Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аял күйөөсүнө жасанып-кооздонуусу керек




Аял күйөөсүнө жасанып-кооздонуусу керек


Суроо: Күйөөм менен бат-баттан урушуп турабыз. Дайым менден качууга аракет кылат, арабыз да сууп кетти. Үй-бүлөнү сактап калгысы келген түгөй катары мага эмне кылуум керектиги тууралуу кеңеш бере аласызбы?

Жооп: Үй-бүлө ичиндеги көптөгөн түшүнбөөчүлүктөр эки тараптын бири-бирине тийиштүү милдеттерин орундабаганынан улам пайда болот.

Диндин өкүмдөрүнө, буйруктары менен тыюуларына моюн сунуу керек. Адамдарга дарт, балээ күнөөнүн натыйжасында, ал эми бейпилдик менен береке динге моюн сунуунун натыйжасында келет.

Аял күйөөсүнө кылган жакшылыктарын милдет кылбашы керек, азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу нерселерде күйөөсүн капалантпай, күчү жетпеген нерсени андан сурабашы керек. Күйөөсүнүн аброюн коргоп, ар ишинде анын ыраазылыгын алууга, аны кубантууга аракет кылып, аны таарынтпоосу керек.

Аялдын үйүндө күйөөсү үчүн жасанып-кооздонуусу сооп. Пайгамбарбыз бул маселеде кеңеш берип: "Исраил уулдарынын аялдары үйлөрүндө жасанып-кооздонбогондуктары үчүн алардын эркектери зинага түшкөн”, - деп билдирген.

Аялдар үйдө өздөрүнө көңүл бурууга тийиш, кийимине, сулуулугуна, макияжына жана башкасына. Өзүн такыр таштап койбошу керек. Анткени, эркектер сыртта, жумушта сулуу, макияждуу, көрктүү аялдар менен бирге иштеши мүмкүн. Кечинде үйүнө келгенде өзүн карабаган аялын көргөндө көздөрү башканы карай баштайт.

Ошондуктан, аял болгон өнөрүн колдонууга тийиш, таң эртең эрте туруп күйөөсүнүн эртең мененки тамагын даярдоого, эшикке чейин амандык, ийгилик тилеп узатып коюуга тийиш. Кечинде жасанып-кооздонуп, аны күтүп тургандай күлүп, жылуу жүз менен тосуп алууга тийиш. Күйөөсүнүн ал күнкү стрессин, чарчоосун жазууга тийиш.

Эркектердин сыртта бөтөн аялдар менен никесиз мамиледе болуусуна үйдөгү аялдын да күнөөсү бар. Таң эртең күйөөсү жумушка кетип баратканда уктап жатуусу, кечинде келгенде кошунасынын үйүндө болуусу, маани бербөөсү – ошого алып бара турчу себептерден. Үйүндө жакын, жылуу мамиле көрбөгөн эркектер убакыт өтүп өзүн сырттан табышат. Бул эркектер күнөөсүз деген сөз эмес, баары бир мында өз аялдарынын кошкон салымы болот. Ошондой жолго түшкөн эркектердин үй-бүлөлүк жашоосу изилдеп көрүлсө аялдарынын өз милдеттерин туура, татыктуу түрдө аткара албагандыгы аныкталууда. Жогоруда аталган хадиси шариф да ушуга ишара кылууда.

Тилекке каршы көптөгөн аялдар үй кийимине, жасанып-кооздонуусуна көңүл бурушпайт. Үйдө кандай болсо ошондой, начар кийинип алышат. Ал эми көчөгө чыккан кезде эң жаңы, эң көрктүү кийимдерин кийип алышат. Негизи мунун тескериси болушу керек. Мусулман аялдын сыртка чыкканда жасануусу жаиз эмес. Мусулман аял көчөгө чыккан кезде көзгө урунбай турган жөнөкөй кийим кийүүсү керек. Атыр себинбөөсү керек. Атырды үйүндө себинүүгө тийиш. Аялдын күйөөсүнө таза жана көрктүү кийинип, жасануусу - важиб. (Хиндийа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш