Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Экинчиге үйлөнүү




Экинчиге үйлөнүү


Суроо: Биринчи аялым экинчи аял алуума макул болбойт, эмне кылсам болот, шарият мындай жагдайда эмне дейт?

Жооп: Диний китептерде айтылуусу боюнча: "Төрткө чейин үйлөнүү важиб да эмес, жада калса, мандуб (мустахаб) да эмес. Бирден артык үйлөнүү динибиздин буйругу эмес. Ошондуктан, аялдар да аны кабыл кылууга, аны менен келишүүгө мажбур эмес.” (Ниъмат-ул-ислам китеби)

Бир эркектин экинчи аялга үйлөнүүсү үчүн биринчи аялдын укуктарын коргой турган материалдык жана моралдык шарттар бар. Экинчи аялдын да өзүнчө бөлөк укуктары бар. Ошол эки жактын шарттарын толук орундоого мүмкүнчүлүгү, алы жетпеген адамдын экинчи аялга үйлөнүүсүнө динибиз тыюу салган.

"Эч бир кажеттүүлүк, зарыл жагдай болбой туруп экинчи никеге туруп, биринчи аялды таарынтуу харам болот. Азыркы турмуштук шарттардын оордугу эске алынса экинчи аялга үйлөнүүнүн жаиз болбой чыгуусу да өтө ыктымал.” (Баарына кажеттүү ыйман китеби)

Суроо: Эки аялдын бири болууга көнбөсө талак кылууга болобу?

Жооп: Себепсиз аялын таарынтуу жаиз эмес.

Суроо: Эгер экинчи аял алууга биринчи аял көнбөсө эмне кылууга болот? Мен экинчи кишини абдан сүйөм, ага кетүүгө болобу, аялым уруксат бербесе дагы?

Жооп: Бир гана сүйүп калуунун өзү экинчи мындай турсун, биринчи жолу үйлөнүүгө да жетиштүү себеп боло албайт. Жүрөктүн эркине койсо телевизордогу артисттерге да, айлана тегеректеги күйөөсү бар аялдарга да ашык болуп кала берет. Анын алдын алуу үчүн чоочун аяларды карабоого аракет кылуу зарыл.

Биринчи аял көнбөй турган болсо, уруксат бербесе экинчиге кетип калууңузтуура болбойт. Экинчи аялга үйлөнө алууңуз үчүн зарылдык, б.а., зарыл бир жагдай болушу керек. Бул биринчи аялдын жыныстык жактан жетишсиз болушу, төрөй албай турган болушу сыяктуу себептердин болуусу керек.

Эгер жогорудагыдай бир негиз бар болсо биринчи аялдын оозеки болсо да уруксатын алып, анын бардык аялдык укуктарын сактап үйлөнүүгө болот. Бирок, уруксат бербедиң деп талак кылуу жаиз эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш