Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аракеч эне-аталар




Аракеч эне-аталар


Үй-бүлөсүндө аракка берилген адамдар болгон бала спирт ичимдиктердин зыяндарын укканда өз үй-бүлөсү үчүн уялат. Өзгөчө ичимдиктин ден-соолукка тийгизе турган зыяндарын түшүнгөн бала үй-бүлө мүчөлөрүн бул кооптон зыян көрө турганын ойлоп, ар дайым убайым тартат. Өзүнөн жана үй-бүлө мүчөлөрүнөн кысылып, ичимдикке жумшалган каражаттын бир адилетсиздикти чыгарганын ойлой алат. Ал эми бул жагдай үй-бүлөсү менен байланышын үзүүгө жана жек көрүүгө себеп болот.

Арактын айынан үй-бүлөдөгү тынчсыздык, материалдык кыйынчылык, кадыр-баркынын жоголуусу, адамдар менен ынтымаксыздык, баланын психологиялык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Келечекте психикалык ооруларга себеп болушу мүмкүн. Үй-бүлөдөгү үзгүлтүксүз уруш-талаштар баланын өзүнө деген ишенимин жок кылат жана жупуну, адамгерчиликтен узак болууга, түнттүккө жол ачат. Ошондой эле, мындай балдар мектепте өз ордун таба албай, достору менен болгон мамилесин үзгөн абалда жашашат.

Суроо: Атам аракты көп ичет, айтсам укпайт, атамды ичкиликтен кантип тыйууга, кантип баш тартууга көндүрсөм болот?

Жооп: Эң таасирдүү жолу аракеч, арак ичүүсүнө себеп боло турган, аракечтикти эске сала турган бардык досторунан жана туугандарынан оолак болуу. Керек болсо андай адамдар менен болгон мамилени толук үзүү керек. Ошондой эле, атаңыздын ичкиликти таштоосу үчун дуба кылыңыз.

Суроо: Курамында спирти аз же 0 пайыз суусундуктарды ичүүгө болобу?

Жооп: Курамында спирти аз болсо да ичүүгө болбойт. Бир тамчы кошулган болсо да, мас кылбаса да ичүүгө болбойт. Хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Көп өлчөмү мас кыла турган нерсенин азын да ичүү харам болот.” (Насаи, Тирмизи)

"Ихтимар кылынган (ачытылып спиртке айландырылган) бардык ичкиликтер харам.” (Абу Давуд)

"Ушундай бир заман келет, адамдар арактын атын өзгөртүп, халал деп эсептей турган болушат.” (И. Ахмед)

Арак – нажис деген сөз. Динибизде заара, кан, ириң нажис болуп саналгандай спирт да нажис болуп саналат. Азыркы кезде спирти 0 пайыз пиво деген суусундуктар сатылууда. Бул да таза заара таза нажис деген менен бирдей. Спирти жок болсо пиво деп аталбайт. Ошондуктан, андай нерселерди да ичпөө керек.

Суроо: Менин досторумдун көпчүлүгү эмне болсо да күн сайын арак ичишет, тамеки тартышат. Алар менен бирге отуруу керекпи же мамилени үзгөн туура болобу? Бирок динибизде достордон бөлүнбөө керек. Эмне кылышым керек?

Жооп: Пайгамбарыбыз хадиси шарифте: "Досунун дини эмне болсо, кишинин дини да ошол”, - деген. Аракечтин досу аракеч, бейнамаздын досу да бейнамаз болот. Андай болсо, досту жакшы тандоо, анан барып достошуу керек. Аалым заттар айтышат: "Адамдын Бейишке баруусун каалабай турган эң чоң үч душманы болот. Алар: 1 – Напси, 2 – шайтан, 3 – жаман дос.” Намаз окубай турган, аракеч, ашкере арам иш кыла турган адамдар менен дос болбоо керек. Динибизде жаман адамдан ажырабагыла деген эч кандай буйрук жок. Тескерисинче, ишеними ахли сүннөт болгон, намаз окуй турган, салих достон, туугандан ажырабагыла делген. Аракеч досторуңуздан узак туруңуз. Себебин сурашса, силер менен жүргөн сайын аракка деген каалоом артып бара жатат, намазым калып жатат деп айтыңыз. Эгер аларга бул сөз таасир этсе балким алар да жамандыктарын ташташат.

Хадиси шарифте: "Адамдын дини досунун дини сыяктуу. Ким менен достук курганыңарга маани бергиле!” -деп айтылган. (Хаким)

Шайтан менен напсибиз жаман дос аркылуу бизди жамандыктарга түртөт. Жаман достон жыландан, арстандан качкандай качуу керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Көздөрү менде болгон, ар дайым мени аңдып жүргөн, жакшылыгымды жашыра турган, жамандыгымды көбөйтө турган, башкаларга жайып жүргөн жаман достон сага сыйынамын, Йа, Раббим!” (И. Нажжар)

"Жаман дос темирчинин көрүгү сыяктуу. Үйлөгөн кезде оттун жалыны сени күйгүзбөсө да жыты тынчыңды алат.” (Бухари)

Бакытсыздыктардын, балээ-кырсыктардын башы – жаман дос. Динди, ыйманды, ибадатты, халал-харамды унуттурган, кулк-мүнөздү буза турган – жаман дос. "Досуңдун ким экенин айт, сенин ким экениңди айтамын”, "Жаман менен дос болсоң көңүлүң азат”, "Казанга жакын жолосоң карасы жугат” деген акылман сөздөр да жаман менен дос болгон адам анын жамандыгынан үлүш ала турганын көргөзөт.

Жакшы дос деген ким? Хадиси шарифте мындай делген:

Эң жакшы дос – Аллаху тааланы эске алган кезиңде көмөкчү болгон, унуткан кезиңде эсиңе түшүрө турган адам.”(Хаким)

"Эң жакшы дос – сөздөрү илимиңерди көбөйткөн, амалы акыретти эске түшүргөн адам.” (Хаким)

Адамдын дини досунун дининдей болот деп билдирилген. Ыйманын кубаттандыргысы келгендер ыйманы кубаттуулар менен бирге болуусу керек. Жакшы ибадат кылгысы келгендер ибадатын жакшы, ыкылас менен орундап жүргөндөр менен бирге болуусу керек. Ошондо гана өзү да алар сыяктуу болуп, аларга окшоп баштайт. Дүнүйө менен акырет бакыты үчүн жакшылар менен бирге болуу керек.

Жакшы досторду издөө керек. Илиминен, жакшы мүнөзүнөн пайдаланыла турган салих (жакшы) доско татыктуу сый урмат көрсөтүү керек. Андан кемчилик издебеш керек. Кемчилиги болсо да көрбөө керек жана эч кимге айтпоо керек. Суизан (жаман күмөндө, ойдо) болбоо керек. Орунсуз иш-аракеттерин көргөндө унуткандыктан болсо керек деп жоромолдоо керек. Башкача айтканда, кечиримдүү себеп менен күнөөсүз экенин кабылдоо керек. Анткени, жакшы мүнөздүү адам адамдарга кечирим менен карайт, алардын кемчиликтерин ашкерелебейт.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш