Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Телевизор жана үй-бүлө




Телевизор жана үй-бүлө


Пультту колго алган кезибизден баштап эле телевизор бизди башкарат деген адистер көгүлтүр экран алдында көп убакыт өткөрбөш керектигин баса белгилешүүдө. Азыркы тапта 7 жаштан 70 жашка чейинкилердин бардыгы телевизор көрөт. Айрыкча сериалдар кишини экранга байлап коёт. Ошондуктан, продюсерлер менен телеканалдар дайым бири-бири менен жарышат. Бирок, адистер сериалдарга деген көз карандылыкка көп токтолушат. Телевизорго деген көз карандылык үй-бүлө ичиндеги мамилелерди да бузушу мүмкүн.

Клиникалык психология адистери: "Адамдар сериалдардагы жашоого аралашып, өздөрүн ошол жерде жоготуп, өздөрүнүн жеке сезимдеринен алыстап жатышат. Ошол себептен сериалдардагы көйгөйлөр  өзүнүн көйгөйлөрүнө караганда маанилүүрөк болуп көрүнөт. Бардык нерсеси ошол сериалга байланыштуу болот.

Мисалы, күлгүсү келсе киносун көрүп күлөт. Өзүбүз тууралуу токтотуп койгонубуз үчүн биздин эң жакшы күндөлүк темабыз сериалдардагы көйгөйлөр болуп калат. Адам андан ары өзү, жубайы, үй-бүлөсү тууралуу кеп кылбай турган болот. Бул сериалдар менин жашоомдон аябай алыс, мынчалык берилип кетпешим керек деп өзүн токтото албайт. Эгер өзүн токтото алганда сериал, телевизорго анчалык берилип кетмек эмес. Ошондой эле, сериалдардагы адепке туура келбеген кылыктар, ылайыксыз иш-аракеттер да убакыт өтүп көнүмүш болуп калат. Натыйжада андай иш-аракеттер коомдун арасында жайыла баштайт жана ошого байланыштуу ажырашуулардын себебине айланып жатканы да бар...”, - деп айтышат. Сериалдардагы постановка ушунчалык  кандарына сиңип кеткендиктен кээ бир жаштар дал ошол кыймыл-аракетти кылып, дал ошондой чечим кабыл ала башташат. Сериалда өткөн болбогон себеп өмүрүндө орун алса дал ошондой акылга сыйбаган себеп менен ажырашуулар да орун алууда.

Азыркы тапта телеканалдардагы кино, шоу, клиптер жарым жылаңач кыздарды түшүрүүдө, уятсыздыкты жарнамаларга жашырып жаткандай деңгээлде. Илгери жаман жүрүм-турум көрүнүшү катары билинген кийин ошол жарнамалар аркылуу жалпы элдик үлгүгө айланып жатканы кокустук эмес чыгар. Көрсөтүүлөрдүн да жаман көнүмүш адат жана кылыктарды аябай мактап жаткандары көп. Чет элдик кинолордо башкы ролдогу персонаждар көбүнчө текебер болушат. Одоно сүйлөө, эч кимди тыңдабоо, эч кимди теңине албоо, өзү каалагандай иш кылуу, кекирейген болуу, арак ичүү абырой катары көрсөтүлүүдө. Жыныстык үлгүдөгү уятсыздыкка, зордук-зомбулукка кызыгуу ойгото турган көрсөтүүлөр жөнөкөй эле нерсе болуп калган. Адептүүлүк, уяттуулук, намыскөйлүк тебеленип жатат. Мунун баары албетте таасирин тийгизбей койбойт. Адепке туура келбеген кылыктар, уятсыздыктар, уурулук, зордук-зомбулук, аракечтик менен баңгилик көбөйүүдө. Жалпы эл тарабынан токтоосуз көрүлүп жаткан телесериалдардын жагдайы өтө коркунучтуу делсе аша чапкандык болбойт. Эне-атага каршы чыгуу, айтылганды тыңдабоо, улууларды урматтабоо, сиңдисинин күйөөсүн эжеси тартып алуусу, көзгө чөп салуу сыяктуу ар-намыссыз кылыктарды кадимкидей эле нерсе катары көрсөтүү сыяктуу мисалдар мына ушулардын бир бөлүгү гана. Дагы бир маселе чет элдик кинолорунун көпчүлүгүндө милдеттүү түрдө чокунуу, чиркөөгө баруу, попко барып күнөөлөрүн тазартуу жагдайлары жок дегенде бир жолу орун алат. Бир киши айтат: "Балам бир күнү христиан дининде эмне кылсаң да, кандай күнөө кылсаң да соңунда попко барсаң сени күнөөдөн тазартат экен, анда биз эмнеге христиан болбойбуз?” – деп сурап калды. Аны кайдан уктуң десем, кинолордон көрдүм дейт. Анан христиан динин өзгө дин экендигин жана мусулманчылык тууралуу көпкө отуруп түшүндүрдүм,” – дейт.

Уятсыздык кеңири жайылган элдерде тарбиянын бузуктугунан улам таң калыштуу көрүнүштөр орун алууда. Ар түрдүү кылмыш, анархия, терроризмге жол ачууда. Ошентип мамлекеттер өз ичинен кыйроодо. Бардык нерсени жакшы жолдо же жаман жолдо колдонууга болот. Үйдө мындай көрсөтүүлөрдүн ордуна таалим-тарбияга, кругозорду кеңейтүүгө негизделген, адепти бузбай турган көрсөтүүлөргө орун берүү керек. Эне-аталар да буга кайдигер карабоолору керек, телевизор, интернет сыяктуу маалымат каражаттарын мыкты тандап, катуу көзөмөлгө алуу керек. Эне-аталар интернетти балдардын кабары болсун, үйрөнсүн деп кошуп беребиз. Ал эми интернетте жогоруда аталган коркунучтардын өтө көбү орун алган. Ден соолукка зыяндарынан тышкары баланын аң-сезимин уулоочу сайттар, оюндар, видеолор толуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөрдө таң атар менен кечке чейин телевизордун алдынан чыкпай отурган жаш балдар бар. Дарыгерлер тарабынан телевизор алдында көп отуруу денедеги мелатонин гармонунун азайып кетишине жол ача турганы, ал эми бул болсо өз кезегинде иммунитеттин начарлап кетүүсүнө жол ача тургандыгы эскертилүүдө. Ошондой эле балдардын телевизор алдында көп отуруусу мээнин жана дененин өсүшүн жайлатат. Коркунуч жана зулумдукка негизделген кинолор балдарды агрессиялуу болууга, негатив кылыктарга багыттайт. Мындай кинолорду балдардын көрүүсү руханий саламаттык жагынан да өтө зыяндуу. Ошондой эле коркунуч менен зордук-зомбулукка негизделген кинолор мектепке чейинки балдардын фантазиясын чектен тыш күчөтөт. 3-6 жаш арасындагы балдар үчүн булардын чындык эмес экенин түшүндүрүү өтө кыйын болот. Маселен, супермен фильмин көргөн бала өзүнүн да кинодогудай уча ала турганын ойлоп, кинодо көргөн адаттан тышкары кыймыл-аракеттерде барышы мүмкүн. Сак жүргөн кор болбойт демекчи, колубуздан келгенче өзүбүздү жана балдарыбызды бул коркунучтардан сактоого аракет кылышыбыз керек жана тарбиясына дыкат маани берип, чектен чыгарбашыбыз керек.  

Чоң жакшылык

Бир күнү бир киши үйүнүн эшигин ачканда полициялар турганын көрөт. Толкунданып:

- Бир нерсе керекпи? - деп сурайт. Комиссар:

- Үйүнүздү тоногон ууруну кармадык, - деп жооп берет.

Баягы киши бир аз туруп: "‘Кана ичке кириниздер!” - деп четке чегинет. Баары бирге ичке кирет. Киши биринчи полициялар менен, анан жаш жигит менен кол алышып:

- Келгенинер кандай жакшы болду. Бул жигит менен таанышкым келип жүргөн эле, - дейт. Полициялардан бирөө:

- Бул жигит полиция кызматкери эмес, ал ууру,-деди.

- Ууру экенин билип турам, бирок, эми арызымды кайра алдым, -дейт. Баары таң калат. Конокторго чай, таттууларды койгондон кийин сөзүн улантты:

- Үйүм тонолуудан мурда түндүн бир оокумуна чейин отурганымдан таң намазына тура алмак эмесмин. Канча кааласам да күнүнө Курани каримдин бир барагын да окууга убакыт таба алчу эмес элем. Окуган намаздарым да шашылгандыктан улам чала болчу. Бул жаш жигит мени ушул карангылыктан куткарды. Анткени, телевизорумду уурдаган эле, - дейт.   


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш