Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнө турчу эректерге кеңештер




Үйлөнө турчу эректерге кеңештер


Мусулман бир эркек "Менин үйлөнө турчу убакытым келди” деп айта алуусу үчүн алгач динин мыкты үйрөнүүсү зарыл. Ошондон кийин сүннөттү орундоо ниети менен үйлөнүү керек. Адептүү, ардуу-уяттуу, жакшы мүнөздүү, дининин, ыйманынын, Исламдын шарттарын билген, Исламга моюн сунган, көчөдө диндин буйругуна ылайык кийинген кызга үйлөнүү керек! Ар-намыстуу, диндар кыз издөө керек! Сөзсүз бай болсун, жетиштүү өлчөмдө малы-мүлкү болсун, сулуу болсун дебеш керек! Байлыгы менен сулуулугу үчүн ар-намысты жана диндарлыкты колдон качырбоо керек!

Төмөндөгү эрежелерге шайкеш жашаган эркек бактылуу болот:

1) Аялына карата ар дайым жумшак, көркөм мүнөздүү болуу керек. Аллаху таала жакшы мүнөздүү адамдарды жакшы көрөт, ал эми жаман мүнөздүү адамдарды жактырбайт. Аялын таарынтуу харам болуп саналат. Аны менен дайым жумшак мамиледе болуу керек. Үйгө келгенде салам берип, алы-жагдайын суроо керек, ойноп, тамашалашып көңүлүн көтөрүү керек. Аялы менен ойноо сооп болот. Башына түшкөн кыйынчылыктарды, душмандарын, карыздарын айтып, анын көңүлүн түшүрбөө керек. Эгер көңүлү жок болуп турса аны сүйгөндүгүн айтып, ал-жагдайын сурап, жылуу-жагымдуу сөздөрдү айтуу керек. Хадиси шарифте: "Мусулмандардын эң жакшысы, эң пайдалуусу – аялы менен жакшы мамиледе болгону жана пайдалуу болгону”, - деп айтылды. (Насаи)

2) Орундоо кыйын болгон нерселерди да "Кудай буюрса орундаймын!” деп сөз берип, көңүлүн алуу керек. Анткени, ал - эркектин өмүрлүк жан досу, дартына орток, тамагын даярдоочу, балдарын тарбиялоочу адал жары.

3) Бала тарбиясында ага жардамдашуу керек. Бала күнү-түнү ыйлап, энесине тынчтык бербейт, айоосуз тынчын алып, аны кыйноосу мүмкүн. Андай болсо, ага жардамдашкан адамга Аллаху таала жардам берет.

4) Мүмкүнчүлүгү болуп турса аялына жашаган жерде адат болгон кийим-кеченин, зыйнат буюмдардын эң мыктысын сатып берүү керек. Аял көчөгө чыккан кезде мындай буюмдарын жаап (жашырып) жүрүүгө, чоочун эркектерге көргөзбөөгө тийиш. Адалдан болгон эң жакшы азык-түлүктөрдөн алып келүү керек. Тамакты жалгыз өзү жебеши керек. Бала-чакасы менен бирге отуруп жеген сооп. Үйгө нафака (тамак-аш, кийим-кече, жашачу  жер) алууда сараңдык кылбоо керек жана ысырап да кылбоо керек. Бала-чакага сарпталган акчанын сообу садаганын сообунан көбүрөөк. Үй-бүлөсүн нафака менен камсыз кыла албай турган адамдын үйлөнүүсү харам болот.

5) Аялы менен жакшы мамиледе болуу керек. Аны урушуп, үнүн бийик көтөрбөө керек. Мал-мүлкүнө жана ар-намысына кыянат кылбаган аялдарды урушмак түгүл таарынтуу да жаиз эмес. Дүнүйөлүк иштерине байланыштуу кемчиликтери үчүн урушмак түгүл бир да оор соз айтпоо керек. Аялдардын жүрөктөрү (көңүлдөрү) өтө назик, сезимталболгондуктан бири-бирилерин көрө албай, кызганган учурлары көп кездешет. Ошондуктан, өзгөчө жаңы үйлөнгөн жаштар бул маселеде өтө сак болушу керек. Энеси, эже-карындаштары жана башка аялдар өз аялын жамандаган кезде бул сөздөрүнө алданып калбоо керек. Мындай сөздөргө жол бербөө керек. Мындай сөздөргө алданып аялын таарынтып алуудан сактануу керек. Энеси жана эже-карындаштарына каршы аялынын айткан сөздөрүнөн да сак болуу керек. Эне-атасынын жапа чегүүсүнө жол бербөө керек. Эне-атасына өзү, аялы жана бала-чакасы милдеттүү түрдө урмат көрсөтүүгө тийиш. Эне-атага жана кайната менен кайын энеге урмат, кызмат кылууну биринчи милдет деп билүү керек. Улуулардын ыраазылыгын, батасын алууга аракет кылуу керек. Алардын баталарын алууну чоң казына деп билүү керек.

6) Аялынын жаман мүнөзүнө жумшак, сабырдуу мамиле жасоо керек. Аны менен жакшы карым-катнашта болууга аракет кылуу керек. Акылдуу күйөө менен аял бири-бирин таарынтпайт. Өмүрлүк жан досун таарынтуу акылсыздыктын, акмактыктын белгиси. Жаман мүнөздүү адамдын аялы дайым таарына берип, нервдери чыдабай калат. Нерв жана башка түрдүү ооруларга чалдыгат. Аялы оорулуу болгон адам бактысыз болот. Аялынын кызматтарынан, көмөктөрүнөн куру калат. Өмүрү анын дартына дабаа издөө менен өтөт. А негизи бардык бул дарттарга өзүнүн жаман мүнөзү себеп болгон. Канча өкүнсө дагы эми бул өкүнүчтүн эч кандай пайдасы болбойт. Андай болсо, аялына көргөзгөн жаман мүнөзүнүн зыяны келип өзүнө тийет. Ошондуктан, ага карата дайым жылуу жүздүү, таттуу тилдүү болууга аракет кылуу керек!

7) Аялынын мүнөзү жаман жакка карай өзгөргөн болсо буга өзүн күнөөлүү деп билүү керек, "эгер мен жакшы болгонумда, ал да мындай болмок эмес” деп ойлоосу керек.

8) Ал ачууланган кезде унчукпоо керек. Ошентип, ал кылган ишине өкүнүп, кечирим сурашы мүмкүн. Жакшылыктарын көргөндө Аллаху таалага шүгүр кылып, ага дуба кылуу керек. "Күйөөм мени өтө жакшы көрөт” экен деп ойлой тургандай мамиледе болуу керек.

9) Күнөөгө жатпаган кемчиликтерин көрбөгөнгө аракет кылуу керек. Күнөө иштерден баш тартуусун, намаз, орозо жана гусул алууну улантуусун жумшак, жылуу сөздөр менен түшүндүрүп айтуу керек. Кымбаттуу нерселерди сатып берем деп убада кылып, ибадаттарын кылдыртып, күнөөлөрдүн алдын алуу керек. Кемчиликтерин, сырларын башка бирөөлөрдөн жашыруу керек. Курани карим окууну жана ислам илимдерин үйрөтүү керек. Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуу керек.

10)  Ага дайым кайырлуу (жакшы) дуба кылуу керек. Анткени ал – үйдүн күзөтчүсү,  ашпозчусу, тигүүчүсү, жолдошу жана өмүрлүк жары.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш