Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Чоң эненин насааты




Чоң эненин насааты


Чоң эне шаардагы баласынын үйүнө 3-4 күнгө конокко келген болчу. Кеч кире баштаганда келини залда отурган энеси менен небересине: "Келиңиздер, тамак даяр, сууп кала электе жеп алыңыздар!” – дейт. Небереси чоң энесинин дагы эле отурганын көрүп: "Чоң эне, жүрүңүз тамак жейли!” – дейт. Энеси капаланган абалда: "Үйдүн эркеги келбей туруп дасторконго отурган туура эмес. Азыр атаң келсин, чоогу отуруп тамактанабыз”, - дейт. Келини: "Апа, ал эски салт да, азыр курсагы ачкан киши дасторконго отуруп, тамагын жей берет!” – деп айтат. Чоң эне: "Кызым, адамдардын адеби, ар-намысы болгондугу сыяктуу үйлөрдүн да адеби менен тартиби болот”, - дейт. Бул сөздөр өзүнө кызыктай угулган небереси күлүмсүрөп: "Үйлөрдүн адеби кандай болот болду экен? Бизге дагы айтып берсеңизчи анда!” - дейт. Чоң энеси сөздү баштайт: "Биз кичинекей кезибизде энелерибизден мурун аталарыбыздын алдында адептүү болууга көнгөн болчубуз. Үйдө ата-энебиз бар кезде бутубузду созуп отурчу эмеспиз жана жашы улуулар сүйлөп жаткан кезде бизге сөз кезеги берилмейинче сөзгө аралашчу эмеспиз.

Улуулар үйгө кирип келген кезде дароо ордубуздан туруп, аларга орун берчүбүз. Эч качан атабыздан мурун дасторконго отурчу эмеспиз. Атабыз келип, тамакты "Бисмиллах” менен баштап, "Кана, тамактан алгыла!” деген кезде гана баштачубуз. Тамактан кийин дасторкон дубасын кезектешип окучубуз. Эч бир тамак үй-бүлө менен чоогу отуруп жегендей болбойт. Ушунун баары дасторкон адеби болуп эсептелет, балам!” – дейт. Небереси: "Чоң эне, ушунча кысымдан улам стресс болчу эмессиңерби?” – деп сурайт. Чоң энеси: "Жок, бул кысым эмес, бул бири-бирибизге карата сый-урмат болгондуктан өзара сүйүү мээрим бекем болчу. Бири-бирибизге деген мээрим болгондуктан мындан эч ким стресске түшпөйт. Тамактар даамдуу, уйкулар таттуу болчу. Ишенесиңби? Мен алгачкы жолу "стресс” деген сөздү ушул жерде уктум. Биздин айылда акыл-эсинен айрылган бир киши бар эле. Баары аны жинди дешчү. Жада калса, ал дагы жашоосунда бактылуу эле. Анын жашоосунан ыраазылыгы ушунчалык эле айтып жеткизе албаймын. Кечке чейин көчөдө балдар менен ойночу. Курсагы ачкан кезде каалаган бир үйдүн эшигин кагып: "Менин курсагым ачты, жегенге бир нерсе бергилечи!” - дечү. Кайсы үйгө кирсе дагы куру кол чыкчу эмес. Чачы өсүп кеткенде бир чачтарач чачын кыскартып, мончочу аны жуунтуп койчу. Жума күндөрү колунан кармап, намазга да ээрчитип барышчу. Тактап айтканда, эч ким аны жектечү эмес. Азыр болсо эч нерсеге сый-урмат көргөзүлбөй калган. Карагылачы, жада калса, бул шаарда үйлөргө да сый-урмат көргөзүлбөйт! Кечинде эч ким үйлөрүнүн пардаларын жаппайт, үйүнүн ичи көрүнүп турганынан улам эч ким уялбайт.

Ал эми биз караңгы түшө электе тура салып калың пардаларды жаап, ошондо гана үйдүн жарыгын күйгүзчү элек. Башка кийим киймекчи болсок, жада калса, пардалар жабык болсо да уятыбыздан улам жарыкты өчүрүп, жерге отуруп кийчүбүз. Сырттан караганда сөлөкөтүбүз көрүнүп калуусун ойлосок бетибиз кызарып, катуу уялып кетчүбүз”, - дейт. Ошол тапта келини ордунан туруп, залдын пардасын жабат. Чоң энеси: "Үйдүн адеби парданын жабылып-жабылбаганынан белгилүү болот”, - деп айтышчу ата-бабаларыбыз. Үйлөр бийик-бийик дубалдар менен курчалган болсо да жуулган ич кийимдерди сыртка илип коюуга үйдөгүлөрдөн уялчу элек. Эч ким короонун ортосуна ич кийимдерин жайчу эмес. Бир күнү али жаш кезимде ич кийимимди эң биринчи жипке илип коюптурмун. Анан энем келип: "Эй кызым, бүгүн атаң сыртка чыгып, сенин жайылып турган ич кийиминди көргөндө уялганыман жерге кирип кете жаздадым. Мындан ары ич кийимиңди биринчи жайбагын, эң соңунда жипке жайып, үстүнөн жука кездеме менен жаап койгун, астындагы кийимиң көрүнбөсүн! Адебибизден, ар-намысыбыздан айрылсак, ыйманыбыздан да айрылып калабыз!” - деген эле.

Мен ал кезде 12 жашта болчумун. Энемден бул сөздөрдү уккан кезимде уялганыман өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Азыр андай адеп калбаган сыяктуу. Кечээ таза аба жутайын деп балконго чыксам, маңдайдагы кошуна ич кийимдерин балконго жайып коюптур. Мен аны көрүп уялганыман үйгө кирип кеттим. Азыркы күндө көпчүлүк көчөдө тамактанышат. "Көз акысы” деген нерсе бар. Адамдар базардан алган нерселерин ичи көрүнүп турган пакеттерге салып, үйүнө алып келишет. Бул нерселерди алууга күчү жетпеген адамдар бар, көз акысы өтөт, кызгауу, көралабастык пайда болот. Буга маани берчү эч ким жок. Ар кимдин көзүтүшкөн мындай тамактарда шыпаа болбойт.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам»: "Жасаган тамактарыңардын жыты менен кошунаңардын тынчын албагыла!” - деген. Азыркы тапта адамдар тамактарын жыттарын аңкытып, аларды баарына көргөзүү аркылуу тегеректегилердин тынчын алышууда. Албетте, жанагы желген тамактардан кыйналат. Кийин "стресс” деп дарыгерге барышат. Үйдүн дагы бир адеби бар, эң маанилүүсу дагы ушул болсо керек. Үйдүн ичинде болуп жаткан уруш-талаштар, ар түрдүү жагдайлар сыртка чыкпашы керек. Бул дагы үйдүн адептеринин бири болуп саналат. Ошондуктан, мурда уруш-талаштар үйдүн ичинде оңой чечилчү. Ансыз деле сүйүктүү Пайгамбарыбыз өзгөчө күйөө менен аялдын арасындагы болчу уруш-талаштарды сыртка жаюу чоң күнөө экендигин канча жолу айткан, ушундай эмеспи Айсулуу! - деп келинин карайт. Келини уялганынан: "Ооба энеке”, - деп жооп берет. Небереси: "Чоң эне, азыр фейсбук, инстаграм деген нерсе чыккан. Адамдар барган кафелерде жеген тамактарын сүрөткө түшүрүп, миңдеген досторуна көргөзүшөт!” - дейт. Чоң энеси: "Эмне деген шумдук! Адам жеген тамагын дагы көгөзөбү? - дейт.

Небереси: "Чоң эне, анан ар бир кыймыл-аракеттерин сүрөткө түшүрөт. Кыдырган жерлерин, жеген тамактарын, ичкен суусундуктарын, сатып алган кийим-кечелерин да сүрөткө түшүрүп, достору менен бөлүшөт”, - дейт. Чоң энеси: "Балам, эмнени айтып жатасың? Кыямат башталды десеңчи”, - деп көз жаштарын сүртүп, сөзүн улантып: "Биз күйөөбүздүн жанында жүргөндөн уялчу элек. Канча деген жесир калган аялдар, күйөөгө чыга албаган кыздар бар. Алардын көңүлүн оорутпайлыдеп күйөөбүздөн бир кадам аркада басчу элек. Азыр уруш-талаш да, жакшы көрүү да адамдардын көзүнчө болууда. Албетте, сырдуулук калбаган соң адалдык да калбайт. Үйдүн берекеси улууларга сый-урмат көргөзүүдө. Үйдүн адеби жабылган пардаларда. Сүйүүнүн адеби жашыруун болууда, көздүн адеби көздүн кабагында. Дененин адебижамынган, кийинген болууда. Ал эми уяттуулукыймандан. Мен силерге энемдин айтып берген бир ибреттүү окуясын айтып берейин. Негизи бул - хадиси кудси: "Аллаху таала Адам алейхиссаламды жараткан кезде Жабраил алейхиссалам ага үч сыйлык алып келет. Илим, уят жана акыл. Аллаху таала ага: "Эй, Адам! Ушулардан каалаганын танда!” - дейт. Адам алейхиссалам акылды тандайт. Жабраил алейхиссалам уят менен илимге орундарына кайтууларын буйрук кылат. Ошондо уят менен илим мындай деп жооп берди: "Биз рухтар ааламында бирге элек. Бири-бирибизден эч качан айрылбайбыз. Рухтар денелерге кирген киргенден кийин да бирге болобуз. Акыл кайда болсо биз да ошол жердебиз”, - дешет.

Жабраил алейхиссалам: "Андай болсо ордуңарга жайгашкыла!” - деп буйрук кылган кезде акыл мээге, илим көңүлгө (жүрөккө), ал эми уят көзгө жайгашат.” Ушул хадиси кудсиде да айтылгандай уяттын орду - көз. Ошондуктан, көзүбүздү коргошубуз керек, көзгө түшө турган нерселерди да дайым көзөмөлдөп туруу керек”, - дейт. Келини: "Туура айтасыз энеке, биз адебибизди жоготкондугубуз үчүн кыйынчылыктарга дуушар болдук”, - дейт. Небереси кашыгын акырын коюп: "Мен тамакты атам келгенде ичемин чоң-эне!” - дейт. Чоң энеси болсо айткан сөздөрүнүн балдарына таасир эткенин көрүп, Аллахка шүгүр кылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш