Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Жакшы жар тандоо үчүн




Жакшы жар тандоо үчүн


Суроо: Жар тандаганда эне-ата айткан кызды алуу керекпиже өзүм издеп табышым керекпи?

Жооп: Жар тандоодо эне-ата, ага-эже, тууган-урук, кошуна, дос-жолдош сыяктуу жакындардын кеңешине, көмөгүнө милдеттүү түрдө кайрылуу керек. Алардын тажрыйбаларынан пайдалануу керек. Жаштар өз алдынча жар тандоолорунда анын келечекте кандай жар боло ала турганын баамдай алуулары, адам тааный алуу жөндөмдүүлүктөрү начар болушу мүмкүн. Анткени, көбүнчө жаштар акыл, тажрыйбага эмес сезимге таянып кыймылдашат. Ал эми сезимдер көбүнчө адамды жаңылтат. Ошондой эле жаштар бири-бирине бир гана жакшы жактары менен көрүнүүгө аракет кылышат, бири-бирине чыныгы жүзүн көрсөтө беришпейт. Ал эми эне-ата же ага-инилердин баланча жерде баланча кыз бар, динине бекем, сыпайы, эптүү, өтө карапайым деген сыяктуу кеңештери менен жар тандоо өтө жакшы ыкма. Бул айрым жерлерде кыз көрүү адаты, айрым жерлерде жуучу түшүү деп дагы аталат. Үй-бүлө куруу, ажырашуу иштерин изилдеген көп адистер, мисалы, "Бакыттын ачкычы Үй-бүлө” китебинин автору, Түркиялык Мехмет Оруч мырза ошол ыкма менен баш кошкондордун арасында ажырашуу көрүлбөйт, болсо да өтө сейрек кездешетдеп маалымдайт. Бул адисти айрым батышчылдар атайылап жамандашат. Жаштардын бири-бирин көрүүлөрүнө жол бербестен, келишпестен мажбурлап үйлөндүрөт экен деп да ойлогондор да аз эмес. Ал эми бул негизинде андай эмес. Эки жактын ата-энеси же жуучу түшүү аркылуу сүйлөшкөн соң, жаштар арийне бири-бирин көрүшөт. Бул - ансыз деле динибизде сүннөт амал. Үйлөнүү максатында жаштар жалгыз калбоо шарты менен кездешип, сүйлөшсө болот. "Көрбөй туруп үйлөнүүнүн арты - кайгы менен өкүнүч” деген хадиси шариф никеден мурун кызды көрүүнүн маанилүүлүгүн билдирүүдө.

Эне-атанын да кеңешин алуу, бул маанилүү чечимде алардын да ролу, салымы болушу керек. Эне-атасын тыңдабай, каршы чыгып үйлөнгөндөрдүн бармагын тиштеп өкүнүп жатканы жана ажырашып жатканы көп кездешүүдө. Алардын бир өмүрлүк мол тажрыйбаларынан пайдалануу керек. Албетте, акыркы чечимди жаштар беришет.

Суроо: Болочок күйөөмдүн акылдуу, намаз окуган диндар, жакшы адам болуусун каалаймын. Исламда жигит менен кыздын таанышып аралашуусуна, жүрүүсүнө тыюу салынган. Андай жигит менен турмуш куруу үчүн эмне кылуу керек?

Жооп: Намаз окуган үй-бүлөлүү аялдар менен аралашып турсаңыз бул маселелер алардын ортомчулугу, жардамы менен чечилет. Өзүңүз дагы көп дуба кылыңыз. Жигиттин туура эмес ишенимде жүргөн мазхабсыз, сектант болбоосуна көңүл буруңуз.

Суроо: Сүйгөн жигитим менден эки жаш кичүү, 11-класста окуйт. Эне-аталарыбыз биздин сүйүүбүзгө каршы. Эне-атабыздын сөзүн угуубуз керекпи же сүйүүбүздүбү? Негизинен үйлөнүү үчүн жигит менен кыз бири-биринин кандай сапаттарына көңүл бурушу керек?

Жооп: Хадиси шарифте мындай деп билдирилди:

"Эне-атасын кызматтары менен ыраазы кылган адам Аллаху тааланы ыраазы кылган болот. Аларды ачууланткан адам Аллаху тааланы ачууланткан болот.” (Ибн Нажжар)

"Эне-атага кылынган жакшылык бактысыздыкты бактылуулукка айлантат, өмүрдү узартат жана адамды жаман өлүмдөн сактайт.” (Абу Нуайм)

"Эне-атага каршы чыгуу чоң күнөө болуп саналат.” (Бухарий)

Андай болсо, эне-ата заалым болуп, баласына зулумдук кылса дагы, күнөө кылууну буйрук кылса дагы аларды таарынтпоого, ачуулантпоого аракет кылуу керек! Аларды таарынта турган сөз жана иш-аракет жаиз эмес. Күнөө болгон, динге каршы болгон буйруктарын орундоо керек эмес, бирок, таарынтып албай турчу бир айласын таап, бул абалдан чыгууга аракет кылуу керек.

Эне-ата жаман болсо да алар менен жакшы мамиледе болуу керек! Алар менен мамилени үзүп коюу - чоң күнөө. Атасына каршы чыккан бала бактылуу боло албайт, муратына жете албайт, үй-бүлөсү менен жакшы карым-катнашта боло албайт, үйүнүн ырахаты, кызыгы болбойт. (Шира)

Ушул насааттарга көңүл бура турган болсоңуз эне-атанын да айтканын бир нече ирет ойлоп көрүү керектигин түшүнөсүз. Анын үстүнө 11-класста окуй турган жигиттин бир үй-бүлөнү багып кетүүсү мүмкүн эмес. Үй-бүлөнү бага албаган жигитке канча жашта болсо болсун турмушка чыгуу харам.

Кыз да, эркек да болочок түгөйүндө мына ушул үч сапаттын болуусуна көңүл буруу зарыл:

1 – Диндар болуусу.

2 – Дени сак болуусу, үй-бүлөлүк жашоого көлөкө түшүрө турчу оорулары болбоосу керек.

3 – Жакшы мүнөздүү болуусу керек. Болор болбос нерсеге ачуулана берген жана битке өчөшүп көйнөгүн өрттөп жибере турчу адамдар менен өмүр сүрүү кыйын болот.

Ушул сапаттары бар уулду да, кызды да өз теңи менен үйлөндүрүү керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Кыздарыңарды теңине, ылайыгы болгон адамга турмушка бергиле!” (Тирмизи)

Теңи дегенибиз эркектин тегинде, мал-мүлкүндө, дин амалдарында жана адамдык сапаттарында кызга ылайыктуу болуусу деген сөз. Антпесе, айлыгынын көп болуусу, дипломдуу болуусу жана белгилүү бир элдин жараны болуусу деген сөз эмес. Теңи – эркектин салих мусулман болуусу, намазын окуусу, ичкилик ичпөөсү, б.а., Исламга моюн сунуусу жана нафакасын камсыз кыла алган даражада жумушунун бар болуусу деген сөз. Тактап айтканда, үй-бүлө күтө алган эркек менен турмуш куруу керек. Өзүн эптей албаган эркек менен турмуш куруу, сүйлөшүү да керек эмес. Эркек төмөндөгү сапаттарда аялдан жогору болушу керек:

1 – Кесипте эркек аялдан жогору же тең болушу керек. Төмөн кесип ээси болгон эркек жогору кесипке ээ аялдын теңи болуп эсептелбейт.

2 – Эркек аялдан бай болуусу керек же айлыгы аялдыкынан көп же бирдей болуусукерек. Бай аял кедей эркектин теңи болуп эсептелбейт. Эркек махри муажжалын же бир айлык нафакасын бере ала турган жагдайда болсо бай аялдын теңи болуп саналат. Айылдык эркек шаардык кыздын теңи болуп эсептелет.

3 – Эркектин аялдан да диндар болуусу же тең болуусу керек. Фасык (ачык күнөө кылуучу) эркек салиха кыздын, жада калса, салих адамдын кызынын да теңи боло албайт.

Ушул шарттарга жооп бере алса жашы өзүнөн кичүү болгон жигит менен дагы баш кошууга болот. Жаштардын махабат дегени дайым деле чыныгы махабат боло бербейт. Кээ бир убактылуу сезимдерге алданып калбаңыз, ойлонуп көрүңүз!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш