Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Жакшы адам менен үйлөнүү керек




Жакшы адам менен үйлөнүү керек


Суроо: Динибизде расалык бөлүнүү деген нерсе барбы? Негр, немец, япон, цыган, сүннит, шиит, христиан, буддист, атеист менен турмуш куруунун кандайдыр бир коркунучу барбы?

Жооп: Эркек менен аял үчүн өкүмдөр ар түрдүү болот. Динибизде мусулман эркектин ахли китап деп аталган (христиан же яхуди) аялга үйлөнүүсү тахриман макрух болсо да жаиз болот. Бирок, мусулман аялдын ахли китап эркек менен баш кошуусу жаиз эмес. Баш кошууга ниет кылгандан баштап мусулманчылыктан чыгат. Мусулман эркек да, мусулман аял да буддист, атеист менен үйлөнө албайт. Үйлөнгөн адам динден чыккан болот.

Динибизде расалык бөлүнүү деген нерсе такыр жок. Диндерге бөлүнүү деген бар. Динибиз кайсы улуттан, кайсы расадан, кайсы уруудан болсо дагы мусулмандар бири-бири менен бир тууган экенин билдирген. Цыган, негр болуу да расага жатат. Эгер алар салих (жакшы, диндар) мусулман болсо үйлөнүүнүн эч бир коркунучу жок.

Аял мусулман болгон немец же япон менен баш кошо алат. Бирок, ал адамдын салих (жакшы, такыбаалуу) болуусу маанилүү. Намаз окуган жана харамдардан сактанган адам болуусу керек.

Эркектин да үйлөнө турган кызында болуусу керек болгон эң башкы өзгөлүк – намаз окуусу жана көчөдө динге ылайык кийинүүгө маани берүүсү. Мусулманмын деген кыз эгер намаз окубаса, көчөдө ачык жүрсө ал кызга үйлөнүү күнөө болот. Ал эми мусулманмын деген жигит намаз окубаса, ичкилик ичип, зина, уурулук сыяктуу харамдардан сактанбаса аны менен дагы үйлөнүү динибизде күнөө болот. Анткени, "Шират-ул Ислам” китебиндеги хадиси шарифте мындай делген:

"Кызын фасыкка (ачык күнөө кылуучу адамга) турмушка берген адамдын дубасы менен ибадаттары кабыл болбойт.”

"Фасык эркек менен үйлөнүүгө ыраазы болгон аялдын мазарынан турган кезинде чекесинде: "Аллахтын ырайымынан үмүтүн үзгөн” деген жазуу болот.”

"Шафаатка жеткиси келген адам кызын фасыкка бербесин!”

Фасык деп ачык күнөө кылуучу адамды айтат. Мисалы: Намаз окубаган, ичкилик ичкен, баңгизат колдонуучу, көчөдө диндин өкүмүнө ылайык кийинбеген (көчөгө жамынбай ачык чыгуучу) адам фасык болот. Фасык менен, б.а., тартынбай ачык, элдин көзүнчө күнөө кылуучу адам менен баш кошуу жакшы эмес. Айрыкча, акыйдасы (ишеними) бузук (адашкан агымдагы, сектант) адам менен баш кошуу такыр туура эмес.

Мусулман эркек адептүү, беделдүү, жакшы мүнөздүү, динин, ыйманын, Исламдын шарттарын үйрөнгөн, Исламга моюн сунган, көчөдө диндин буйругуна ылайык кийинген ар-намыстуу кызга үйлөнүүсү керек. Ар-намыстуу, динине бекем салиха (такыбаалуу) кыз издөө керек. "Сөзсүз бай жана сулуу болсун” дебеш керек. Байлыгы, сулуулугу, улуту, өңү үчүн ар-намысты жана диндарлыкты колдон чыгарып албаш керек! Хадиси шарифте: "Аялдын сулуулугу менен байлыгы үчүн үйлөнгөн адам экөөнөн тең куру калат. Дини үчүн, салиха болгондугу үчүн үйлөнгөн адамга байлык менен сулуулук да насип болот”, – делген. (Табарани)

Жыйынтыктап айтканда, эркек болсун, аял болсун, турмуш кура турган адамдын харамдардан сактанган болуусу, намазын окуусу жана башка ибадаттарын да орундоосу, жакшы мүнөзгө ээ болуусу шарт. Бир гана боюн, турпатын, өңү-түсүн карап, улуулардын сөзүн тыңдабаган адам дүнүйөдө да, акыретте да өкүнүп калат.

Баш кошо турган адамдын улуту жана өңү маанилүү эмес. Эң маанилүүсү жакшы адам, б.а., салих мусулман болуусу, фасык болбоосу жана акыйдасынын (ишениминин) туура болуусу.

Суроо: Намаз окубай турган кызга келечекте окуйт деген үмүт менен, көчөдө ачык жүргөн кызга келечекте оронот деген үмүт менен үйлөнүү туурабы?

Жооп: Намаз окумайынча, оронмоюнча (көчөдө Ислам дини буйрук кылган түрдө кийинип жүрмөйүнчө) үйлөнгөн жакшы эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш