Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Истихара намазы




Истихара намазы


Суроо: Истихара деген эмне жана истихара намазы кантип окулат?

ЖООП: Истихара – бул бир иштин ал адам үчүн кайырлуу болобу же болбойбу мына ошону түшүнүү үчүн даарат алып, эки рекет намаз окугандан кийин бул тууралуу дубаны окуп, ал ишке байланыштуу түш көрүү үчүн уйкуга жатуу.

Имам Газали хазреттери мындайча буюрат:

Төрт нерсени орундаган адам төрт нерседен куру калбайт:

1- Шүгүр кылган адам жакшылыктын артуусунан,

2- Тообо кылган адам кабыл болуусунан,

3- Истихара кылган адам жакшылыктан,

4- Истишара кылган (кеңешкен) адам туураны табуудан, акыйкатка жетүүдөн куру калбайт.

Кандайдыр бир ишти баштоодо, мисалы, үйлөнөрдө, үй аларда истихара кылуу керек. Хадиси шарифте буюрулду:

"Бактылуулук истихара намазын окуу менен орундалат." (Хаким)

"Истихара кылуу жана тагдырына ыраазычылык көрсөтүу адамдын бактылуу боло тургандыгынын белгиси. Ал эми мунун тескериси бактысыз боло тургандыгынын белгиси." (Тирмизи)

"Истихара кылган адам куру калбайт, истишара кылган адам өкүнүп калбайт. Үнөмдөгөн адам тардык чекпейт." (Табарани)

Үйлөнүүдөн мурда бир нече ирет истихара кылуу керек, Хак таалага жалбаруу керек. Напсинин жана жаман бирөөлөрдүн ортого кирип кетпөөсү үчүн жалбаруу керек. Салих, ишенимдүү адамдар менен кеңешкенден кийин истихара кылуу керек.

Бир ишти баштаарда же бир нерседен кутулууну каалаган кезиңизде эки рекет нафил намаз окуп (төмөндө көрсөтүлгөн арапча дубаны окуп), "Эгер бул ишим, (мисалы, баланча адам менен үйлөнүүм же баланча үйдү алуум) дүнүйө жана акыретим үчүн кайырлуу болсо муну мага мубарек кыл. Эгер мен үчүн жакшы болбой турган болсо аны менден алыстат жана кайырлуу болгонун мага жеңилдет. Мени такдырыңа ыраазылык көрсөткөндөрдөн кыла көр, Йа Архамаррахимин", - деш керек.

Алгач күнөөлөргө тобо кылынат. Тободо кыскача: "Йа Рабби! Балакатка киргенден азыркыга чейин кылган күнөөлөрүмө өкүндүм. Мындан кийин да, иншаллах, эч бир күнөө кылбоого сөз бердим", - деп айтылат. Кийин гусул алат. Гусулдан кийин ошол түнү "Истихарага ниет кылдым” деп эки рекет нафил намаз окулат. Биринчи рекетте Субханака жана Фатихадан кийин Кафирун, экинчи рекетте Фатихадан кийин Ихлас сүрөсү окулат. Истихара намазы бүткөндөн кийин мына бул дуба окулат:

"Аллахумма инни эстехирука би-илмика ва эстакдирука би кудратика ва эселука мин фадликел азим фе иннака такдиру ва ла акдиру ва талему ва ла алему ва анта алламул-гуйуб".

Ушинтип жети түн бою истихара кылынат. (Күндүз дагы истихарага жатууга болот.) Гусул биринчи күнү гана алынат. Калган күндөрдө (гусул сынбаган болсо) гусул алуу зарыл эмес.

Истихараны башка бирөөнө кылдырууга болбойт. Истихараны ар ким өзү кылышы керек. Истихара кылууну үйрөнүп, бул сүннөттү ар ким өзү аткаруусу керек. Дене менен орундала турчу ибадаттарды башка бирөөнө аткартуу жаиз эмес.

Истихара намазын жана дубасын окугандан кийин эч сүйлөшпөстөн жатуу керек. Зарылчылык туула турган болсо сүйлөсө болот. Негизи, дайыма куптан намазынан кийин зарылчылык болбосо сүйлөшпөө мустахаб, жакшы болот.

Истихарадан кийин даарат менен кыбылага карап жатат. Түш көрсө же көрбөсө да жети күн улантат. Түшүндө ак же жашыл түс көрүү жакшылыкка белги. Кара же кызыл көрсө жамандыкка белги. Эгер түштө бир нерсе көрүлбөсө көңүлгө назар кылуу керек. Ал ишти кылуу арзуусу бар болсо ал ишти кылууга чечим чыгарат. Чечим чыгара албаган адам бир нече ирет дагы истихара кылуусу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш