Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Сулуулук жетиштүүбү




Сулуулук жетиштүүбү


Француз императору 3-чү Наполеон өз мезгилинде дүнүйөнүн эң сулуу аялы деп саналган Теба графинясы Мария Евгения менен үйлөнүүгө чечим чыгаргандыгын жарыялаганда көпчүлүк таң калуу менен нааразылыктарын билдиришет. Тажрыйбалуу кишилер бул чечимдин туура эмес экендигин айтышат. Ал эми Наполеон айтылган сөздөргө кулак салбай бул чечимин жүзөгө ашырат. Экөө тең бири-бирин абдан жакшы көрүшчү. Экөө тең таанымал, сулуу, көп байлыктары бар эле. Бирок, бир нерсе жетчү эмес. Аялы өтө сулуу болгону менен өтө жаман мүнөздүү эле. Евгениянын канайым болуусу да, махабаттарынын күчү дагы, тактын кудурети дагы бул үй-бүлөнүн кулоосунун алдын ала албады. Евгения Наполеон үчүн анык баш ооруга айланды. Күмөн менен алпурушкан Евгения Наполеондун эң бош эмес кездеринде жанына барып, эң маанилүү кездешүүлөрүн үзүп, кыйкырып ызы-чуу чыгарчу. Оюна келгенин кылчу, эжесинин жанына каччу, күйөөсүн арызданып ыйлачу, акыры Наполеонго кайтып келип айыптоолорун жаадырчу. 

Чоң салтанаттын, кооз сарайдын ээси болгон Наполеон бир заматта ойлорун жыйнаш үчүн бир бөлмө табуудан калат. Аялдын теңдешсиз сулуулугу эми анын коркунучтуу түшүнө айланды. Мурда анын жүзүнө караганында ырахаттанган Наполеон эми аны көрбөгөн кездеринде ырахаттана турган болду. 

Жаман мүнөздүн уулуу таасири жана аял кыйкырыгы падышаны дагы үйдөн качырды.  20 жыл ажырашуу иштери менен алектенген таанымал адвокат мындай дейт:

"Эркек адамдардын өз үйүнө эрте баруудан качып, кыдырып кетүүлөрүнүн эң башкы себебинин үйдөгү аялдарынын ызы-чуусу болуусу экендигине күбө болдум. Көп аялдар өз үй-бүлөлөрүнүн көрүн ушинтип казышат...”

Жар тандаганда үй-бүлөлүк өмүрүңүздү бактылуу кылуу жана үйүңүздү тозок азабына айлантпоо үчүн бардык нерседен мурда аялда жакшы мүнөз издөө керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз 1400 жыл мурда үй-бүлө бакытынын формуласын мындай деп билдирген: 

"Аял байлыгы үчүн, сулуулугу үчүн же дини үчүн алынат. Сиз болсо диндар болгонун, жакшы мүнөздүү болгонун алыңыз! Байлыгы үчүн алган байлыгына жете албайт. Бир гана сулуулугу үчүн алгандар дагы сулуулугунан куру калышат.”

Дене сулуулугу эмес руханий сулуулук маанилүү

Осмон империясынын соңку доорунда жашаган бир генералдын уулу болот. Атасы уулун жакшы мүнөздүү, динине бекем, күйөөсүнө адал түгөй боло турган кызга үйлөндүрмөкчү болот. Генералдын жубайы: "Кароолчубуздун бир кызы бар экен. Өзүм көргөн жокмун, бирок, элдер аны мага көп макташты. Аййуб деген кедей райондо жөнөкөй үйдө турушат экен. Ошол кызды бир көрсөк,” – дейт. Генерал аялынын бул сунушун жактырып, макул болот. Акыры кызынын макулдугун алган кароолчу аны генералдын уулуна берүүгө ыраазы болот. Ошентип кудалык, нике жөрөлгөлөрү орундалып, үйлөнүүсалтанаты (тою) генералдын үйүндө өтө турган болот. Эрежеге ылайык баш кошо турган жаштар бири-бирин үйлөнгөн күнү көрүшчү. Тойдон кийин жашкүйөө жигит жубайынын жүзүндөгү жоолукту ачып, көрүндүгүн бермекчи болуп турганда жүрөгү айланып, жерге жыгылат.

Келин буга чыдай албай: "Мырзам, бетимдеги бул так - бала кезимде чалдыккан тери оорусунанкалган издери, өмүр бою жүзүн кароого мажбур болгон жубайыңыз сизге кыйынчылык туудурду. Бирок, бул менин эркимде болгон кемчилик эмес... Эми сизге өтүнүчүм мындай: сиздин жаныңызда кырк күн конок катары калайын. Ошондон кийин «мүнөзүбүз төп келише албады» деген шылтоо менен үйүмө кайтып кетейин. Муну түшүнүү менен кабыл алууңузду суранамын! Өтүнөм, бул жагдайдан эч кимдин кабары болбосун!..” – деп, көздөрүнө жаш толуп, күйөөсүнүн бутуна жыгылат. Күйөөсү эмне айтарын билбей, айла жоктон макул болот.

Бул кырк күнчөлүк мезгил аралыгында "конок” болуп жүргөн келин кызмат кылып, көркөм мүнөзү менен, кызматы менен, жөнөкөйлүгү менен, мамилеси жана сүйлөө адеби менен үйдөгүлөрдүн баарынын көңүлдөрүндө орун алат.

Бир күнү келин күйөөсүнүн жанына келип, кайгылуу үн менен: "Үйүңүздөгү кырк күндүк меймандостук үчүн ыраазычылыгымды билдиремин. Эми үйүмө кайтып кетүүмө уруксат бериңиз...”, - дейт.

Эми бутка жыгылуу кезеги күйөөсүнө келген болчу, ал аялына жалбарып: "Ардактуу мырзайым! Эгер сиз мени жактырбаган болсоңуз жана үйүңүзгө кайтып кетүүгө чечим чыгарган болсоңуз, ага каршы эч нерсе айта албаймын. Бирок, сиз мен үчүн баажеткис жубайсыз. Көркөм мүнөзүңүз менен адептүүлүгүңүздү көрүп, негизги сулуулуктун бетте эмес жүрөктө экенин түшүндүм жана сизге ашык болуп калдым...”, - дейт. Ошондой сөздөрдү айтып, келинчегин чечиминен баш тарттырды.

Эң маанилүүсү, экөөнүн арасындагы бул сырды балдары түшүнө ала турган жашка келгенде айтып беришет. Ошентип, аларга да үй-бүлөлүк бактылуулукта көңүлдүн тазалыгы жана көркөм мүнөздүн баарынан маанилүүрөөк экенин ошол мисал менен түшүндүрүп беришти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш