Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Ажырашуунун балдарга таасири




Ажырашуунун балдарга таасири


Ажырашуунун балдарга тийгизе турган таасири баланын жашына, ажырашууга чейинки жана кийинки шарттарга байланыштуу.

Мурда болгон көйгөйлөр, ажырашуу кезинде жана ажырашкандан кийин пайда болгон кыйынчылыктардан баланын таасирленүүсү да баланын канча жашта экендигине байланыштуу.

Ажырашар кезде 6-7 жаштан кичине балдар эмне болуп жатканын түшүнө алышпайт. Эне-атанын жагдайды түшүндүрүп бербөөсү же бири-бирин айыптоосу баланын зээнинин бузулушуна себеп болушу мүмкүн. Кичинекей бала ажырашууну, эне-атанын жаңыдан башкага үйлөнүүсүн түшүнө албайт. Эмне үчүн атасында же энесинде калганын түшүнө албайт. Экөөнү тең көргүсү келет, алардын бирге болуусун каалайт. Оюндагы мындай баш аламан жагдайларда бала айлана-тегерегиндегилер менен карым-катнашын үзүү же агрессиялуу болуусу мүмкүн.

Балдар кээ бир жагдайларда болгон иштерден өздөрүн жоопкер деп билүүсү мүмкүн. Эне-ата балага тийиштүү маселелерде жаңжалдашса, мисалы; баланын кимде кала тургандыгы тууралуу талашып-тартышып жаткан болушса, бала бул иштерден өзүн күнөөлүү сезет. Атасы же энеси көрүп кетүүгө келбеген болсо, алардын башка иштери чыгып калышы мүмкүн экенин ойлобой, "Мени жакшы көрбөгөндүктөн келбеди” деп ойлойт. Энесинин карамагында калган болсо, энесинин атасы тууралуу айткан сөздөрүнөн таасирленип, өздөрү дагы ошого окшош сөздөрдү айтышы мүмкүн. Эне-атасынын биринин жанында болсо экинчисинен баш тартышы мүмкүн. Анткени, аны баласына жамандашы мүмкүн. Анан бала да аны көргүсү келбей калат. Мисалы, бала атасынын карамагында болсо, атасы башка аялга үйлөнсө, баласына биринчи аялын жамандап, баланы андан алыстатуусу мүмкүн.

Бул жагдай балада ар түрдүү сезимдердин пайда болуусуна жана кулк-мүнөзүнүн начарлашына себеп болушу мүмкүн.

Чоң кишилерде болгон сыяктуу таарынуу, ачуулануу, коркуу сезимдери ойгонот. Бирок, бул сезимдерине себеп болгон нерселерди толук түшүнө албайт.

Ар бир ажырашуунун балага милдеттүү түрдө тескери таасири болот. Маанилүүсү ошол таасирлерди эң аз деңгээлге түшүрүүнү камсыз кылуу. Ал үчүн алгач эне-атанын баласынын кайсы тарапта калуусу тууралуу бир келишимге келип, баланы бири-бирине каршы колдонбоо жана өзгөчө 5-6 жаштан кичүү балдардын энесинин колунда калуусу керектиги камсыз кылынышы зарыл.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш