Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Арактын зыяндары




Арактын зыяндары


Бүгүнкү күндө эң чоң илдетке айланган, өзгөчө жаштарга тийе турчу коркунучтардын башында спирт ичимдик жана баңги зат турат. Арактардын зыяндарынын бир канчасы төмөндөгүдөй:

· Зыяндуу адаттар алгачкы кадамдан жана алгачкы даам татуудан башталат. Тузактын эң чоң "Бир жолу көргөндөн эмне чыгат?” деп ойлоо.

· Жол кырсыктарынын көбү мас айдоочулардын айынан болот.

· Спирт ичимдиктер менен баңги заттар мээ жана борбордук нерв системасынын чыныгы душманы.

· Спирт ичимдик коркунучтуу шишик оорусуна чалдыгуу себептеринин башында турат.

· Спирт ичимдик ичүүчүлөрдүн боору чарчайт. Ошондуктан, цирроз оорусуна чалдыгуусу мүмкүн.

· Арак жүрөк менен кан айлануу системасын бузат.

· Бөйрөктүн сезгенүүсү, клеткаларга залака тийүүсү жана простата бездеринин чоңойуусу арактын зыяндарынан болуп саналат.

· Ашказандын ички чел кабыгын дүүлүктүрүп, гастрит менен язвага себеп болот.

· Спирт ичимдик ичүүчүлөрдүн мээ клеткаларынын көбү өлөт. Натыйжада паралич жана өлүмгө себеп болот.

· Аң-сезимдүү жана эрктүү кыймыл-аракеттердин ордуна аң-сезимсиз жана контролсуз кыймыл-аракеттер башталат. Ой жүргүзүү, уялуу жана ар-намыс сезимдери алсырайт.

· Бет жана териде тери оорулары пайда болот. Аракечтердин балдары көбүнесе кем акыл, талма оорулуу, аракеч... болот. Психикалык ооруга чалдыккан 1000 адамга карата жүргүзүлгөн изилдөө натыйжасында 665 кишинин эне-аталары аракеч экендиги аныкталган. Майыптардын 80%нын себеби да аракеч болгон эне-аталар.

· Аракка берилгендердин арасында адам өлтүрүү жана үй-бүлөлүк уруш-талаштар өтө көп кездешет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш