Эң сулуу гүл


Илгери өткөн заманда кичинекей шаарда ааламдын эң сулуу кызы жашаган экен. Кыз ушунчалык сулуу болгондуктан, аны көрүү үчүн өтө алыс шаарлардан, элдерден өтө бай, өтө сымбаттуу, теги чоң жигиттер келишчү экен. Колун сурагандардын, канзаадалардын, баатырлардын бирөөнү дагы жактырбаган экен.

Ошол күндөрдүн биринде ошол шаарга жакын жерде жашаган бир жигит кызга ашык болуп, колун сурап барыптыр. Бирок, кыз анын дагы сунушуна макул болбоптур.

Арадан көп жылдар өтөт. Баягы жигит башка шаарга кетип, жаңы өмүр баштап, үйлөнүп бала-чакалуу болот. Күндөрдүн биринде мурун өзү жашаган кичинекей шаарга барып калат. Жолдо баратканда бир таанышын жолуктуруп калат. Аны менен аңгемелешип жатып баягы сулуу кыз эсине түшүп, анын жагдайы тууралуу сурайт. Ошондо таанышы гүл бакчасы бар үйдү көргөзүп, кыздын турмушка чыкканын жана ошол үйдө жашай турганын айтат. Жигит: "Мына кызык! Кезинде эч кимди карабаган бул кыздын күйөөсү ким болду экен?” – деп, таң калып сурайт.

Бир күнү жашырын аңдып жүрүп, күйөөсүн үйдөн чыгып бараткан кезинде көрүп калат. Кыздын күйөөсү семиз, кашка баш, өңү серт бирөө экен. Ал тургай бай да эмес экен. Мунун маанисин билгиси келген баягы жигит күйөөсү кеткен соң, үйдүн эшигин кагат. Кыз эшикти ачканда, өзүн ким экенин айтып, эмне себептен мындай адамга турмушка чыкканын сурайт. Кыз ага: "Тээтиги турган гүл бакчанын ичинен эң сонун гүлдү үзүп алып келсең жообун айтамын. Бирок, бир гана шартым бар. Сулуу гүлдү алуу үчүн алдыга илгерилей аласың, бирок, артка кайтпайсың!” – дейт.

Жигит жүздөгөн сулуу гүлдөрдүн ичине кирип аралай баштайт. Бир кезде өтө сулуу бир сары гүлдү көрүп калат. Аны эми алайын деп турганда, бираз ары жакта ала-кызыл гүлдү көрүп калат. Ага барып колун созгондо андан дагыары жакта бир тутам өтө керемет кызыл гүлдү көрүп калат.

Ошентип, эң сулуу гүлдү табамын деп, алга карай басып кете берип, акыры бакчанын соңунажетет. Кайра артка кайта албаган жигит айла жоктон ошол жерден бир гүлдү үзүп, кызга алып барат. Бакчанын эң сулуу гүлүн күтүп отурган кыз жалбырактары соолуюн деп калган, өңү кеткен гүлдү алып келгенин көрөт.

Ошондо кыз жигитти карап мындай дейт: "Көрдүңбү? Эң жакшысын табамын деп өмүрүңдүн кантип өтүп кеткенин байкабай калат экенсиң. Акырында эң жаманына да макул болууга аргасыз болот экенсиң. Ошондуктан, жаштык чагың колдон кете электе колдо бардын баркын билүү керек!”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш