Суроо: Үйлөнгөн алгачкы айларда
бири-бирибизге карата мамилелерибиз жана сый-урматыбыз жакшы болчу.
Бири-бирибизди жакшы түшүнчү элек. Ал эми азыр болсо күндөн күнгө аялымдын
мүнөзү начарлап баратат. Күндө уруш-талаш бүтө тургандай эмес. Аялымдын мүнөзүн
кантип оңдоого болот же ушул себептен улам ажырашсак кандай болот?
Жооп: Күйөөсүн даттанган аялдар, аялын
даттанган күйөөлөр дартына дабаа издеп, ушул сыяктуу суроолорду берип кеңеш
сурап жатышат. Динибизде адам үчүн өмүр бою керектүү илимдер билдирилген. Кантип
туруу керек, кантип басуу керек, мусулмандар кандай болушу керек, ар кимдин
орду кандай, милдеттери кандай, аялдардын милдеттери, күйөөлөрдүн милдеттери
жана башка ушулар сыяктуу маалыматтарды сайтыбызда дайым жазып келатабыз. Ал
эми айтуу менен жазуу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Аз да болсо адамдардын жеке
өздөрү буга моюн сунуулары, маани берүүлөрү керек...
Көбүнчө
жаңжалдарда күнөө эки жактан тең болот. Бирөө унчукпай коё салса, кечирим
сураса жаңжал күчөп кетпейт. Эки тарап тең меники туура деп туруп алган сайын
жаңжал бүтпөйт. Күнөө көбүнчө эркектерде болот. Аялына ээ боло албаган, тилин
таба албаган, башкара албаган эркек – алсыз эркек. Аялын жаман жолго түшүрө
турган дагы эркектер. Аялын жаман жерлерге алып барышат да, аялы бир жамандык
жасаса күнөөнүн баарын аялына оодара салат. Аялдарды күнөөсүз деп жаткан да
жокпуз. Бирок, негизги күнөө күйөөсүндө. Ага жакшы чөйрөнү камсыз кылып берүүсү
керек. Жакшы чөйрө камсыз кылып берүүгө алы жетпеген киши үйлөнүү
жоопкерчилигин мойнуна албоого тийиш.
Эки тарап тең
меники туура деп отурат. Ал үйдө жаңжал бүтмөк беле? Бир киши минтип жазыптыр:
"Үйүбүздүн куту качты. Аялым тыңыраак тамак жасай албайт. Үй ичинде өзүн жакшы
карай албайт, бирок, сыртка чыкса абдан жасанат. Көп сүйлөйт, сөз тыңдоо деген
нерсени такыр билбейт.” Бир аял мындай дейт: "Таң азандан кечке чейин тамак
бышыруу, кир жуу, тигүү сыяктуу үй иштери менен алек боломун. Күйөөм келгенде
чарчаганымды байкабайт, мага көңүл
бургусу келбейт. Үйгө киргенден баштап кабагын бүркөп, такыр ачылбайт. Жылмайуу
деген нерсе жок. Салам да бербейт, абалым тууралуу суроо деген жок. Бир күнү
тамак туздуу болуп кетсе ачууланып жебей коёт. Бир мактоо, алкыш айтууну
билбейт. Дайым бир кемчилик издеп жүрөт.”
Бираз
кеңешибиз бар. Бирок, кеңеш-насаатыбыздан эмне пайда, мындан эмне чыгат дебеш
керек. Кеңеш менен насаатты тыңдап, моюн сунган адамга көп пайдасы тийет. Эң
башкысы тыңдап, моюн сунуу керек. Анткени, Курани
каримде мындай делген: "Насаат
мусулмандарга албетте пайдасын берет.” (Зарият сүрөсү, 55) Хадиси шарифте
мындай делген: "Ахлагыңарды (кулк-мүнөзүңөрдү) көркөмдөгүлө!” (Ибн Лал)
Ахлакты,
кулк-мүнөздү өзгөртүү мүмкүн болгондуктан хадиси шарифте ошентип айтылган.
Ансыз деле дин –көркөм мүнөз деген сөз. Андай болсо диндин буйругуна моюн
сунуп, тыюуларынан сактанган адам, мүнөзүн өзгөртүп көркөм мүнөздүү боло алат.
Көркөм мүнөздүү болгон адам эки дүнүйөдө теңырахат, бактылуу болот. Эми негизги
темага келсек.
Ажырашуу чечим
эмес. Кемчиликсиз, күнөөсүз кул болбойт. Кемчиликсиз дос издеген доссуз калат,
кемчиликсиз түгөй издеген түгөй таба албайт. Чыныгы эрдик кемчиликтүү адам
менен жакшы мамиледе боло алууда, аны менен бирге тынч, таттуу өмүр сүрө
алууда.
Үйдө эч бир
нерседен кемчилик издебегенге аракет кылуу керек. Сын айтуу, талаш-тартыш
үй-бүлөнүн ыдыроосуна же бактысыз, берекесиз абалга түшүп калуусуна себепкер
болот. Жалгыз аялдар гана эмес ар бир киши өзүнө карата сын айтылуусун
жактырбайт. Адамдардын баары макталууну жактырышат. Ушул маселеде өтө дыкат
болууга тийиш. Жалпысынан алганда аялдар кооздукка жакын болушат, кийимдерине
өзгөчө маани беришет. Бир кийим алса ага: "Бул кийим сага өтө жарашат
турбайбы!” – деп айтсак эч нерсе жокоткон болбойбуз. Мындан эч нерсебиз кемип
калбайт. Анткени, динибиз аял менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган айтууну да
жаиз деген. Чынында эле мактоого татыктуу болуп турган иш-аракеттерин сынга
алуу болсо - барып турган акмактык.
Күйөөсүнүн
мактоосуна ээ болуу, өзүнө көңүл бөлүү – ар бир аял үчүн эң чоң бакыт. Өзгөчө
аялдар жөнөкөй нерселерге дагы чоң маани беришет. Майрамдарда, ыйык түндөрдө,
үйлөнүү үлпөттөрүндө, арзыбаган, жөнөкөй болсо деле белек берүүнү унутпоо
керек.
Бир аял жылдар
бою сонун тамактарды жасайт. Буга карабай күйөөсүнөн кымындай дагы мактоо,
рахмат уга албайт. Бир күнү үстү жабык идиштин ичине саман салып тамактар менен
бирге дасторконго коёт. Күйөөсү идишти ачып саманды көрөр замат ачууланып
кыйкырат:
- Бул эмне
кылганың, саманды киши жечү беле же мен эмне айбанмынбы? – деп кызаңдайт.
Ошондо аялы күйөөсүн карап:
- Жылдар бою
даамдуу тамактарды бышырып келем. "Күйөөм бир жолу болсо деле рахмат
айтпаганына караганда баары бир жакшы жаманды айырмалабайт го. Алдына эмне
койсом деле жей берсе керек” деп ойлодум. Азыр болсо бир гана жамандыкты
түшүнүп, жакшылыкты түшүнбөгөндүгүңдү көрсөттүң, - деген экен.
Жаманды
сындоону билген адам жакшыны да мактоону, рахмат айтууну билүүгө тийиш! Эгер
мактоо колунан келбесе анда сындоодон да баш тартуу керек! Аялынын даамдуу
тамактары менен кызматтарына рахмат айтуу керек, ошол сыяктуу жактырбаган
кызматтары үчүн дагы рахмат айта алуусу керек. Анткени аялдар жактырбаган
тамактарга дагы ошол эле энергияны, ошол эле эмгекти жумшаганын унутпоо керек.
Жубайлар бөтөн
адамдарга көрсөтүлчү кичи пейилдиктин жок дегенде ондон бирин үйүндө
бири-бирине көрсөтүүгө тийиш. Оройлук сүйүүнү кетирип, бакытсыздыкка жол ачат.
Мисалы, бөтөн адамга: "Дайыма бир эле нерсени кайталап айта бересиң” дей
албаганыбыз менен, өз үйүбүздө: "Дагы эле ошол нерсени айтып жатасыңбы”, - дей
турган болсок, кичи пейилдиктен канчалык деңгээлде алыс экенибиз белгилүү
болот.
Үйүндө
тынчтык, бакыттуулуктун болушу жумуштагы кичи пейилдиктен маанилүүрөөк. Бакыт –
миллиарддаган акча табуудан да маанилүүрөөк. Андай болсо, мактаганды билген,
кичи пейил, жылмайып жүргөн адамдын үйүндө түшүнбөстүк, келишпестик болбойт.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам үйүнө күлүмсүрөп кирип, салам берчү. Бир адамдын көңүлү жок болуп турса да күлүмсүрөөнү
унутпоосу зарыл. Анткени, кыймыл-аракеттерибиз сөзгө караганда көбүрөөк таасир
кылат.
"Күлүмсүрөө”
деп аталган отто ээрибей турчу муз жок. Көңүлдөр күлүмсүрөө аркылуу ээленет.
Бир күлүмсүрөөгө туткун болгон эр жигит бир кыздын эч бир жаман жактарына
карабастан аны менен үйлөнүү деген катага өзүн курман кылышы мүмкүн.
Мусулман
күлүмсүрөгөн, жылуу жүздүү болот, ал эми мунафык (эки жүздүү) кабагы карышып
турат. Күлүмсүрөө – бекер турат. Алганды бактылуу кылат, бергенди капа кылбайт.
Кээде бир күлүмсүрөө өмүр бою эсте калат. Бакыттын ачкычы – күлүмсүрөө.
Күлүмсүрөөнү билбеген адам – бечара адам. Күлүмсүрөөнү үйрөнүү дүнүйө жана
акыретте бактылуу болууга себеп болот.
Үй-бүлөлүк бакыттын сыры
Үйдөгү
тынчтыктын, ынтымактын эң негизги эрежелеринин бири – сырттагы адамдар менен
кандай сыпайы жана жакшы мамиледе болсок, дал ошондой мамиленин үй-бүлө ичинде
да болуусу. Сый-урмат болгон үйдө кут-береке да болот.
Илгери бир жаш
жигит үй-бүлө ичинде кантип бактылуулук менен тынчтык орнотууга боло турганын
изилдейт. Адамдар ага баланча айылда бир чал менен кемпир бар, билсе ошолор
билет бактылуу өмүрдүн сырын, анткени, алардын урушканын, бири-бирине үнүн
көтөрүп сүйлөгөнүн эч ким көргөн эмес дешет. Жаш жигит адамдар айткан үйгө
барып, амандашып, жагдайларын сураган соң үй ээсине келгенинин себебин айтат.
Карыя
дасторкон башына конокту жайгаштырып отургузат. Кемпири дасторконго бир коон
алып келет. Карыя коонду бир карайт дагы, кемпирине: "Мырзайым, бул коон анча
бышкан эмес окшойт, башкасын алып келесиңби”, - дейт. Аялы жарайт деп, коонду
кайра алып кетип, дагы бир коон алып келет. Күйөөсү: "Бул дагы болбоду, дагы
башкасын көрчү”, - дейт. Аялы жарайт деп, дагы алып келет.
Карыя келген
конокко: "Аялым бышканын тандай албай жатса керек, кана жүргүлө, бирге барып
тандап келели”, - деп экөө бирге барып ашканага киришет. Ашканага киргенде бир
гана коон турганын көрүшөт. Карыя конокту карап: "Үй-бүлөлүк бакыттын сырын түшүндүңбү?” – деп сурайт. Жаш жигит:
"Түшүнгөн жокмун”, - деп жооп берет. "Балам, үйдө бир гана коон бар эле. Мен
коондун бирөө гана экенин билчүмүн, менин биле турганымды аялым да билет. Мен
коонду алып кетип, башкасын алып кел дегенимде, жарайт деп алып кетип, дал ошол
коонду кайра алып келди. "Эй, чал, сен алжып калгансыңбы, үйдө болгону бир эле
коон бар, кайсы коонду айтып жатасың” деген жок. Мен бир нерсе айткан кезимде
аялым каршы чыкпайт, дароо айтканымды орундайт. Ал дагы бир нерсе айткан кезде
мен да анын көңүлүн калтырбайм. Ошол себептен уруш-талаш да болбойт. Үй-бүлөлүк
бакыттын сыры - ушул”, - дейт.