Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Үйлөнөрдө керектүү илимдер




Үйлөнөрдө керектүү илимдер


Бул бөлүмдү үйлөнө турчу чагы жакындабагандардын жана жашы кичинелердин окубоолору абзел.

Нике кыйылгандан кийинки алгачкы түн үй-бүлөлүк турмуштун эң маанилүү бөлүгү. Жубайлардын мүмкүн болушунча тазалыкка чоң маани берүүлөрү зарыл. Таза жана көркөмдүү кийим алгачкы түндө өтө таасирдүү болот. Жубайлардын жата турган бөлмөлөрү таза, тынч, ишенимдүү болуусу керек. Күйөө баланын үйлөнүү маселесинде тажрыйбалуу бир адамдан кеңеш алуусунун зыяны жок.      

Күйөө бала мына бул амалды орундоону коё берип албоосу керек:

Пайгамбарыбыз Хазрети Фатиманы Хазрети Алиге турмушка узатканда мындай деп буюрду:

"Эй, Али! Келинчегиңди өз үйүңө алып барганда байпагын бутунан чеч. Бутун жуу. Ошол сууну үйдүн (уктоочу бөлмөнүн) бардык бурчтарына сеп. Ушундай кылганда Аллаху таала сенин үйүңөн жетимиш түрдүү кедейликти сыртка чыгарат. Жетимиш түрдүү берекени үйүңө киргизет. Жетимиш рахметти сага жаадырат. Ал келин жана анын берекеси үйдүн бурчтарына жетет. Ал келин жин тийүүдөн жана башка дагы оорулардан амандыкта болот.”

Алгачкы түнү жубайлардын маани берүүлөрү керек болгон кээ бир жагдайлар:

Алгачкы түнү кыз дагы, эркек дагы Аллах ыраазылыгы үчүн эки рекет намаз окуп, намаздан кийин үй-бүлөлүк турмуштун өздөрү үчүн кайырлуу, бактылуу болуусу үчүн Хак таалага жалбарып, дуба кылуулары керек. Алгачкы түнү кылына турган дуба кабыл болот. Бул түнү эркек колун келинчегинин маңдайына коюп «Аъузу бисмиллах, салават» айтып мындай деп дуба кылат:

"Йа, Раббим, Буга кайырлуу жана көркөм мүнөз бере көр. Жаман кулк-мүнөздөрдөн сакта. Аны жана үй-бүлөсүн мага берекелүү кыл. Мени жана үй-бүлөмдү да ал үчүн берекелүү кыл. Бизди жакшы, кайырлуу амалдарга умтулт, жамал амалдардан алыс кыла көр!”

Кийин "Аллахумма барик ли фи ахли ва барик ли ахли фийа, Аллахуммарзукни минха варзукха минни. Аллахуммажма’байна ма жама’та фи хаирин ва фаррик байнана иза фаракта фи хаирин” дубасын окуйт.

Кошулуудан мурда жубайлар отуруп сүйлөшүп, таттуу нерселерден жеп, бири-бирине ынтызарлык, кызыгуучулук ойготуулары жакшы болот. Төшөккө кирүүгө шашпоо керек. Кошулуу кезинде үстүлөрү жууркан менен жабык болууга тийиш. Үстүлөрү ачык түрдө жүзөгө ашкан кошулуудан туула турган бала уятсыз, ар-намыссыз болот. Көпчүлүктө кездешүүчү «алгачкы түнү эле натыйжа алуум керек» деген түшүнүк өтө жаңылыш. Өмүрүндө бөтөн эркек көрбөгөн мусулман жаш кыз бул жашына чейин алгачкы түндүн коркунучун ойлоп жүрөт. Бардык кыздар бул алгачкы түндө бираз үркөк жана уялчаактык көрсөтүшөт, уялып, тартынышат. Биринчи жолу эркек менен жалгыз калуунун, ага ачылуунун уятын сезишет. Бул табигый жагдай, туура кабылдоо керек. Керексиз сабырсыздыкты көрсөтпөө керек. Алгачкы түндөгү одонолуктан пайда боло турган үркөктүк, таарынуу жана жагымсыздык сезимдери кийин узак мөөнөткө өчпөс таасирин калтырат, өмүр бою таарыныч менен эске алынат. Ошол сыяктуу бул түндө жасала турган сабырдуулук, назиктик жана жылуу мамиленин сыйы да кийинчерээк көрүнөт, өмүр бою унутулбайт.

Ошол себептен шашылбаган жакшы болот, психологиялык жактан кыз өзүн ыңгайсыз сезсе эртеңки күнгө калтыруу өтө жакшы болот. Эркек өзүн гана ойлоп эгоисттик аракеттерге барбашы керек.   

Бир аял он жыл бою күйөөсү менен ыңгайсыз, кызык бир өмүр сүрөт. Айына бир жолу кошулушат экен жана кошулуу кезинде аялы күйөөсү менен суук мамиледе болот экен. Анткени, алгачкы түндө күйөөсү аялын таарынтып алган болот. "Эмне мынча арыксың, анан сулуу да эмессиң” деген экен. Аял бул сөздү унута албаган экен. Аялдын жүрөгүн жаралай турган арыксың, семизсиң, узунсуң, кыскасың, карысың сыяктуу сөздөрдөн милдеттүү түрдө узак болуу керек!

Алгачкы түндө махабат оюну маанилүү болуп саналат. Махабат оюну, б.а., эркектин келинчегинин кумарын козгоо ыкмасы жакшы болгон кезде аял канчалык уялчаак болсо да акырындап күйөөсүнө ынтызары көбөйүп, ырахаттана баштайт. Анан кийин берилүү сезими көбөйөт, уялчаактыктын ордуна каалоо сезими ачылат. Көптөгөн келинчектерди таарынта турган жана үркүтө турган нерсе жубайынын бул түндө одонолук жана түшүнбөстүк көрсөтүүлөрү.

Жубайлар бири-бирине өтө назик, жумшак мамиледе болушу керек, махабат жана мээрим менен жакындашы керек. Эркек кызды эч кыстабай жана кыйнабай чыныгы бир жакындык көрсөтүшү керек, үркүнчөөктүгүн көтөрүүгө аракет кылышы керек. Кыз сүйлөшүүдөн, ага ачылуудан тартынса да эркек чын жүрөктөн сүйлөп, сабыр менен жакындоосу, акырындап анын көңүлүнө кирүүсү зарыл. Кыздын унчукпай тыңдоосу жана анда-санда акырын жооп берүүсү да табигый нерсе. Бардык маселе өөп, эркелетип, кызды жыныстык мамилеге даяр абалга келтирүү! Алгачкы түндүн өзгөрбөс ченем бирдиги эместигин унутпоо зарыл. Алгачкы түн жөн эле башталыш болуп саналат. Алгачкы жакындоо ийгиликсиз болушу мүмкүн, муну да табигый нерсе деп кабылдоо керек.

Диндин буйругу боюнча аялдан узак жүргөн эркек көбүнчө аялды көргөндө же ага тийгенде дароо эле бүтүрүп коюшу мүмкүн. Мындай жагдайда үмүтсүздүккө түшпөй жарым сааттай убакыттан кийин же болбосо эртеси күнү баштапкы даярдыгын жасап кайрадан аракет кылса болот. Экинчисинде алгачкы толкундануу кетип, дароо бүтүрүү болбой тургандыктан баштапкы даярдык оңой болот. Бул жагдай өтө маанилүү. Бул жагдайды билип өздөрүн буга көндүргөн, даярдаган жубайларга оңой болот. "Эмнеге мындай болду? Мындай болбошу керек эле?” деген коркунучка түшүшпөйт. Анткени, бул табигый жагдай. Бир нече саат тыныгып же эртеңки күнгө калтырууга болот. Мындай кезде жаш кыз да бул абалды туура кабылдоосу, түшүнүк менен кароосу керек.

Кошулуу убагы өткөндөн кийин эркек кубанычтын, бактылуулуктун сезимдерин жубайы менен бөлүшүп, ага алкышын айтып жана бакыттарын өмүр бою улануусу үчүн дуба кылуусу керек.

Динибизге жат каада-салттардын бири кээ бир жерлерде кездешчү - төшөк текшерүү салты. Бул салт адепке дагы туура келбейт жана өтө жаман адат. Буга жол бербөө керек. Дарыгерлер андай кыздар аз болсо да, кээ бир кыздарда "кыздык пардасынын” касиетине байланыштуу алгачкы кошулууда кан келбөөсү же болбосо өтө аз келүүсү мүмкүн экендигин билдирүүдө. Ошондуктан, жаман ойлоп, салиха кыздын убалына, күнөөсүнө калбоо керек.

Мындай кыздардын саны 5 пайыздын тегерегинде аз болсо да, кээ бир кыздардын алгачкы жыныстык кошулууда бойдок кезинде эч кандай өзгөрүш болбой тургандыгы белгилүү болууда. Булар көбүнчө "ай сымал” кыздык абалдарында болот.  Алардын кээ бирлери биринчи баласын төрөгөнгө чейин бойдок (кыз) болуп кала берет. Албетте, бул касиеттерге ээ болгон кызда алгачкы кошулууда көбүнчө күтүлө турган кан көрүнбөйт. Мындай жагдайда бул тууралуу кабары болбогон эркек күткөн белгини көрө албай үмүтсүздүккө түшүп, апкаарып калуусу мүмкүн. Анык далилдери болбой туруп намыстуу кызга «сойку» сыяктуу айыпты тагуу чоң күнөө болот. Ушул айтылгандардын баарын эске алсак белги көрүнбөдү деп ызы-чуу кылуу чынында эле керексиз жана жоопкерчилиги оор жагдай.    

Ошондой болсо да, алгачкы түндө жубайын кыз деп ойлогон адам күткөн натыйжасын ала албаганда жок дегенде ичинде шектенип жана бушайман болуп жүрөт. Бул жаман ойдон кутулуу үчүн жогоруда айтылган ыктымалдарды ойлоп "хусни зан” кылып, маселени жабуу керек же күмөн, жаман ойдон кутулуу үчүн келин-күйөө экөө отуруп сүйлөшүп, ылайыктуу чечимге келүү керек же болбосо кажет деп тапса бир аял гинекологго көрүнүп, маселени чечүүгө болот.

Сүйлөшүүнүн улануусу, кошулуунун кечигүүсү аркылуу чөйрөнүн даяр абалга келүүсүнө кеңеш берилет. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Силерден эч бириңер жаныбар сыяктуу сүйлөшпөй, ойношпой, өбүшпөй туруп жубайы менен кошулбасын. Ал жаныбарларга тийиштүү.”

"Бир адамдын ойношпой туруп аялы менен дароо кошулуусу, анын да ырахат алуусун күтпөөсү алсыздыктын белгиси.”

Бул тууралуу адис дарыгерлер мындай деп айтышууда: "Толук шахват менен пайда болгон бала дени соо, мыкты болуп туулат.” Ушуну менен катар аял дагы канааттанган болот. Аялы канааттанбай турган болсо убакыттын өтүүсү менен түрдүү кыйынчылыктарга жол ачылуусу мүмкүн. Ошондуктан, шашылбаган жакшы. Аялынын дагы лаззат алуусун, канааттануусун күтүү керек. Аялдын канааттануусу эркекке караганда кечирээк болот.

Ал эми бул да кошулуунун узакка созулуусу менен жүзөгө аша турган нерсе. Эркек токтой турганын сезгенде оюн башка нерселерге бурушу керек. Көңүлүн башка нерселерге оодарса, маселен, эртеңки кыла турган жумуштарын ойлосо, токтоону, бүтүрүүнү кечиктирген болот. Ошентип, аялынын да ырахат алуусуна мүмкүнчүлүк берген болот. Бул өтө маанилүү нерсе. Көп үй-бүлөлөрдүн кыйроосунун, үй-бүлөлүк бакыттын бузулуусунун түпкү себеби мына ушул маселеде жатат. Өмүрүндө такыр канааттанбаган миллиондогон аялдар болушу мүмкүн.

Хазрети Али: "Бир калыпта кошулуудан көздөрдө нур, денеде кубат пайда болот,” - деген. Чектен ашкан кошулуу денеге да, көзгө да зыяндуу.   

Бардык шахваттын натыйжасы көңүлдү карайткандыгы менен динде билдирилгендей кошулуу көңүлгө тазалык, рух жана денеге ырахаттык тартуулайт. Кошулуудагы негизги максат бала көрүү болуп саналат жана мындагы лаззат Аллаху тааланын ушул максатта берген мээрими.

Адебине ылайык кошулган жубайлар муну менен ибадаттын сообун алышат. Никелүү жол менен жасалган кошулуу "жима” деп аталат. Никесиз жол менен кошулуу "зина” деп аталат. Аялдын эч кандай үзүрсүз (себепсиз) күйөөсүнүн каалоосун кабылдабоосу чоң күнөө болуп саналат.

Кошулууда мустахаб болгондор:

1. Кошулууну "аъузу бисмиллах” айтып баштоо керек. Ниети өзүн жана аялын зинадан коргоо жана кайырлуу перзент тарбиялоо болуу керек!

2. Кошулуудан мурда аялы менен жетиштүү даражада ойношуу, эркелетүү керек жана аялда күчтүү каалоо пайда болгондо гана баштоосу керек. Мындай башталышы болбой туруп кошулуу аялга кыйын болот.

3. Кошулуу кезинде шашылбоо керек, аялынын да канааттануусун күтүү керек.

4. Кошулуу бүткөндөн кийин дароо туруп кетпөө керек, бираз бирге болууга аракет кылуу керек.

5. Кошулуудан кийин кайрадан жакындык кылуу же болбосо уктоо үчүн аврат жерлерин жууш керек. Дааратты же гусулду дароо алуу керек эмес болсо да, алган жакшы болот.

6. Кошулуунун дүйшөмбү түнү жана жума түнү болгону жакшы. Башка түндөрү дагы кошулуу жаиз. (Жума түнү: Бейшембиден жумага караган түн).

Кошулууда макрух болгон нерселер:

1. Кошулуу кезинде буттарды кыбылага узатуу.

2. Жууркан же төшөк сыяктуу бир нерсе менен жамынбай, ачык түрдө жылаңач кошулуу.

3. Оргазмга бөлөнгөн кезде сүйлөө, күлүү, үнүн чыгаруу. Бул жагдай баланын сүйлөөсүндө кемчилик болууга себеп болушу мүмкүн.

4. Жубайынын жана өзүнүн аврат мүчөлөрүн кароо - макрух. Бул нерсе кемчиликтерге жана унутчаактыкка себеп болот. Зарыл болгон учурларда жубайлардын чачынын учунан бутунун тырмагына чейин бардык жерин кароолоруна болот.

5. Камарий айлардын алгачкы, орто жана соңку түндөрүндө кошулбоо керек.

Кошулуунун адеби

Кээ бир адеп тууралуу китептерде кошулуунун убактысы тууралуу жана бул убакыттын туула турган балдарга тийгизе турган таасирлери тууралуу жазылган. Булар диний жактан моюн сунуу мажбур болгон өкүмдөр эмес. Бирок, айтылган убакыттар боюнча амал кылуу пайдалуу болот. Жубайлар өз араларындагы жыныстык катнаштары менен байланыштуу махрам сырларын башкаларга айтуулары харам болот.

Кошулуу үчүн кеңеш берилген убакыттар:

Дүйшөнбү, шейшенби, бейшенби, жума түндөрү жана күндүз түшкө чейин.

Кеңеш берилбеген убакыттар:

1. Апта ичинде жекшенби түнү жана шейшенби түнү,

2. Камарий айлардын биринчи, он бешинчи жана соңку

түндөрү,

3. Орозо Айт жана Курман Айт түндөрү,

4. Берат түнү,

5. Сапарга чыга турган түнү,

6. Күндүз түштөн кийин.

Булар кеңеш болуп саналат. Шахваттанып харам иш кылуу коркунучу бар болсо, маселен, бөтөн аялды шахват менен кароо коркунучу бар болсо макрух болбойт. Тескерисинче, бирге болуу керек болот. Күнгө, убакытка каралбайт.

Кошулуу үчүн туура болбой турган жагдайлар:

1. Аялынын макулдугу болбосо,

2. Даараты кыстап турса,

3. Абдан тоюп, ооруп же чарчап турса,

4. Өтө суук жана ысык болсо.

Кошулуунун башка адептери

Өзүн харамдан коргоого, халал жол менен жүрүүгө ниет кылуу керек, кошулуу кезинде шайтандан Аллаху таалага сыйынып "Бисмиллахи Аллахумма жаннибна-шшайтана ва жаннибна-шшайтана ма разактана” деп айтуу керек. Ушинтип боюна бүтсө шайтан ага зыян келтирбейт.

Расулуллах алейхиссалам: "Кошуларда бисмиллах айт. Жунуп абалдан тазаланганга чейин сага сооп жазылат. Бул кошулуудан бала туулса сага бул баланын алган деминин санынчалык жана анын урпактарынын деминин санынчалык сооп жазылат”, - деп айткан.    

Аялында шахват, каалоо сезими пайда болгонго чейин аны менен ойношуу керек. Анын дененин ырахаттануусу жана туула турган баланын кемчиликсиз болушу сыяктуу пайдалары бар. Шашылбоо керек. Хадиси шарифте: "Эркек аялы менен кошулуп жаткан кезде короз сыяктуу минип түшпөсүн. Өзү ырахат алганы сыяктуу аялы да ырахат алганга чейин курсагынын үстүндө жатсын” жана "Аялың ырахаттанбай туруп сен ырахат алсаң, ал күндүн калган бөлүгү аял үчүн алсыздык жана жалкоолук менен өтөт”, - деп айтылган.

Аялы менен хайз абалында кошулуу харам болуп саналат. Аялдын үзүрү болбой туруп, хайзмын деп жалган айтып, күйөөсүнөн узак туруусу да харам, чоң күнөө. Хадиси шарифте: "Эркек аялын төшөгүнө чакырганда аялы келүүдөн баш тартса, күйөөсү ушул себептен ачууланып уктап калса, периштелер таңга чейин ал аялга каргыш айтышат”, - делген.

     Лаанатталган катнаштар

Хайз (этек кир) болуп турганда да, таза кезинде да аялдын артына жакындык кылуу харам, чоң күнөө. Халал деп ишенген адам динден чыгат, капыр болот. Артына (анусуна) болбоо шарты менен артынан аялдык мүчөсүнө жакындык кылуу жаиз болот.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Кимде-ким аялына артынан (анустан) жакындык кылса Аллаху таала жана периштелер ага лаанат айтат жана Аллахтын ырайымына жете албайт.” Аялы макулдук билдирсе дагы бул күнөөгө тең орток болот. Харам болгон иштерде күйөөсүнүн буйруктарына моюн сунулбайт.     

 Бала - үйдүн берекеси

Бала бойго бүтпөшү үчүн алдын алуунун (сактануунун) зыяны жок. Жада калса, азыркы заманда баланын болбошу үчүн алдын алуу керектүү жагдайга айланган. Анткени, доорубузда ислам тарбиясы менен бала тарбиялоо кыйын болуп кеткен, жада калса, мүмкүн эмес абалга жеткен.

Үй-бүлөлүк турмуштун алгачкы айларында (3-5 ай) жубайлардын бири-бирине көнүүлөрү үчүн алдын алуу жакшы болсо да, андан көпкө кечиктирүү жакшы эмес. Анткени, бала жубайларды бири-бирине байлайт, үй-бүлөлүк байланышты бекемдейт, эки жакты  (эки элди) андан да жакын кылат. Үйдүн берекесине жана кубанычына айланат.

Келинге кеңеш:

Келин алгачкы күндөн баштап тамагына, ичип-жегенине көңүл бурушу керек. Кээ бир тамактар зыяндуу болушу мүмкүн. Анткени, хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Келин алгачкы аптада айран, ачыган нерсе, туздалган (маринаддалган) жашылчаларды жана кычкыл нерселерди жебеши керек. Бул нерселер боюна бүтүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Ачыган нерсе жеген аялдын хайз көрүүсү кыйын болот жана хайзы иретсиз болот. Кычкыл алма хайз канын токтотот. Бул болсо башка ооруну пайда кылат».

Эркекке кеңеш:

Аялы менен жакшы мамиледе болуу, аны жылмайып кароо, жылуу жүздүү болуу керек. Анын жаңылыш аракеттерине, акылга сыйбай турган сөздөрүнө сабыр кылуу керек. Анын деңгээлине, түшүнүгүнө көнүү зарыл. Аны менен тамашалашып, ойноо керек. Азык-түлүк, кийим-кече маселесинде колунан келгенче жоомарт болууга аракет кылуу керек.

Динибизде аялдардын билүүсү фарз болгон нерселерди үйрөтүүсү керек.

Аялдын кийинүүсүндө, үйдөн сыртка чыгуусунда өтө дыкат болуу керек жана өзүн жалгыз чыгарбоо керек. Өзүн жана аялынын күмөнгө, жалаага түшүрө турган жагдайлардан сактанууга катуу маани бериши керек.

Аялын бөтөн эркектер болгон жерге жибербөө керек, бөтөн эркектерди көрүүсүнө тоскоол болуу керек. Үй жумуштары менен убакыт өткөрүү анын ырахат ала турган нерсеси болушу керек. Аны менен катуу мамиледе болбоо керек.

Тамашалап да, ачууланып турганда да эч качан "ажырашуу” деген сөздү оозго албоо керек, эч качан "экинчиге үйлөнүү” сөзүн козгобоо керек. Коркутуу үчүн да, тамашалап да ажырашуу сөзүн такыр колдонбоо керек. Жада калса, ажырашууга чечим чыгарса да бул сөздөрдү колдонбоо керек. Анткени, кейинчерээк ажырашуу ниетинен баш тартуусу мүмкүн. Жакындары менен, достору менен кеңешкенден кийин ажырашууга анык чечим чыгаргандан кийин гана барып бир талак берүү керек. Эч качан үч талакты дароо бербөө керек. Үч талакты дароо берүү харам. Турмуштун шарттары адамды көп нерселерге сабыр кылуусун, чыдоосун талап кылышы мүмкүн. Болбойт деген нерсе болушу мүмкүн. Бир талак менен ажырашса харам кылынбаган болот, аны менен бирге кайра кирүү эшиги да толугу менен жабылбаган болот. Ажырашпоо эч кандай риск бербейт. Бирок, ажырашуу, айрыкча үч талак берүү өтө чоң риск. Артка кайтууга мүмкүнчүлүк болбошу да мүмкүн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш