Суроо: Эгер жубайлардын мүнөздөрү
бири-бирине туура келбесе ажырашууга болобу? Ажырашуу күнөөбү?
Жооп: Ажырашуу чечим эмес. Өзгөчө
ортодо бала болсо, ажырашкандан өткөн жаман нерсе жок. Кемчиликсиз адам
болбойт. Кемчиликсиз дос издеген адам доссуз калат. Кемчиликсиз түгөй издеген
адам түгөй таба албайт. Чыныгы эрдик - кемчиликтүү адам менен жакшы мамиледе
боло алуу, аны менен бирге тынч, ынтымакта өмүр сүрө алуу.
Жубайлар
бири-биринин жаман жактарына сабыр кылуулары керек. Хадиси шарифте мындай деп
айтылган: "Аялынын жаман мүнөзүнө сабыр кылган эркек Аййуб пайгамбардын сабыры
үчүн берилгендей соопко, ал эми күйөөсүнүн жаман мүнөзүнө сабыр кылган аял
Асияга берилгендей соопко ээ болот.” (И. Газали)
Уруш-талаштарда
күнөөнү өзүбүздөн издөөгө аракет кылышыбыз керек. Меники туура деген менен эч
нерсе утпайбыз. Тескерисинче, жоготушубуз мүмкүн. Ар бир үй-бүлөдө
кыйынчылыктар, жаңжалдар болушу мүмкүн. Төгөрөгү төп болгон (идеалдуу) адам
табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, турмуш курган кезде кыйын жагдайларга да даяр
болуу керек жана сабыр кыла алуу керек. Жинденип турган кезде чечим кабыл
алуудан узак болуп, чектен ашпоого көңүл буруу абзел. Көп жагдайларда жинденип
турган кезде ажырашкандар көп өтпөй эле тизесин чаап өкүнүп калышат.
Ажырашуу күнөө
эмес. Бирок, Аллаху таала халал да болсо талакты жактырбайт. Пайгамбарыбыз
мындай деген: "Аллаху тааланын эч
жактырбаган халал нерсеси - талак (ажырашуу).” (Хаким) Сабыр кылуу керек,
мамилесин оңдоп, уруш-талашпоого аракет кылуу керек.
Ажырашуунун балдарга таасири
Ажырашуунун
балдарга тийгизе турган таасири баланын жашына, ажырашууга чейинки жана кийинки
шарттарга байланыштуу.
Мурда болгон
көйгөйлөр, ажырашуу кезинде жана ажырашкандан кийин пайда болгон
кыйынчылыктардан баланын таасирленүүсү да баланын канча жашта экендигине
байланыштуу.
Ажырашар кезде
6-7 жаштан кичине балдар эмне болуп жатканын түшүнө алышпайт. Эне-атанын
жагдайды түшүндүрүп бербөөсү же бири-бирин айыптоосу баланын зээнинин
бузулушуна себеп болушу мүмкүн. Кичинекей бала ажырашууну, эне-атанын жаңыдан
башкага үйлөнүүсүн түшүнө албайт. Эмне үчүн атасында же энесинде калганын
түшүнө албайт. Экөөнү тең көргүсү келет, алардын бирге болуусун каалайт.
Оюндагы мындай баш аламан жагдайларда бала айлана-тегерегиндегилер менен карым-катнашын
үзүү же агрессиялуу болуусу мүмкүн.
Балдар кээ бир
жагдайларда болгон иштерден өздөрүн жоопкер деп билүүсү мүмкүн. Эне-ата балага
тийиштүү маселелерде жаңжалдашса, мисалы; баланын кимде кала тургандыгы
тууралуу талашып-тартышып жаткан болушса, бала бул иштерден өзүн күнөөлүү
сезет. Атасы же энеси көрүп кетүүгө келбеген болсо, алардын башка иштери чыгып
калышы мүмкүн экенин ойлобой, "Мени жакшы көрбөгөндүктөн келбеди” деп ойлойт.
Энесинин карамагында калган болсо, энесинин атасы тууралуу айткан сөздөрүнөн
таасирленип, өздөрү дагы ошого окшош сөздөрдү айтышы мүмкүн. Эне-атасынын
биринин жанында болсо экинчисинен баш тартышы мүмкүн. Анткени, аны баласына
жамандашы мүмкүн. Анан бала да аны көргүсү келбей калат. Мисалы, бала атасынын
карамагында болсо, атасы башка аялга үйлөнсө, баласына биринчи аялын жамандап,
баланы андан алыстатуусу мүмкүн.
Бул жагдай
балада ар түрдүү сезимдердин пайда болуусуна жана кулк-мүнөзүнүн начарлашына
себеп болушу мүмкүн.
Чоң кишилерде
болгон сыяктуу таарынуу, ачуулануу, коркуу сезимдери ойгонот. Бирок, бул
сезимдерине себеп болгон нерселерди толук түшүнө албайт.
Ар бир
ажырашуунун балага милдеттүү түрдө тескери таасири болот. Маанилүүсү ошол
таасирлерди эң аз деңгээлге түшүрүүнү камсыз кылуу. Ал үчүн алгач эне-атанын
баласынын кайсы тарапта калуусу тууралуу бир келишимге келип, баланы
бири-бирине каршы колдонбоо жана өзгөчө 5-6 жаштан кичүү балдардын энесинин
колунда калуусу керектиги камсыз кылынышы зарыл.