Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ажырашуу илдети




Ажырашуу илдети


Азыркы жоордун эң чоң проблемаларынын бири жана ушул доордун холера оорусу десек жаңылышпай турчу маселе – ажырашуу оорусу. Бул оору жугуштуу ооруга окшоп бүткүл дүнүйөгө таралууда. Бардык элдер үй-бүлөнү кыйратуучу бул маселеге баш катырууда. Ажырашуу санынын улам көбөйүп баруусунун бир канча себептери бар. Бул себептердин бири - ар-намыс, уяттуулук сезимдеринин азайуусу. Бул коом канча жылдардан бери ата-бабаңар эскичил адамдар эле, эски салттан баш тартуу керек, жаңычыл болуу керек, "жүрүү керек, көрүү керек” деген шылтоолорго алданып келди. Ал эми негизи ошол эскичил делип жалаага учураган ата-бабаларыбыздын заманында болбогон ажырашуулар азыр күн санап көбөйүп барууда.

Ошондой жаңылыш пикирлердин натыйжасында таанышкан соң 45 мүнөт өтүп үйлөнүүлөр же тескерисинче жылдап созулчу, батышта флирт деп аталган никесиз жүрүүлөр башталды. Эң соңунда шариятка тескери болгон орустар "гражданский” деп атаган жашоо ыкмалары кирип келе баштады. Ошондой эле технология менен бирге кино, гезит, телевидение, мода, жарнама, интернет сыяктуу массалык маалымат каражаттары кирип келди.

Мурдагы заманда ажырашуу эң уят иш болуп эсептелчү. "Кайтып келген кыз жаман” деген сөздүн мааниси да ушул. Кыз күйөөгө чыгар кезде эне-атасы ага: "Таштай сыяктуу түшүп, суудай сиң!” - дешет. Эркектердин аң-сезимине "Үй-бүлө – сенин намысың” деген түшүнүк сиңчү. Ар-намыс, уят деген сезимдер бир элдин туусунун кунундай болчу. Ал эми азыр болсо түгөйүн дүкөндөн жемиш алган сыяктуу алып жаткандар пайда болууда.

Жемиштин калдыктары таштандыга ыргытылган сыяктуу, бири-бирине карата кызыгуусу кеткен соң таштандыга ыргытылууда. Заманбап деп аталган коомдун дини менен каада-салтынан алыстоосу ажырашуу тенденциясынын негизин түздү.

Бардык коомдордо ажырашуу болушу мүмкүн. Бирок, бул илдет бизде болбошу керек эле. Эски замандарда ислам ахлагынын негизинде куралган кулк-мүнөзүбүз, менталитетибиз, ошол кулк-мүнөздү калыпташтырган үй-бүлөлүк жашообуз бүткүл ааламды таң калтырчу. Буга батыштык саякатчылар тарабынан жазылган күндөлүктөр күбө. Ата-бабаларыбызда ажырашуу деген нерсе эч болбогон дей ала тургандай деңгээлде өтө аз эле.

Үй-бүлөлөр кыйроодо...

Ушул күндөрдө коомдогу эң чоң бүлүк, кыйроо үй-бүлөдө жүзөгө ашууда. Батышта үй-бүлө деген түшүнүк кыйрады, бүттү. Эми ошол илдет менен беттешүү биздин да башыбызга келүүдө. Үй-бүлөнү ошондой абалга жеткирген динсиздик менен уятсыздыктын негизинде түптөлгөн "Феминизм” жана "Гуманизм” агымдары болуп саналат. Бул микроб, бул уу алтын идишке салынып, шекер менен аралаштырылып сунулуп жаткандыгы үчүн көпчүлүгүбүз андан бейкабарбыз. "Сөздө теңдик”, "адилеттүүлүк”, "акысын жедирбөө” деген ураандардын астында аялдарыбызга сунулган кыялдар, негизинде жашыруун харам ниет менен курулган тузак! Тууралыкты, үй-бүлөлүк тынчтыкты издегендердин бири – Америкалык Лаура Дойл. "Бактылуулуктун булагы – үй-бүлө” аттуу китебинде тажрыйба-каталык жолу менен кабыргасы кыйшайган үй-бүлөнү кантип сактап калганын кыскача минтип түшүндүрөт:

"...Үй-бүлөлүк турмушубуздун төртүнчү жылында мамилелерибиздин сууганын, үй-бүлөлүк жолубузда кемчилик бар экенин байкадым. Үй-бүлөнү сактап калуу аттуу семинарлардан да эч кандай натыйжа ала алган жокмун. Ошондуктан, эң соңунда "чоң энемдин ыкмасын” колдонууну чечтим. Ошол кабылдаган чечимимден баштап мамилелерибиздеги бардык нерсе башкача жүрө баштады. Үй-бүлөлүк мамилелер психологдор тарабынан дайым кайра-кайра айтылган "Маселелерди айтышып, талкуу аркылуу чечүү керек” деген түшүнүктүн чоң жалган экендигине, башынан эле жеңилүү анык болгон согуш экендигине көзүм жетти. Башыман өткөрүп тапкан ошол жаңы метод аркылуу алгач өз үй-бүлөмдү кыйроодон сактап кала алдым. Анан башка дагы бактысыз аялдарга ынтызар жана сүйүүгө толо болгон үй-бүлөлүк жашоого жетүүнүн акыл-кеңештерин берүүнү өзүмө милдет деп билдим. Мамлекеттин бүт жеринде семинарларды өткөрүп, феминисттердин бурмалоолорунун бир түрү болгон "айылдык” деген түшүнүктүн жаңылыш экенин далилдеп бердим. Басма сөз каражаттарынын тескери таасирден коркуп кабыл кылбаган, өз мүмкүнчүлүктөрү менен басып чыгарган, колдон колго тараткан "Күйөөсүнө берилген (багынган)түгөй: Күйөөңүз менен жакындыкты, куштарлыкты жана достукту камсыз кылууга алып баруучу тажрыйбадан келип чыккан жол” аттуу китебим миңдеген америкалык аялдардын "Үй-бүлөнү сактап калуунун”кол китебине айланды...”

Азыр бул китеп Европа жолунда. Үй-бүлөсүн сактап калгандардын бири болгон Карол Фицгеральд айым: "Бул семинарлардан кийин негизи үй-бүлөмдөгү эң чоң көйгөй менин өзүм экенине көзүм жетти. Ар бир маселеге башка көз караш менен кароону үйрөндүм. Күйөөм кандай болсо ошондой кабылдап, ага бардык жактан ишенимим артып, таянуу керектигин түшүндүм. Мен өзүм ашык болгон адамды бир кездерде өзгөртүүгө аракет кылганым канчалык негизсиз, жаңылыш экенин түшүндүм. Натыйжада бейпил, бактылуу бир үй-бүлөгө ээ болдум...” – дейт.

Лаура китебинде: "Моюн сунуу, багынуу чексиз да эмес. Баңгизатка көз каранды, зордук-зомбулукка куштар, ишенүүгө болбой турган опаасыз эркектерге "багынуу” биякта турсун, алардан узак болуу керек!...” – деп эскертет.

Ажырашуу чечим эмес

Суроо: Эгер жубайлардын мүнөздөрү бири-бирине туура келбесе ажырашууга болобу? Ажырашуу күнөөбү?

Жооп: Ажырашуу чечим эмес. Өзгөчө ортодо бала болсо, ажырашкандан өткөн жаман нерсе жок. Кемчиликсиз адам болбойт. Кемчиликсиз дос издеген адам доссуз калат. Кемчиликсиз түгөй издеген адам түгөй таба албайт. Чыныгы эрдик кемчиликтүү адам менен жакшы мамиледе боло алуу, аны менен бирге тынч, ынтымакта өмүр сүрө алуу.

Жубайлар бири-биринин жаман жактарына сабыр кылуулары керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Аялынын жаман мүнөзүнө сабыр кылган эркек Аййуб пайгамбардын сабыры үчүн берилгендей соопко, ал эми күйөөсүнүн жаман мүнөзүнө сабыр кылган аял Асияга берилгендей соопко ээ болот.” (И. Газали)

Уруш-талаштарда күнөөнү өзүбүздөн издөөгө аракет кылышыбыз керек. Меники туура деген менен эч нерсе утпайбыз. Тескерисинче, жоготушубуз мүмкүн. Ар бир үй-бүлөдө кыйынчылыктар, жаңжалдар болушу мүмкүн. Төгөрөгү төп болгон (идеалдуу) адам табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, турмуш курган кезде кыйын жагдайларга да даяр болуу керек жана сабыр кыла алуу керек. Жинденип турган кезде чечим кабыл алуудан узак болуп, чектен ашпоого көңүл буруу абзел. Көп жагдайларда жинденип турган кезде ажырашкандар көп өтпөй эле тизесин чаап өкүнүп калышат.

Ажырашуу күнөө эмес. Бирок, Аллаху таала халал да болсо талакты жактырбайт. Пайгамбарыбыз мындай деген: "Аллаху тааланын эч жактырбаган халал нерсеси - талак (ажырашуу).” (Хаким) Сабыр кылуу керек, мамилесин оңдоп, уруш-талашпоого аракет кылуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш