күнөөлөрүн алышат. (Нахл, 25, Байдави)
Бир адам кандайдыр бир
жакшылыкты кылууга алы жетпей жаткан болсо, бирок, ошол жакшылыктын кылынуусуна
себеп боло турган болсо, ошол жакшылыкты кылгандай сооп алат. Хадиси шарифте
айтылды: "Жакшылыкка себепчи болгон адам ошол жакшылыкты кылгандай
сооп табат”. (Байхаки)
Суроо: Салих (жакшы) перзент
тарбиялап чоңойтон адам анын пайдасын өлгөндөн кийин дагы көрөбү?
Жооп: Албетте, көрөт.
Момундардын ыкылас менен кылган жакшы иштеринин сооптору Кыяматка чейин алардын
амал дептерине жазылат. Хадиси шарифтерде айтылат:
"Адам өлгөндөн кийин амал дептери
жабылат. Бирок, мына бул үчөө андай эмес: Садака-и жария, пайдалуу илим жана
артынан жакшы дуба кылуучу салих перзент калтырган адам”. (Бухари)
"Өлгөндөн кийин сообу токтобогон
жакшы иштердин бири да салих перзент жетилдирүү. Эне-атасы өлгөндөн кийин андай
перзенттин кылган дубалары эне-атасына жетип турат”. (Муслим)
"Төмөндөгү жети нерсени кылган адам
өлгөндөн кийин да токтоосуз сооп табат:
1 – (Динге ылайыктуу) илимий бир эмгек
жазган,
2 – Суу чыгарып берген,
3 – Суу кудугу казып берген,
4 – Бир хурма дарагы тиккен,
5 – Бир мечит салган,
6 – Бир Мусхаф жазган,
7 – Өлгөндөн кийин артынан дуба кыла
турган салих бир перзент жетилдирген адам”. (Байхаки, Абу Давуд)
Суроо: Балагат жашына толбогон
мусулман перзент күнөө кылса күнөө жазылабы? Же куфурга себеп болгон сөздөрдү
колдонсо ыйманы кетеби?
Жооп: Балагат жашына толбогон
бала али мукаллаф (жоопкер, милдеттүү) эмес. Күнөө жазылбайт. Куфур сөз айтса
капыр болуп калбайт. Эне-атасы күнөө, куфур болгон нерселерди кылдырбашы керек.
Антпесе эне-атага күнөө болот.
Жакшы перзенттин пайдасы
Суроо: Перзенттин жасаган
жакшылыктарынын ыймансыз өлгөн эне-атасына да пайдасы болобу?
Жооп: Албетте, пайдасы болот.
Эки хадиси шариф:
"Куран окуган адамдын эне-атасы капыр
болсо дагы азаптары жеңилдейт”. (Танбих-ул-гафилин)
"Бисмиллах жазылган бир кагазды
буттун астында тебеленбесин деп урмат менен жерден көтөргөн адам сыддыктардан
деп жазылат. Эне-атасы капыр болсо дагы азаптары жеңилдейт”. (И. Суюти)
Баланын сындырган нерсесин төлөө
Суроо: Баланын сындырган
нерсесин эне-атасы же велиси (опекуну) төлөөгө тийишпи?
Жооп: Бала бирөөнүн бир
нерсесин зыянга учуратса баланын мүлкүнөн төлөнөт. Баланын мүлкү жок болсо
мүлкү богонго чейин күтүлөт. Велиси төлөөгө мажбур эмес. (Межелле, 916-пункт)
Бирок, мумаййиз
(акылдуу, жакшы-жаманды айырмалай алган) бала бир нерсени зыянга учуратса
төлөйт. Бир бала сатып алган бир нерсенин жеке мүлкү боло турганын жана
сатканда жеке мүлкүнөн чыга турганын түшүнсө, мындай баланы мумаййиз,
башкача айтканда, акылдуу бала деп атайт.
Суроо: Эне-ата күнөө болгон бир
нерсени жаш балдарына жасатса бул күнөө балагабы же эне-атасына жазылабы?
Жооп: Улууларга, башкача
айтканда, эне-атага арам болгон нерселерди өз перзентине да жасаткан адам арам,
күнөө кылган болот.