Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Баин талак жана рижи талак




Баин талак жана рижи талак


Суроо: Баин талак менен рижи талактын арасында кандай айырмачылык бар?

Жооп: Талак – ажырашуу деген сөз. Талаки баин – толук ажырашуу. Талаки рижи – ачык ажырашуу дегенди билдирет. Мисалы, "сенден ажыраштым” десе талаки рижи болот. Бирок, каалаган убакытта эски никесине кайта алат. Иддет мөөнөтү бүткөнгө чейин кайтпай турган болсо талаки рижи талаки баинге айланат. Үч талак акысынын бирин жоготкон болот.

Ал эми талаки баинде жабык сөздөр менен ажырашат. Ажырашуу ниети менен "атаңдын үйүнө кет” деп айтуу сыяктуу. Иддет мөөнөтү өтпөй туруп ал аялга үйлөнө албайт. Ажырашуу ниети болбой туруп айтса талак болбойт.

Талаки рижинин талаки баинден өзгөчөлүктөрү төмөндөгүлөр:

1 – Никени жаңылоо керек эмес. "Эски никеме кайттым” деп аялынын колунан кармаса жетиштүү болот. Баинде болсо иддет мөөнөтү өтпөй туруп кайрадан нике кыйылбайт. Иддет бүткөндө да аялы макул болсо гана нике кыйылат.

2 – Махрды көбөйтүүнүн кереги болбойт. Ал эми баинде жаңыдан нике кыйыла тургандыктан каалаган махрын сурай алат.

3 – Күбөлөрсүз үйлөнө алат. Баинде болсо иддет мөөнөтү бүткөн соң эки күбө болуу шарт. Анткени, бул жаңы нике болуп саналат.

4 – Аял ыраазы болбосо да эркек мен "эски никеме кайттым” деп айтуу жетиштүү. Баинде аял макул болмоюнча үйлөнө албайт.

5 – Иддет мөөнөтү ичинде күйөө менен аялынын бири өлсө бирөө экинчисине мураскер болот. Ал эми баинде боло албайт.

6 – Иддет мөөнөтү ичинде эркек өлсө аялдын иддети өлүм иддетине айланат, б.а., төрт ай он күн күтөт. Баинде болсо кадимки иддети бүткөндө башкага турмушка чыга алат.

7 – Аял рижиден соң күйөөсүнүн жанында жасана алат. Бирок, баинде иддет мөөнөтү ичинде жасана албайт.

8 – Аял күйөөсү менен бир үйдө кала алат. Ал эми баинде кала албайт. Тек гана бөлөк-бөлөк бөлмөлөрдө кала алат. Тактап айтканда бири-бирине чоочун болот.

9 – Талаки рижи никени түп тамырынан үзбөйт, бираз кемтик туудурат. Рижи жарадар кылууга окшойт, баин болсо өлтүрүүгө окшойт.

10 – Рижи талакта Ила, зыхар өтөт. Казф кылса (сойкусуң деп жалаа жабылса) лиан керек болот.

Ила: Аялына төрт ай же андан да көп убакытты айтып же убакытты айтпай "сага жакындабаймын” деп ант берүү. Төрт ай ичинде жакындабаса бир талаки баин болот. Төрт ай ичинде антын буза турган болсо ант каффаратын берүү керек болот.

Зыхар: Эркектин аялын же аялынын жүзүн, башын, аврат жери сыяктуу мүчөлөрүн махрам тууганынын кароосу арам болгон жерине окшоштуруу. Мисалы "Сенин башың энемдин аркасына окшойт” деген сыяктуу сөздөр. Каффаратсыз аялына жакындык кылуусу, өбүүсү, бирге жатуусу харам болот. Зихар каффараты орозонун каффараты менен бирдей.

Лиан: Аялына зина кылдың же бул бала менден эмес десе, аялы акимден лиан сураса, аким лиан кылуусун буйрук кылат. Лиан кылуу үчүн алгач эркек "айткан сөзүм чын” деп ант берет. Төрт жолу кайталайт. Бешинчисинде "Жалган айтып жаткан болсом Аллахтын лаанаты мага болсун” дейт. Анан аялы төрт жолу "Анын айтканы чын болсо Аллахтын каары мага тийсин” дейт. Анан аким аларды бир талаки баин менен ажыраштырат.

Казф: Намыстуу кызга же аялга "зина кылган” деп жалаа жабуу.

Мас адамдын сөздөрүнүн өкүмү

Суроо: Мас адамдын талак берүүсү жана куфурга себеп болгон сөздөрдү айтуусунун динибизде күчү барбы, б.а., анын сөзү өтөбү?

Жооп: Жиндинин, жаш баланын, алжып калган адамдын, уйкудагы адамдын жана оору менен жана жинденип эмне айтып жатканын билбеген адамдын айтуусу менен талак болбойт. Бул эки түрдүү болот: Маанисин билбей, антип айтууну көздөбөстөн, каалабай айтылганда талак болбойт. Жана маанисин билип туруп жана өзү калп айтып, анан айтканын унутуу, билбөө. Бул сөзүн эки күбө угуп анан айтса ажырашкан болот.

Эсинен талып калган, жинденген, дары же спирт ичимдигин ичүү аркылуу мас болгон адамдын даараты бузулат. Талак бере турган эркек абдан дыкат болууга тийиш. Мастын сөзү же каты менен талак өтөт. Шафии мазхабында мастын сөзү менен талак өтпөйт.

Мас кезинде билбей куфурга себеп болгон бир сөздү айткан адамдын ыйманы кетпейт. Муртад болбойт. Бирок, мас кезинде аялынан ажырашуусу жана соодасы сахих болот.

Күйөөсүнөн ажырашпаган аял башка эркекке турмушка чыга албайт.

Суроо: Бир жагдайга байланыштуу түрмөгө түштүм. Аялым узак жылдар бою түрмөдө кала турганымды ойлоп башка бирөөгө турмушка чыгыптыр. Бул жагдайдан такыр кабарым болбоду. Көп өтпөй түрмөдөн чыктым. Аялым жаңы күйөөсүнөн ажырашып кайрадан мени менен үйлөндү. Бирок, ажырашкандан кийин иддет мөөнөтүн күтүү деген нерсе бар экен, биз иддет мөөнөтүн күткөн жокпуз. Күнөө болобу?

Жооп: Ал ансыз деле сиздин аялыңыз болчу. Сиз андан ажырашкан жок элеңиз. Анын башка бирөөгө турмушка чыгуусу жаиз эмес эле. Кайрадан сиз менен бирге болуусу үчүн иддет мөөнөтүн күтүү керек эмес, жада калса, нике кыйдыруу да керек эмес. Бирок, ар качан никени жаңылап туруу жакшы болот. Сиз андан ажырашмайынча аялыңыз башка бирөөгө эч качан турмушка чыга албайт.

Ажырашуу ниети менен

Суроо: Бир адам аялынан ажырашуу ниети менен "атаңдын үйүнө кет” деген сыяктуу жабык сөз айткан болсо, аялы "ажырашуу ниети менен айтып жатасыңбы?” деп сураса, ал "жок, кыдырып келүүң үчүн айттым” деп моюндабай койсо аялынан ажырашкан болобу?

Жооп: Ооба, ажырашкан болот, анткени мындай учурда ниетке каралат.

Ажырашуу арызы

Суроо: Аялым менен бирге адвокатка барып ажырашууга чечим кабыл алдык деп арыз жаздык. Арызга ажырашууга чечим кабыл алдык деп кол койдук, диний жактан бир талак берилген болобу?

Жооп: Ооба.

 

Коркутулуп ажырашуу

Суроо: Шафии мазхабында күч колдонулуп, коркутулган адамдын сөзү менен талак өтпөй тургандыгын билген Ханафи киши талак берүү үчүн коркутулганда талактын сахих болбошу үчүн Шафии мазхабын таклид кылса (карманса) болобу?

Жооп: Ооба, жаиз болот.

Талаки баин

Суроо: Ажырашуу ниети менен аялыма "Сени аялым катары кармасам Аллах менин жанымды алсын” деп айтуу менен бир талаки баин болобу?

Жооп: Ооба.

Иддет мөөнөтү ичинде талак

Суроо: Илмихал китебинин талак бөлүмүндө: "Рижи болсо да, баин болсо да үчтөн аз талак берилген аялга иддет мөөнөтү ичинде кайрадан талак берүүгө болот”, - деп жазылган. Бир талак берүү менен ансыз деле аялынан ажырашкан абалда эмеспи, экинчи талак өтпөйт эмеспи?

Жооп: "Иддет мөөнөтү ичинде кайрадан талак берүүгө болот”, - деп жазылган. Анткени, аял дагы эле ал адамдын аялы болуп эсептелет. Эркек нафака берүүгө мажбур. Аял да бул мөөнөт бүтпөй туруп башка адамга турмушка чыга албайт. Өлүм иддетинде да аял иддет мөөнөтү бүтпөй туруп башкага турмушка чыга албайт, өлгөн адамдын аялы болуп эсептелет. Өлгөн күйөөсүнүн денесин карай алат.

Үч талак

Суроо: Илмихал китебинде бөлөк-бөлөк үч убакытта бир жолудан ажырашуунун үч талак боло тургандыгы айтылган. Бир адам бир убакытта "сенден ажыраштым, сенден ажыраштым, сенден ажыраштым” десе же бир саат аралык менен үч бөлөк жерде "сенден ажыраштым” десе да үч талак болобу?

Жооп: Ооба, никенин үч боосу үзүлгөн болот.

Сен мага харамсың

Суроо: Илмихал китебинде "Эркек аялына "сен мага харамсың” десе, ажырашууга ниет кылбаса да бир талаки баин жүзөгө ашат” делген. Бул сөз жабык болсо эмне үчүнниет керек эмес? Ал эми эгер бул сөз ачык сөзгө жата турган болсо анда эмне үчүн талаки рижи болбойт?

Жооп: Бул эрежеге багынбай турган өзгөчө бир жагдай. "Сен мага харамсың” деген сөзжабык болуусуна карабастан ачык сөздөгү сыяктуу ниетке каралбайт. Жабык сөз болгондуктан талаки баин болот.

Сен харамсың

Суроо: Ажырашуу эрки өзүндө болгон аял күйөөсүнө "сен харамсың” десе ажырашкан болобу?

Жооп: Ажырашкан болбойт. Эгер "сен мага харамсың” десе ажырашкан болот. Анткени, эркек никелүү болбогон бардык аялдарга харам болуп саналат. "Сен мага харамсың” деген кезде кимге арам экени билдирилген болот. Ал кезде талак өткөн болот.

Биринчи талакты тастыктоо

Суроо: Адвокатка барып "Аялым менен ажырашууга чечим кабылдадым” деп арыз жаздым. Адвокат мага: "Аялыңыз менен ажырашууга чечим кабыл алганыңызга ишендиңизби?” - деп сураганда: "Ооба”, - дедим. Кийин өкүндүм. Арызга "Ажырашууга чечим кабылдадым” деп кол койгон кезде бир талак өткөн болобу? Адвокат сураганда "ооба” деген кезимде экинчи талак айтылган болобу?

Жооп: Ажырашууга чечим кабылдадым деген кезиңизде бир талак айтылган болду. Адвокатка "ооба” деп жооп бергениңизде биринчи сөзүңүздү тастыктаган болдуңуз. Экинчи талак айтылган болуп эсептелбейт.

Аялын кызым деп атоо

Суроо: Бир адам аялы менен сүйлөшүп жатканда "ким менен сүйлөштүң” деп сурагандарга "кызым менен сүйлөштүм” десе же аялынын сүрөтүн көрсөтүп "бул менин кызым” десе никесине зыяны барбы?

Жооп: Жок, зыяны жок. Ошол сыяктуу түздөн-түз аялын "кызым”, "энем”, "карындашым” деп атоо менен да талак болбойт. "Мындан кийин энем, карындашым бол” десе гана бир талаки баин жүзөгө ашкан болот.

Мубах нерсе менен мас болуу

Суроо: Азык, дары сыяктуу мубах нерселерди колдонуу аркылуу мас болгон адамдын мас кезинде айткан сөзү менен талак өткөн болобу?

Жооп: Аалымдар арасында бул жагдайга талак болот дегендер да бар, талак болбойт дегендер да бар (Раддул мухтар)

Мындай жагдайда да ар ыктымалга каршы никени жаңылоо керек болот.

Шартка байланыштуу ажырашуу

Суроо: Бир адам аялына: "Баланча жерге бара турган болсоң үч талаксың”, - десе, аялынын ал жерге милдеттүү түрдө баруусу керек болсо, мындан кутулуунун чарасы барбы?

Жооп: Ооба, чарасы бар. Аялынан бир талак менен ажырашкан болот. Иддет мөөнөтү бүткөн соң аялы бош боло тургандыгы үчүн каалаган жерине барып келе алат. Кийин никелери кайра кыйылат. Мындан кийин аялы ал жакка барса да талак болбойт. Боонун бири үзүлгөн болот, калган эки боо менен никелүү өмүрүн уланта берет. (Ниъматул ислам)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш