Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнүүнүн пайда жана зыяндары




Үйлөнүүнүн пайда жана зыяндары


Суроо: Үйлөнүү пайдалуубу же зыяндуубу? Үйлөнөрдө кайсы нерселерге маани берүү керек?

Жооп: Үйлөнүүнүн пайдалуу же зыяндуу болушу адамга байланыштуу. Кээ бирөөлөр үчүн үйлөнүү дүнүйө жана акырет бакытына себеп болот, кээ бирөөлөр үчүн бакытсыздыкка себеп болот. Бирөө менен үйлөнүүгө ниеттенген адам бир нече жолу истихара намазын окуп, Аллаху таалага жалбарып, напсинин жана жаман адамдардын ортого кирип кетүүсүнөн сактоосун тилөөсү кажет.

Үйлөнүүнүн пайдаларынын бир нечеси мына булар:

1- Үйлөнгөн адам балалуу болушу мүмкүн. Эгер баласы салих (такыбаалуу) болсо эне-атасына дуба кылат. Ошол аркылуу көптөгөн жакшылыктарга жетет. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Өлгөндөн кийин сообу токтобой турган жакшы амалдардын бири – салих (такыбаалуу) перзент тарбиялоо. Эне-атасы өлгөндөн кийин баланын кылган дубалары эне-атасына жеткирилет.” (Муслим)

Бала эне-атасынан мурда бала кезинде кайтыш болсо, ал эми эне-ата бул кайгыга сабыр кыла турган болсо акыретте баласы шапаатчы болот.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган: «Балага Бейишке кир деп айтылган кезде өпкөлүү түрдө "эне-атамсыз кирбеймин” деп айтат. Кийин эне-атасы менен бирге Бейишке кирет.” (Насаи)

"Балдар Бейиштин эшигинин алдында жыйналып, бардыгы бир добуштан ыйлап эне-атасын сурашат. Булардын жан добушу эне-аталары жандарына келгенге чейин жана ар бири эне-аталарынын колдорунан кармап Бейишке киргенге чейин уланат.” (И. Газали)

2- Үйлөнбөгөн адам көзүн харам нерселерден сактай албашы мүмкүн.

Үйлөнүү адамды шайтандын азгырыгынан алыстоосуна жана динин коргоосуна көмөк берүүсү мүмкүн. Хадиси шарифте мындай деп айтылды: "Үйлөнгөн адам дининин жартысын сактайт. Калган жартысын сактоо үчүн Аллаху таалага каршы чыгуудан сактансын!” (Таберани)

"Шүгүр кылган көңүлгө (жүрөккө), зикир кылган тилге жана акырет жолунда силерге көмөкчү боло турган салиха (жакшы) аялга ээ болууга аракет кылгыла!” деген хадиси шарифтеги салиха аялдын зикир жана шүгүр менен бирге айтылуусу анын чоң нимат (Аллаху таала берген жакшылык) экендигин көрсөтүүдө. Салиха аял динин коргоодо көмөкчү болуп саналат. (Тирмизи)

Хазрети Омар мындай деген: "Ыймандан кийин жакшы аялдан да артык нимат (жакшылык) жок.”

Азыркы доордо бойдок болуп динин коргоо кыйын. Үйлөнүү динди коргоого жардамчы болуп саналат. Хадиси шарифте мындай деп айтылды: "Бир жаш жигит үйлөнгөн кезде шайтан ага: "Аттиң, динин менден коргоду!” – дейт.” (И. Асакир)

Дагы башка хадиси шарифте болсо үйлөнгөн адамдын эки рекет намазы бойдоктун сексен рекет намазынан да артык соопко жеткире тургандыгы билдирилген. (Рамуз)

3- Аялдарынын жаман мүнөздөрүнө жана алардын муктаждыктарын камсыз кылууда сабыр кылуу чоң ибадаттардан болуп эсептелет. Хадиси шарифте:

"Күнөөлөрдүн ичинде ушундай бир күнөө бар, үй-бүлө кыйынчылыктарынан башка эч нерсе ага каффарат (жаза) боло албайт.” (Таберани)

Жаман аялдардын ортосуна түшүп, напсине алданып, күнөөгө батуудан корккон жигиттин салиха, таза мусулман кыз таап үйлөнүүсү фарз. Мындай кыйын абалга тап болбогон жаштардын билим алууга, жакшы мүнөздүү болууга аракет кылып, аялдарга катыштуу жеке илимдерди үрөнгөндөн кийин үйлөнүүлөрү керек. Бала-чакасына нафакасын (тамагы, кийими, жашай турган жерин) адал жолдон камсыздай албай турган адамдын үйлөнүүсү туура эмес.

Мусулман жигиттин эң алгач өз динин жакшылап үйрөнүүсү зарыл. Ошондон кийин гана сүннөттү орундоо ниети менен үйлөнө алат. Адептүү, уяттуу, жакшы мүнөздүү, динин, ыйманын, Исламдын шарттарын билген, Исламга моюн сунган, көчөдө диндин буйругуна ылайык кийинген кызга үйлөнүү керек! Ар-намыстуу жана динине бекем кыз издөө керек! Милдеттүү түрдө бай болсун, сулуу болсун дебеш керек! Байлыгы менен сулуулугу үчүн ар-намысты жана диндарлыкты колдон чыгарып албоо керек! Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Аялды байлыгы үчүн же болбосо сулуулугу үчүн, же болбосо диндарлыгы үчүн алат. Силер диндар болгонун алгыла! Байлыгы үчүн үйлөнгөн адам байлыгына жете албайт. Бир гана сулуулугу үчүн үйлөнгөн адам да сулуулугунан куру калат.” (Муслим)

Диндар жана сулуу болсо нур үстүнө нур болуп саналат. Дагы бир хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Сулуулугу менен байлыгы үчүн үйлөнгөн адам экөөнөн тең куру калат. Диндалыгы үчүн үйлөнгөн адамга байлык менен сулуулук да берилет.” (Табарани)

Никеден мурда кызды көрүү сүннөт болуп эсептелет. "Көрбөй туруп үйлөнүүнүн арты кайгы менен өкүнүч” деген хадиси шариф никеден мурда кызды көрүүнүн маанилүүлүгүн билдирип турат.

Аны менен катар үйлөнүүнүн оорчулуктары да көп. Үй-бүлөнүн, бала-чаканын жоопкерчиликтери бар. Ар бир эркек ушул жоопкерчиликтен кутула албайт. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган: "Экинчи кылымдан кийинки адамдардын эң кайырлуусу – кайгысы аз жана бала-чакасы болбогону.” (Абу Йала)

"Ушундай бир күн келет, адамдар аялынын, эне-атасынын жана бала-чакасынын колунан оопат болот. Алар аны кедейлик менен айыптап, күчү жетпей турган нерселерди кылуусун талап кылышат. Ошондон улам эркек кооптуу иштерге бел бууп, динден чыгып, оопат болот.” (Байхаки)

"Пенденин тоодой жакшылыгы, сообу болсо да кыяматта үй-бүлөлүк милдеттеринен, алардын жоопкерчиликтеринен, мал-мүлкүн кантип таап, каерге жумшаганынан суракка тартылат. Ушинтип бардык жакшылыгы карыздарына төлөнүп, өзүндө эч нерсе калбайт. Ошондо бир периште: "Бул бала-чакасы дүнүйөдө бардык соопторун жеп бүтүргөн, бүгүн болсо туткунда калган адам!” - дейт.” (И. Газали)

Үйлөнүүнүн оорчулуктарынын бир канчасы:

1 - Халал нафака табууда кыйналган адам харам жолго түшүп, өзүн оопатка түртөт. Бойдок болсо өз күнүн көрүү алда канча жеңил болот. Кыяматта адамдын эң биринчи душманы үй-бүлөсү болот. Алар мындай дейт: "Йа, Раббим, андан биздин акыбызды ал! Биз билген эмеспиз. Ал бизге харам нерсе жегизди.” Ошентип, бала-чакасынын акысы алынат. Бир гана мал-мүлктөн эмес билим жагынан да үй-бүлөнү сабатсыз калтырбоо керек! Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Адам өз үй-бүлөсүн сабатсыз калтыруудан да чоң күнөө менен Аллаху тааланын алдына чыга албайт.” (Дайлами)

2 - Аялы менен тил табыша албоо, жаман мүнөздөрүнө сабыр кыла албоо да жаман. Чабан өз малынан, падыша кол астындагылардан жоопкер болгону сыяктуу эркек да өз кол астындагы үй-бүлөсүнөн жоопкер болот. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Кишиге кол астындагы (жоопкерчилигиндеги) адамды карабоосу күнөө катары жеткиликтүү.” (Насаи)

Аллаху таала өзүбүздү жана үй-бүлөбүздү Тозоктон коргообузду буюрду. Бирок, адам жада калса, өзүн коргоодо да алсыз болуп туруп кол астындагыларды кандайча коргомокчу? Чатак мүнөздүү, тез ачууланган адамдар аялынын жаман мүнөздөрүнө сабыр кыла албай тургандыгы үчүн алардын үйлөнбөгөнү жакшы болот.

3 - Бала-чака көңүлдү (жүрөктү) караңгылыкка тумчуктурушу мүмкүн. Өзүнө ибадат кылууга тоскоол болушу мүмкүн. Абу Сулайман Дарани хазрети мындай дейт: "Бойдоктукка чыдоо үй-бүлөнүн кыйынчылыгына чыдоодон да кайырлуу.”

Жакшы мүнөздүү, нафакасын халал жолдон таба ала турган, аялын таарынтпай турган, үйлөнүүсү ибадатына эч кедерги болбой турган адамдын үйлөнүүсүнүн эч коркунучу жок. Ал эми нафакасын халал жолдон таба албай турган, эч ким менен ымала боло албаган, жаман мүнөздүү жана үйлөнүүсү жакшы иштерди кылуусуна кедерги боло турган адамдын үйлөнүүсү кооптуу болуп эсептелет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш