Бир күнү Хазрети Мансур бин Аммарга жакында
үйлөнгөн шакирти келет. Абалы түшүнүктүү болчу. Олуя киши анын абалын түшүнүп:
- Тынччылыкпы балам, көңүлүң чөгүп тургансыйт?
- Ооба устазым, аялым менен тил табыша албай
жүрөмүн. Мүнөзү өтө начар, мен дагы кызуу кандуумун. Ошондуктан, ажырашуу
тууралуу ойлоп жүргөм.
- Андай кылба балам. Ажырашуудан сактан! –дейт.
Анан башын төмөн түшүрүп, ойлонгондой болуп, башын көтөрдү дагы: "Уулум,
жүрөгүм сенин көп өмүрүң калбаганын сезип турган сыяктуу”, -дейт. Ошондо
жигиттин тынчы кетип:
- Кандайча устаз? Өтө аз калдыбы? Канчалык
өмүрүм калды?
- Тилекке каршы, үч айдай калды, балам, -дейт.
Ошондон кийин жигит аянычтуу абалда үйүн көздөй
бет алды. Ошол күндөн баштап аялы менен такыр урушпай, жылуу мамилелүү өмүр
сүрө баштайт, ошентип, абалы "периштедей” болгон эле. Хадиси шарифте
айтылгандай: "Өлүм – эң чоң насаатчы.” Мына, бул дагы ошонун бир мисалы…
Көгөргөн
көчөт
Жаңы үйлөнгөн эки жаш алгачкы айларында эле
жашоосунун өздөрү ойлогондой болуп чыкпаганын түшүнө башташты.
Негизи бири бирин жакшы көрүшчү. Экөө тең
ажырашууну каалашчу эмес. Бирок, мындан ары да минтип улантууну токтото турган
чечим издей башташат.
Күйөөсү: "Мага бир ой келди”, - деди. "Бакчага
бир көчөт отургузалы. Эгер бул көчөт үч айдын ичинде кургап калса ажырашалы.
Кургабай өнүп кетсе андан ары бул маселени ачпай турган бололу. Бирок, бул
мөөнөт ичинде экөөбүз тең бөлөк-бөлөк бөлмөдө жашайлы.”
Бул пикирди келинчеги да колдоп, эртеси күнү
бир мөмөжемиш көчөтүн алып келишип, бакчага бирге отургузушат. Арадан бир ай
өтөт. Бир түнү бакчада кездешип калышат. Экөөнүн тең колунда суу толо чака бар
эле.