Үйлөнөрдө


Суроо: Үйлөнүү үчүн караштырып жүргөн кыздардын эч бирин жактыра албай жатамын. Бирөөсү узун, бирөөсү кыска бойлуу, бирөөсү толук, бирөөсү арык, бирөөсү улуу, бирөөсү кичүү, бирөөсү сүйкүмсүз, бирөөсү кедей. Кыскасы, эч бирине көңүлүм толбой жатат. Түгөй тандап жаткан кезде кандай сапаттарга маани берүү керек?

Жооп: Динибиз бул маселени да билдирген. Жашынын жана боюнун айырмачылыгы динибизде маанилүү эмес. Сүйкүмсүз жана кедей да болушу мүмкүн. Болбошу керек болгон жалгыз нерсе – дин жагынан алсыздыгы. Эгер дин жагынан алсыз болуп, бардык жери керемет болсо, анын эч бир мааниси жок. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген:

"Аял же байлыгы үчүн, же сулуулугу үчүн же болбосо дини үчүн алынат. Силер диндарболгонун, жакшы мүнөздүү болгонун алгыла! Байлыгы үчүн алган адам байлыгына жете албайт. Жалгыз сулуулугу үчүн алган адам да сулуулугунан куру калат.” (Муслим)

Эгер Пайгамбарыбызга ишенбесек, анда кимге ишенебиз? Же напсибизге ишенебизби? Эгер түгөйүңүз диндар болсо ага сулуулук да берилет делген. Аллаху таала бардык нерсеге кудуреттүү. Кебетеси суук болсо дагы бизге сулуу кылып көргөзөт. Демек, биздин тандоо диндарлык болушу керек. Диндар болсо бактылуу болбоо үчүн эч кандай себеп калбайт.

Кыздар дагы, аялдар дагы жалгыз диндар болгон адамды гана, б.а., беш маал намазын окуй турган, ахли сүннөт акыйдасында (ишениминде) болгон жана мүнөзү жакшы, күнөө-харамдан сактануучу адамды тандоолору керек. Эгер эң башкы тандоо диндардык болбосоандан үй-бүлөдө тынччылык, бактылуулук болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш