Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнүүгө чейин эмне кылуу керек




Үйлөнүүгө чейин эмне кылуу керек


Суроо: Али үйлөнө элек жигит күнөө кылбоо үчүн эмне кылууга тийиш? Үйлөнө турчу кезде кыздын кандай сапаттары маани берүү керек? Акыреттик бакыт үчүн байлык шартпы?

Жооп: Үйлөнүүгө чейин тез-тез орозо кармап турсаңыз жакшы болот. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Үйлөнүүгө алы жеткен үйлөнсүн! Үйлөнүү көздү арамдан сактайт. Кандайдыр бир себеп менен үйлөнө албаган адам орозо карсамын! Анткени, орозо шахватты (кумарды) сындырат”, - деп айткан. (Зия)

Үйлөнөр кезде салиха (диндар, жакшы, такыбаа) кызды издөө керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Салиха аялга жеткен адам дининин жартысын коргогон болот. Калган жартысында Аллахтан коксун.” (Табарани)

Акыреттик бакыт үчүн байлык шарт эмес. Бир адам Пайгамбарыбызга намаз менен орозодон башка ибадат кыла албай жатканын, акчасы болбогондуктан зекет, садага бере албай жатканын жана ажылыкка бара албай жатканын, жакшылык кыла албай жатканын айтып, жагдайынын кандай боло тургандыгы тууралуу сураганда Пайгамбарыбыз: "Эгер көңүлүңдү рия менен хасаддан (көралбастыктан), тилиңди гыйбат (жалаа, ушак) менен жалгандан, көзүңдү намахрамдан (чоочун аялдан) жана адамдарды жактырбай кароодон сактасаң, Бейиште мени менен бирге болосуң”, - деди.

Мусулман жигит менин үйлөнө турган убакытым жетти деп айта алуусу үчүн алгач динин мыкты үйрөнүп алуусу зарыл. Андан соң сүннөттү орундоо ниети менен үйлөнүүсү керек. Адептүү, ыймандуу, уяттуу, дининин, ыйманынын, Исламдын шарттарын үйрөнгөн, Ислам динине моюн сунган, көчөдө жүргөндө Ислам дини буйрук кылынгандай кийинген кызга үйлөнүү зарыл. Динин бекем карманган, ар-намыстуу кызды издөө керек. "Жаман болсо деле акчасы, байлыгы бар, сулуу болсо болду” дебеш керек. Байлыгы менен сулуулугу үчүн ар-намысты жана диндарлыкты колдон чыгарбаш керек!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш