Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Түгөйүң жаман болсо




Түгөйүң жаман болсо


Суроо: Кээ бир күнөөкөр аялдар: "Эмне кылмак элем, күйөөм ичет, намаз окубайт, орозо кармайын десем уруксат бербейт. Ошондуктан, мына ушинтип күнөөгө баттык”, - деп айтса, кээ бир эркектер: "Аялыма сөзүм өтпөйт, намаз окубайт, жарым жылаңач жүрөт. Аял жолдон тайгандан кийин мен такыбаа болмок белем? Мен деле күнөө кылууга аргасыз болдум”, - деп, актанууга аракет кылып жатышат. Алардын өздөрүн актоолору акыретте өтөбү?

ЖООП: Жок, өтпөйт. Өмүрлүк түгөйүбүздүн жаман болуусунун бизге таасири бар болсо да, биздин динибизди туура карманууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Башкача айтканда, алардын жаман болуусу биздин да сөзсүз жаман болуубузду шарт кыла турган себеп эмес. Курани каримде ушул темада мисалдар келтирилген. Аялдары жаман болгон эки пайгамбар тууралуу айтылган:

"Аллах ыймансыздарга Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал катары көрсөтөт. Ал эки аял эки жакшы кулдун аялдары болсо да аларга каршы кыянат кылып, ыймансыз болгондорун жашырган эле. Күйөөлөрү болгон эки пайгамбар Аллахтан аларга келген азаптарга кедерги боло албаган эле. Ал эки аялга "Ыймансыздар менен бирге силер дагы Тозокко киргиле” деп айтылды.” (Тахрим 10)

Нух алейхиссаламдын аялынын аты Вахила эле. Нух алейхиссаламдын коомуна: "Күйөөм Нух – жинди, ага ишенбегиле!” – деп айтчу. Лут алейхиссаламдын аялынын аты Ваила эле. Ал дагы күйөөсү Лут алейхиссаламга келген конокторду душмандарына кабар берүү үчүн түндө от жагып, күндүзү болсо мордон түтүн чыгарчу. Ошентип, коому Лут алейхиссаламга коноктордун келгенин түшүнүшчү жана жыйналып, аларга кол салганга жасаганга аракет кылышчу. Күйөөлөрү пайгамбар болсо дагы бул эки аял тозоктук болду. (Байдави)

Дагы Курани каримде жогорудагы аяттан кийин күйөөсү жаман болгон бир мусулман аял тууралуу баяндалат:

"Аллах силерге фараондун аялын үлгү катары мисал келтирди. Ал: "О, Раббим, мага Бейиште бир үй бере көр! Фараон менен анын куулуктарынан жана заалымдар тобунан менин куткара көр!” – деген эле.” (Тахрим 11)

Бул мусулман айым Асия бинти Музахим эле. Муса алейхиссаламга ыйман келтиргендиги үчүн күйөөсу фараон анын колдорунан жана буттарынан төрт казыкка байлап, үстүнө чоң таш коюп, куйкалаган күндүн астында ошол абалда калтырган эле. Ошол кордуктардын натыйжасында кайтыш болгон эле. (Жалалейн)

Дагы Курани каримде жогорудагы аяттан кийин намысын коргогон Хазрети Мариям макталууда. (Тахрим 11)

Хазрети Мариям Иса алейхиссаламды атасыз төрөгөн кезде яхудилер зина кылды деп жалаа жабышкан эле. Бул аят айланасындагы жаман адамдарга карабастан намысын коргогон аялдар үчүн жубаныч жана сүйүнчү. (Байдави)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш