Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ажырашуу жана никени буза турган жагдайлар




Ажырашуу жана никени буза турган жагдайлар


Суроо: Динибизде ажырашуу (талак) тууралуу кеңири маалымат бере аласызбы?

Жооп:

1 – Ажырашуу үчүн колдонулчу сөздөрдү эркектин аялына карата айтуусу менен талак, б.а., ажырашуу жүзөгө ашат. Ажырашуу үчүн колдонулчу сөздөр экиге бөлүнөт: Ачык сөздөр жана жабык сөздөр.

"Талаксың”, "сенден ажыраштым” сыяктуу сөздөр "ачык сөздөр” болуп саналат. Бул сөздөрдү тамашалап же жаңылыштык менен, байкабастан айткан кезде маанисин билбесе дагы ажырашкан болот.

"Болду сени таштадым”, "сени койдум” деген сыяктуу сөздөр да ачык сөздөргө жатат. Бир же эки жолу мындай ачык сөз менен ажырашууга, б.а., артка кайтуу мүмкүн болбогон ажырашуу "талаки рижи” деп аталат. Бирок, баары бир үч жолу талак айтуу акысынын бирөөсү кеткен болот. Бул сөздөрдүн каалаган бири бир жолу айтылганда өкүнсө, эски никесине кайтуу ниети менен аялынын колунан кармаса же өпсө кайрадан нике кыйдырып отурбай калган эки нике боосу менен үй-бүлөлүк турмушун уланта берет.

2 – Никенин үч боосу болот. Тактап айтканда ажырашууга, никени бузууга себеп болчу "Болду сени таштадым”, "койдум”, "талаксың” сыяктуу сөздөр үч жолу кайталанып "талаксың, талаксың, талаксың” деп айтылса же "сени үч жолу койдум, үч талаксың” десе, никенин үч боосу толук үзүлгөн болот. Эми артка кайтууга болбой турган ажырашуу жүзөгө ашкан болот. Мындай үч талак жүзөгө ашкан жагдайда талаки рижи талаки баинге айланат.

3 – "Атаңдын үйүнө кет!”, "Жогол кет!”, "Мындан ары мен сенин күйөөң эмесмин” деген сыяктуу башка маанилерде да колдонулчу сөздөр "жабык сөздөр” деп аталат. Бул сөздөр ажырашуу ниети менен айтыла турган болсо ажырашкан болот. Бул талаки баин деп аталат, б.а., иддет мөөнөтү ичинде артка кайтуу мүмкүнчүлүгү болбогон ажырашуу.

Бул категориядагы ажырашуу маалында иддет мөөнөтү өтүп жаңыдан нике кыйылмайынча күйөөсү менен аялы бирге боло албайт.

4 – Кайын атасына "мен сенин кызыңды каалабайм, кимге тийем десе тийе берсин” деп айтуу жана аялы сыртка чыгуу үчүн суранган кезде "мен сени жип менен байладым беле, бар, кете бер”, "каалаган жагыңа кете бер, мага аял болбойсуң” же "мындан ары сени каалабайм”, "сенден ажырашууну каалайм” сыяктуу сөздөр айтылса, ажырашуу ниет кылынмайынча ажырашкан болуп саналбайт.

5 – Ажырашуу маанисинде колдонулуусу адат болгон башка сөздөр аялына айтылган кезде ажырашууну ниет кылбаган болсо деле бир "талаки баин” жүзөгө ашкан болот.

6 – Аялына энем, кызым, карындашымсың деп айтуу менен талак болбойт. Бирок, "Азыртадан баштап энем, кызым, карындашым бол!” десе талак болот. Бир талаки баин болот.

7 – Каймана сөз менен ажырашкан кезде талаки баиндин иддет мөөнөтүндө күйөө аялынын бөлмөсүнө кире албайт. Аялы кооздоно албайт, атыр, жыпар жыт себине албайт, чоочун аял сыяктуу талак берген күйөөсүнөн узак турат. Иддет мөөнөтүнөн кийин жаңыдан нике кыйылышы керек болот.

8 -  Талакта саны айтылбаса бир талак болот. Үч же андан көп сан айтылса үч талак менен ажырашкан болот. "Денемдеги кылдардын санындай”, "деңиздеги балыктардын санындай”, "асмандагы жылдыздардын санындай” дегенде да үч талак болот.

9 – Аялына талак бере турган эркектин сергек жана өтө дыкат болушу керек. Мастын, оорулуунун жана күч колдонуп, коркутуу аркылуу мажбур кылынган адамдын сөзү, каты, электрондук каты, смс, факс аркылуу да талак өтөт. Булар аялдын колуна жетип барган кезден баштап ажырашкан болот. Атап айтканда аял бул ажырашууну укканда, кабардар болгондо талак жүзөгө ашат.

10 – Жиндинин, эси ооп калган адамдын жана оорудан улам, ачууланып эмне деп жатканын билбеген адамдын айткандары ажырашуу болбойт. Бул эки түрдүү болот:

а) Маанисин билбей, андай деп айтууну көздөбөстөн, каалабастан айтылганда талак болбойт. Бул жабык сөздөр үчүн. Болбосо ачык сөздөр менен, б.а., мен "сенден ажыраштым”, "талаксың” десе, андай деп айтууну көздөбөстөн, каалабастан айтса да баары бир талак болот.

б) Маанисин билип туруп жана өзү каалап айтып, кийин айтканын унутуу, билбөө. Бул сөздү эки күбө угуп, кийин өзүнө айтса ажырашкан болот. Тактап айтканда, сенден ажыраштым деп айтып, бирок, кийин муну унутса, "сен ушундай деген элең” деп айтылганда "жок мен андай деген эмесмин, эсимде жок” десе, эгер эки күбө "ооба, биз укканбыз, ал аялы менен ажырашты” дешсе, ал кезде ажырашкан болот. Эгер антип айтылбаса адам моюнуна албаганы үчүн ажырашкан болбойт.

11 – Эч кошулбаган болсо же бир бөлмөдө же бир жерде аны менен жалгыз калбаган болсо, бир жолу талак берүү менен аял иддет мөөнөтүн күтпөстөн ошол күнү эле башка адамга турмушка чыга алат.

12 – Күйөөсүнө же башкаларга тили менен, колу менен

зыян тийгизген, фарздарды аткарбаган, маселен, фарз намаздарын окубаган, кыянаттык кылды деген күмөн астында болгон аялдан ажырашуу шарт эмес мустахаб болот, ажырашуу жакшы болот.

13 – Фарзды орундабаган, маселен, намаздын фарз экендигине ишенгени менен окубаган аялдан ажырашпоо күнөө эмес. Күйөөсү ага таттуу сөз менен намаз окутууга аракет кылышы керек. Аракет кылбай турган болсо күнөөгө кирет.

Үй-бүлөдө өз милдетин аткара албаган, мисалы, дубаланган (сыйкырланган), жыныстык жакындыкка жарабаган алсыз эркектин аялы ажырашкысы келсе аны коё берүү (ажырашуу) важиб болот.

14 – Аялы менен бөлөк-бөлөк үч убакытта бир жолудан ажырашканын билдирүүчү сөздөрдү айтса же бир убакытта "үч талак” десе, арка кайтпай турган түрдө никеси бузулат.

Мындай жагдайда ал аялы менен кайра никеге туруу үчүн Хулла керек болот. Хулла дегенибиз аял 3 ай иддет убактысын күтөт. Анан башка бир эркекке турмушка чыгып, аны менен кошулат. Экинчи күйөөсү андан ажырашат. Аял дагы 3 ай иддет убактысын күткөн соң барып мурунку биринчи күйөөсү менен кайра никеге отура алат.

Ал эми бул эркек үчүн маскаралык, пастык болуп саналат. Аллаху таала ажырашуу укугун эркектерге бергени менен бул укуктун туура колдонулуусу жана аялдар эркектердин колунда оюнчук болуп калбашы үчүн эркектерге бул "хулла” деп аталган маскаралыкты жүктөгөн. Хулла коркунучунан улам мусулман эркек ажырашуу сөзүн оозуна да ала албайт. Үй-бүлө ичинде ажырашуунун сөзү да, тамашасы да боло албайт.

15 – Коркутуу үчүн да, тамашалап да ажырашуу сөзүн такыр колдонбоо керек. Жада калса, чечим кабылдаса да бул сөздөрдү колдонбоо керек. Анткени, кийинчерээк ажырашуу ниетинен кайтышы мүмкүн. Жакындары менен, достору менен акылдашкан соң ажырашууга анык чечим кабылдаган соң барып бир талак берүү керек. Эч качан үч талакты биротоло берип салбоо керек. Үч талакты биротоло берип салуу харам болот. Жашоо шарттары адамдан көп нерселерге сабыр кылуусун, чыдоосун талап кылуусу мүмкүн. Болбойт деген нерсе болуп калышы мүмкүн. Бир талак менен ажырашса харам кылынбаган болот. Андан башка кайра кирүү эшиги да толугу менен жабылбаган болот. Ажырашпоо эч кандай коркунуч туудурбайт. Бирок, ажырашуу, айрыкча үч жолу талак берүү өтө чоң ката. Анткени, ниетинен кайта турган болсо ал аялы менен никеге туруу үчүн хулладан өтүү керек.

16 – Иддет –ажырашкан соң аялдын кайра турмушка чыгуусу харам болгон убакыт. Алгачкы таза болгон күнүнүн башынан үчүнчү хайздын соңуна чейинки убакыт. Хайз көрбөсө талак үчүн үч ай, өлүм үчүн төрт ай он күн күтүлөт.

17 – Күйөөсү аялы менен жакшы мамиледе болууга, аны күлүмсүрөп, жылуу маанай менен карап, жакшы сөздөрдү айтууга тийиш. Анын ката кыймыл-аракеттерине, акылга сыйбаган сөздөрүнө сабыр кылууга тийиш. Анын деңгээлине, түшүнүгүнө көнүү керек. Анын менен тамашалашып ойноо керек. Азык-түлүк, кийим-кече маселесинде колдон келгенче колу ачык болууга аракет кылууга тийиш. Динибизде аялдардын билүүсү фарз болгон нерселерди сөзсүз үйрөтүү кажет.

Аялдын кийинүүсүндө, үйдөн сыртка чыгуусунда өтө дыкат болуу керек жана өзүн жалгыз бир жерге жибербөө керек. Өзүн жана аялын күмөнгө, жалаага себеп боло турган жагдайлардан сактоого катуу маани берүү керек. Аялын чоочун эркектер болгон жерлерге жибербөө керек, чоочун эркектерге көрүнүүсүнө тоскоол болуу керек.

Үй иштери менен убакыт өткөрүү анын ырахаттанган жумушу болушу керек. Аны менен катаал мамиледе болбош керек. Тамашалап да, ачууланганда да "ажырашуу” деген сөздү эч качан оозго албаш керек, эч качан "экинчи менен үйлөнүү” сөзүн айтпоо керек.

Суроо: Кандай жагдайларда нике бузулат?  

Жооп: Сени менен ажыраштым, талаксың деп айтуу жана ажырашуу ниети менен айтылган жабык сөздөрдү айтуу, маселен "куруп кет”, "көзүмө көрүнбө”, "жогол” деген сөздөр менен да нике бузулат. Аны менен катар куфурга түшүрө турган сөз айтканда ыйман менен кошо нике да бузулат.

Суроо: Аялына куруп кет (жогол) деген болсом нике бузулабы?

Жооп: Куруп кет, жогол деп айтуу менен нике бузулбайт. Эгер ажырашуу ниети менен айтылган болсо бузулат. Ал да талаки баин (артка кайтууга болбой турган ажырашуу) болот. Иддет мөөнөтү өткөн соң кайра нике кыйдыруу керек болот.

Суроо: Бир адам аялы менен уруша кеткен кезде "мен сени таштадым” десе никеси бузулабы же "ажыраштым” демейинче нике бузулбайбы?

Жооп: Таштадым = ажыраштым деген сөз. Бир талак менен ажырашкан болот.

Суроо: Бир адам куфурга себеп боло турган сөз айтканда ыйманы да никеси да кетеби?

Жооп: Ооба, ыйманы да никеси да кетет.

Ажырашуу бөлөк нерсе, куфурга түшүү бөлөк нерсе. Бул талакка жатпайт. Тактап айтканда нике боосу үзүлбөйт. Миң жолу куфурга түшкөн болсо миң жолу никени жаңылоо керек болот. Бирок, бул абал талак болуп саналбайт.

Суроо: Бир жолу талаки баин жүзөгө ашса, б.а., бир жолу ажырашса иддет мөөнөтү боюнча мындай күйөө менен аялдын бөлөк-бөлөк туруулары керек болобу? Бир үйдө тура алышабы? Сүйлөшүүлөрү, көрүшүүлөрү туура болобу?

Жооп: Чоочун аял сыяктуу болот. Адам фасык болсо бир үйдө турбаганы жакшы. Салих болсо, арамдардан корккону үчүн бир үйдө турса болот. Бирок, чоочун аял менен чоочун эркек сыяктуу турушат. Зарылчылыктан артык сүйлөшө алышпайт. Отуруп бирге тамактануулары да жаиз болбойт.

Суроо: Эркек талак берсе, бирок, аны аялы укпаса ажырашкан болуп эсептелеби?

Жооп: Жок.

Суроо: Бир адам аялына адамдардын жанында талак берсе, аялы муну 20 жылдан кийин укса, 20 жылдан кийин ажырашкан болобу?

Жооп: Ооба.

Суроо: Жабык сөз менен аялынан ажырашкан адам кийинчерээк муну такыр моюнуна албаса баары бир ажырашкан болобу?  

Жооп: Ооба, ажырашкан болот.

Суроо: Талаки рижи менен ажырашкан адам ажырашканын аялына эскертүү үчүн бир нече жолу "болду, сенин ишиң бүттү” десе үч жолу талак берген болобу?

Жооп: Ооба.

Суроо: Аялыма "сени менен ажырашууну каалаймын” деп айтуу менен талак берген боломунбу?

Жооп: "Каалаймын” деп айтуу талак болбойт.

Суроо: Эки талаки баинден кийин бир талаки рижи берилсе үч талак болобу?

Жооп: Ооба.

Суроо: Кайын атама ажырашуу ниети менен "кызыңызды алып кетиңиз” деп айттым. Аялым муну укпаган болсо талак болобу?   

Жооп: Болбойт.

Суроо: Аялыма: "Бишкекке барганда сенден ажырашамын”, - дедим. Мындай деп айтуу менен талак болобу?

Жооп: Жок, келерки чакта айтылган сөз менен талак болбойт.

Суроо: Аялыма: "Энең биздин үйгө келе турган болсо сен менин жубайым эмессиң”, - дедим. Энеси бизге келди, никенин бир боосу үзүлгөн болуп эсептелеби, б.а., талаки рижи болдубу?

Жооп: Ооба.

Суроо: Уулума: "Үйүмө кире турган болсоң энең талак болсун”, - дедим. Жаңжал кезинде айла жоктон кирген экен. Талаки рижи болдубу?

Жооп: Ооба.

Суроо: Талакта колдонула турганын билбеген адамдын айткан сөздөрү менен талак жүзөгө ашабы?

Жооп: Жок.

Суроо: Аялдан боюнда бүткөн кезде деле ажырашууга болобу?

Жооп: Ооба.

Суроо: Аялынан ажырашуу күнөөбү?

Жооп: Күнөө эмес, халал. Бирок, Аллаху таала халал болсо да талакты жактырбайт. Пайгамбарыбыз мындай деген: "Аллаху тааланын эч жактырбаган халал нерсеси - талак.” (Хаким)

Суроо: Бир сайтта мындай деп жазылган экен: "Бир адам аялына "сенден ажыраштым” десе, кийин тамашалап ажырашуудан баш тарта турганын айтса, ажырашуудан кайткан болот. Хадиси шарифте: "Үч нерсенин тамашасы да чын сыяктуу кабыл кылынат, сахих. Нике, ажырашуу, ажырашуудан баш тартуу,” – делген.” Ушундай жагдай менен ажырашуудан баш тартканда никенин үч боосу тең сакталабы же бирөөсү кеткен болобу?

Жооп: Тамашалап ажырашкан кезде да бир талак берген (никенин бир боосу үзүлгөн) болуп эсептелет, эки талагы (эки боосу) калат. Рижи талакта эркек иддет мөөнөтү ичинде сөз же кыймыл-аракети менен мурунку никесине кайта алат. Тактап айтканда аялы каалабаса да жаңыдан нике кыйбай эле үй-бүлөлүк жашоосун уланта алат. Кайрадан никеге кайтуу үчүн Ханафи жана Маликиде күбөлөрсүз деле "мурунку никеме кайттым” деп айтуу жетиштүү. Же болбосо мурунку никесине кайтуу ниети менен аялын өбүү же шахват менен колунан кармаса да жетиштүү. Никеси жаңыланган болот. Шафии жана Ханбалиде эки күбөөнүн жанында "мурунку никеме кайттым” деп айтуу керек. Бирок, кыздын атасынын катышуусу керек эмес.

Суроо: Күйөөм эркектик милдетин аткара албайт. Аным менен ажырашкым келет. Күйөөмдүн менден ажырашпай туруп алуусу күнөө эмеспи?

Жооп: Эркектик милдетин аткарууда алсыз болгон эркектин аялы ажырашкысы келсе аны койо берүүсү, андан ажырашуусу важиб болот. Тактап айтканда, ажырашпай кармап калуу күнөө болот.

Суроо: Көп жылдар бою бөлөк турган кезде нике бузулабы?

Жооп: Көп жылдар бою бөлөк туруу менен нике бузулбайт. Ажырашмайынча нике бузулбайт.

Суроо: Эси ооп калган адамдын никеси улана береби?

Жооп: Ооба.

Суроо: Ажыраштым деп айтуу менен ажырашкан болобу? Ажырашуу ушунчалык оңойбу? Эркектин үч жолу ажыраша алууга акысы бар экен, үчүнчүсүн айтканда ал аялына кайра үйлөнө албайт экен. Ушулар тууралуу Куранда барбы?

Жооп: Динде далил бир гана Куран эмес. Бир гана Куран далил болгондо Аллаху таала алгыла, ушу менен гана амал кылгыла деп айтмак, Пайгамбарды жибермек эмес. Аллаху таала Пайгамбарыбызга: "Куранды ачыктап түшүндүрүп бер!” – деп буйрук кылган. Бардык нерсе Куранда ачык жазылган эмес. Ошондуктан, хадиси шарифтер менен аалымдардын түшүндүрмөлөрү да далил болот.

Бул мааниде Курани каримдеги аяттар: "Ажырашкан аялдар үч ай иддет мөөнөтүн күтүшөт.” (Бакара сүрөсү, 228)

"Ажырашуу эки жолу. Жакшылык менен кармалат же жакшылык менен коё бошотулат.” (Бакара сүрөсү, 229)

"Эгер эркек аялы менен үчүнчү жолу ажыраша турган болсо, андан кийин аялы башка эркек менен үйлөнмөйүнчө аны менен үйлөнүү өзүнө халал болбойт. Эгер кийинки үйлөнгөн киши дагы бул аялдан ажыраша турган болсо (эки тарап тең) Аллахтын сырларын сактай тургандыгына ишенимдүү болсо кайрадан үйлөнүүлөрүнүн зыяны жок. Бул Аллаху тааланын койгон чектөөлөрү.” (Бакара сүрөсү, 230)

"Бул айтылгандар Аллахтын койгон чектөөлөрү. Абайлагыла, бул чектен ашпагыла. Ким Аллахтын чектөөлөрүнөн аша турган болсо мына ошолор заалымдар, капырлар!” (Бакара сүрөсү, 229)

Суроо: Бир атеист менен талак тууралуу сүйлөшүп отурган элек. "Бир сөз менен талак болобу?” - деди. Эмне деп жооп берүү керек?

Жооп: Бул өкүм мусулмандарга тийиштүү өкүм, мусулман болбогондорго эмес деп айтуу жеткиликтүү. Динибиз ушундай деп билдирген болсо ушундай. Бир мусулман үчүн өкүм мына ушул: Бир сөз менен (ажыраштым деп айтуу менен) аялы бөтөн аялга айлана тургандыгы сыяктуу, бир сөз менен (нике аркылуу) бөтөн кыз эркектин аялы болот. Бир сөз менен (шахадат келимеси менен) мусулман болот. Бир сөз менен дагы (мисалы, Аллах асманда деп айтуу менен) адам ыйманын жоготот.

Мыйзамдар бир "ооба” деген сөз менен кабыл алынат, бир "жок” деген сөз менен четке кагылат. Бүткүл өмүрүбүз "ооба” жана "жок” сөздөрү менен өтүүдө. Күндөлүк жумуштарда муну атеист да билет жана колдонот. Бирок, маселе динге келгенде атеисттигин көргөзөт. Ар бир адам мына ушуну унутпашы керек: Аллаху таала Бейишти бошко жаратпагандыгы сыяктуу Тозокту да бошко жараткан эмес.

Коркутулуу аркылуу талак

Суроо: Аялына зулумдук кылуучу, уруучу, динге ылайык кийинүүсүнө, жашоосуна тыюу салуучу, күйөөлүк милдеттерин аткарбоочу, үйгө да келбей нафакасын да бербөөчү, ошону менен катар аны менен ажырашпай жаткан садист, заалым эркекке аялынын туугандары "аялың менен ажыраш, болбосо, сени өлтүрөбүз” деп коркутушса, ал коркуп аялы менен ажырашса, мындай ажырашуу диний жактан сахих болобу?

Жооп: Ооба, сахих болот. Ал аял иддет убагы бүткөн соң башка эркекке турмушка чыга алат. Башка адам менен баш кошкон соң мурдагы күйөөсү аны кайра ала албайт. Диний китептерде мындай делген: "Кыйнап, коркутулган адамдын сөзү, каты, телефон аркылуу чалуусу менен дагы талак, б.а., ажырашуу Ханафи мазхабында сахих болот. Башка үч мазхабда сахих болбойт. Кооп токтогон соң коркутулуп аялы менен ажырашкан адамдын аялы башкага турмушка чыккан болсо жана мурдагы күйөөсүнө кайра турмушка чыккысы келсе, дагы эки талак акысы калгандыктан кайра никесин кыйып үйлөнүүсү сахих болот.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш