Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнгөн адамга жардам берүү




Үйлөнгөн адамга жардам берүү


Суроо: "Үйлөнгөн адамга жана үй салып жаткан адамга Аллах жардам берет” деген сөз бар. Кедейликтен улам үйлөнө албай жүргөн адам үйлөнүүгө аракет кылса, Аллах ага жардам береби?

Жооп: Эгер харамдан сактануу ниети менен үйлөнө турган болсо, албетте, ага Аллаху таала жардам берет. Төмөндөгү төрт хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Харамдан сактануу максаты менен үйлөнгөн адамга Аллаху тааланын жардамы хак болот.” (Ибн Мэний)

"Үйлөнүп ырыскыңарды издегиле!” (Дайлами)

"Аллаху таала үйлөнгөн күйөө менен аялдардын тамашалашууларын жактырат жана ушундан улам экөөнө тең сооп жазат, ырыскыларын адалынан көбөйтөт.” (И. Адий)

"Аял менен күйөө бири-бирине жакшылык кылып, урмат көргөзгөн кезде Аллаху таала аларга мол ырыскы берет жана аларды өз камкордугуна алат.” (И. Асакир)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш