Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Хазрети Алиге осуят




Хазрети Алиге осуят


Хазрети Али "радыйаллаху анху” риваят кылган. Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

"Йа, Али! Келинди үйүңө алып келген кезде анын бутунан байпагын чеч, буттарын жуу. Ошол сууну үйдүн бардык бурчтарына сеп. Ушундай кыла турган болсоң Аллаху таала сенин үйүңөн жетимиш түрдүү кедейликти чыгарат. Жетимиш түрдүү берекени үйүңө киргизет. Жетимиш периштени сага түшүрөт. Ошол келин мененанын берекеси үйдүн бурчтарына чейин жеткен болот. Келин акылынан ажыроодон жана башка да оорулардан сак болот. Йа, Али! Келинди алгачкы аптада айран ичүүдөн, уксус жана кычкыл тамактардан тый!”

Хазрети Али: "Йа, Расулаллах! Эмне себептен бул нерселерди бербешим керек?” - деп сурады. Расулуллах мындай деп жооп берди: "Мунун себеби маринаддалган тамактар, айран жатында бала пайда болуусуна тоскоол болот. Үйдө бир кийиздин болуусу бала төрөй албай турган аялдан жакшыраак.” Хазрети Али: "Йа, Расулаллах! Сиркенин (уксустун) зыяны эмнеде?” - деп сурады. "Сиркени тамагында колдонгон аялдын хайзы (этек кири) кыйын болот жана тазалануусу созулат. Эгер Аллаху таала бир перзент бере турган болсо төрөлүшү кыйын болот. Кычкыл алма жеш хайз канын токтотот. Анын артынан башка ооруларга себепкер болот”, - деп жооп берди.

Мындан кийин Расулуллах алейхиссалам мындай деди: "Йа, Али! Айдын башында, ортосунда жана аягында жубайың менен кошулба, болбосо жубайың да балаң да алапес оорусу, акылдан ажыроо, жана ыпластык болуу коркунучу бар.

Йа, Али! Жубайың менен аср намазынан кийин кошулба. Эгер Аллаху таала перзент насип кыла турган болсо чалдыр көздүү болот жана шайтан чалдыр көздүү балага кубанат.

Йа, Али! Аялың менен кошулган кезде көп сүйлөшпө, эгер бала көрө турган болсоң паракор болот. Аврат жерлерин караба. Жакындык кезинде көздөрүңдү жумба, баланын сокур болуусуна себеп болот.

Йа, Али!  Өз аялыңа башка аялга болгон кумар менен (шахват менен) жакындаба, эгер бала көрө турган болсоң кыз кылыктуу бала болот. Аялдарага окшошконго аракет кыла турган болот.

Йа, Али!  Жунуп болгон кезиңде Курани каримди окуба, себеби асмандан от түшүп, сени күйгүзүү коркунучу бар. Жунуп кезиңде сүйлөшпө. Сенин суу идишиң бөлөк болсун, жубайыңдын суу идиши да бөлөк болсун. Бөлөк суу идиштер менен тазалангыла. Эгер экөөң тең бир суу идиштен жууна турган болсоңор шахват шахваттын үстүнө түшөт, араңарда душмандык пайда болот. Аягы талак жана ажырашуу менен бүтүү коркунучу бар.

Йа, Али! Экөөң тең өйдө туруп жакындык кылбагыла, эшектер ошентип жакындашат кылат. Эгер боюна бүтсө төшөккө сийе турган болот.

Йа, Али! Жубайың менен айт күндөрү жакындык кылба! Эгер бала бойго бүтсө алты же төрт манжалуу болот.

Йа, Али! Жубайың менен мөмөлүү бак-дарактын астында жакындык кылба, эгер бала болсо адам өлтүргүч, кан төгүүчү болот, элге зулумдук кылат. Йа, Али! Айдын жарыгында жакындык кылба. Эгер бала көрө турган болсо кедейликтен өмүр бою кутула албайт.

Йа, Али! Азан менен кооматтын арасында жубайың менен жакындык кылба, эгер бала насип боло турган болсо кан төгүүгө шыктуу болот.

Йа, Али! Аялың боюнда бар кезде аны менен дааратсыз кошулба. Эгер бала төрөлө турган болсо наадан жана сараң болот.

Йа, Али! Шабан айынын ортосунда, Берат түнүндө жубайың менен жакындык кылба, эгер ортоңордо бала болсо терисинде, түктөрүндө жана бетинде жаман белгилер болот.

Йа, Али! Жубайыңа балдызыңа болгон шахват менен жакындык кылба, эгер боюна бүтсө ууру болот жана элдин балээге дуушар болуусу анын кесиринен болот.

Йа, Али! Жубайың менен тегерегинде дубал болбогон жерде кошулба, эгер ортоңордо бала болсо эки жүздүү, бидатчы жана кумарпоз болот.

Йа, Али! Сапарга чыга турган түнү аялың менен жакындык кылба, эгер бала болсо мал-мүлкүн харам жерлерге жумшай турган болот. Мындан кийин мааниси: "Мал-мүлкүн чачып ысырап кылгандар - шайтандын достору” деген аятты окуду. (Исра сүрөсү, 27)

Йа, Али! Үч күндүк сапардан келген түнү жубайың менен жакындык кылба. Эгер бала көрө турган болсо бала заалым болот.

Йа, Али! Дүйшөмбү түнү жубайың менен жакындык кылсаң, мындан ортоңордо бала болсо Куран кариси болот. Аллаху тааланын бергенине ыраазы болот.

Йа, Али! Шейшемби түнү жубайың менен жакындык кылсаң, мындан бала көрсө момун болот жана жакшы мүнөздүү болот. Көңүлү жумшак, жоомарт, тили жалгандан жана ушактан таза болот.

Йа, Али! Бейшемби түнү жубайың менен жакындык кыл, бала көрө турган болсо хикматы көп башкаруучу болот. Ошондой эле, илими көп аалым болот жана илими менен амал кыла турган болот. Бейшемби күнү түшкө чейин жубайың менен жакындык кылсаң, эгер бала көрө турган болсо ага шайтан өлгөнгө чейин эч жакын жолой албайт. Дүнүйө менен акыретте саламатта болот. Эгер жума түнү жубайың менен жакындык кылсаң, бала көрсө Куранды жаттаган кари болот же имам болот же ваазчы болот. Эгер жума күнү жубайың менен жакындык кылсаң, бала көрсө ал бала аалым болот. Диндарлыгы менен атактуу болот жана пайдалуу болот. Эгер жума түнү куптан намазынан бир саат өтүп жубайың менен жакындык кылсаң, бала көрсө олуялардын катарында болот.

Йа, Али! Жубайың менен түндүн алгачкы убактысында жакындык кылба, эгер бала көрсө төлгөчү жана сыйкырчы болот. Акыретти таштап, дүнүйөнү тандайт.

Йа, Али! Менин осуятымды жаттап ал, Аллаху тааланын уруксаты менен сага пайдалуу болсун.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш