Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Мута никеси арам




Мута никеси арам


Суроо: Динибизде мута никеси барбы?

Жооп: Мута никеси төрт мазхабда да тең арам. Мута никеси күбөлөрсүз бир аялга белгилүү суммада акча берип, белгилүү бир убакыт үчүн бирге жашоого макулдашуу дегенди билдирет. Мута никесинин арам экендигин бардык аалымдар бир ооз макулдук менен билдиришкен болуп, Мизан-ул-кубрада жана Ибни Абидинде жазылган.  

Имам Табарани билдирет:

Абдуллах ибни Аббас: "Мута никеси мурда адал эле. Бирок, "Энелериңер силерге арам” деген маанидеги ыйык аят келгенден кийин арам кылынды. Муминун сүрөсүнүн "Жубайларыңар жана жарияларыңар (күңүңөр) гана  адал” деген маанидеги ыйык аяты мута никесинин арам кылынгандыгын баса билдирет. Себеби, бул аяттан бир гана жубайлардын жана жариялардын адал болуп, башкалардын арам экендиги белгилүү болууда”, - деген.

Мута никесинин арам экендиги Хазрети Али жана башка көптөгөн сахабалар тарабынан билдирилген. Бухари-и шариф китебинде "Хазрети Али Абдуллах ибни Аббаска: "Расулуллах Хайбар казатында мута никесине жана эшектин этине тыюу салды” деп айтты”, - деп жазылган. Мындан башка "Муслим-и шариф” китебинде жана Ибни Мажанын китебинде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын: "Эй, мусулмандар! Аялдар менен мута нике кыйууңарга уруксат берген болчумун. Бирок, эми муну Аллаху таала арам кылды. Кимдин жанында ушундай аял бар болсо аны бошотсун жана ага берген мүлктү кайтарып албасын!” – деп айткандыгы жазылган.

Бардык тафсирлер менен фыкых китептеринде айтылат, Ниса сүрөсүнүн 24-аятынын "Силер истимта кылган аялдарыңардын акысын бергиле” деген мааниси мута никеси үчүн эмес. Никедеги махр акчасын берүү үчүн. Мисалы, "Байдави тафсири” жана мунун түшүндүрмөсү болгон "Шейхзада тафсири” китебинин 2-тому, 26-бетинде жогорудагы аяттын түшүндүрмөсүндө мындай деп айтылат:

"Бул ыйык аят сахих болгон никени билдирүүдө. Мута никесинин мубах болуусун көрсөтпөйт. Махр акчасын буйрук кылууда. мута никеси алгач мубах болгон эле. Анан тыюу салынды. Исламда белгилүү бир убакыт үчүн нике кыюу жок.”

[Мута никеси тууралуу кеңири маалымат үчүн "Ибни Сабачылык” темасындагы Хазрети Омарга тил тийгизүүгө болбойт” бөлүмүн караныз.]

Мута никеси жана убактылуу нике

Суроо: Мута никеси менен убактылуу никенин арасында айырма барбы?

Жооп: Ооба, айырма бар болсо да экөө тең төрт мазхабда арам. Мута никеси күбөлөрсүз бир аялга акча берип, белгилүү бир мөөнөт бирге болуу дегенди билдирет. Бул бирге болуунун арам экендигин бардык аалымдар бир ооздон билдиришкен жана бул Мизан-ул кубра жана Ибни Абидинде жазылган.

Муваккат (убактылуу) нике жүз жыл болсо дагы белгилүү бир убакыттан кийин ажырашууну айтып, башка бардык шарттарына ылайык жасалган, бирок, мөөнөт белгиленгени үчүн арам болгон никенин бир түрү. Мөөнөт айтылбастан бир гана көңүлүнөн өткөрсө нике сахих болот. (С. Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш