Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Жубайын кызгануу




Жубайын кызгануу


Суроо: Күйөөсү менен жубайынын бири-бирин кызгануусунун зыяны барбы?

Жооп: Кээ бир жерлерде кызганууну айып катары, артта калгандык сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылынууда. Кызгануу, б.а., намысты коргоо үчүн белгилүү чектин ичинде кызгануу динибиздин буйругу.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Намыс маселесинде Аллаху тааладан да өткөн кызгана турган зат жок жана Ал ошол себептен фушхга (арсыздыкка, уятсыздыкка) тыюу салган.” (Бухари)

"Намысты коргоо кайраттуулугу ыймандан, ал эми аял-эркек аралаш бирге көңүл ачуулары эки жүздүүлүктөн.” (Дайлами)

Намысын кызганбаган адам даййус деп аталат. Даййустар үчүн хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Аллаху таала Бейишти жараткан кезде "Сараң сага кире албайт, даййус сенин жытыңды дагы жыттай албайт” деди.” (Дайлами)

"Ичкилик ичкен, эне-атасына каршы чыккан адамга жана даййуска Бейишке кирүү харам.” (И. Ахмед)

Бул аталган чоң күнөөлөрдү жасаган адамдын кымындай да ыйманы бар болсо күнөөлөрүнүн жасасын тарткан соң Бейишке кирет. Бирок, күнөөлөр адамды куфурга тарткандыктан бул күнөөлөрдү жасап жүрүү чоң жамандыкка жол ачат. Зыяндын кайсы жеринен артка кайтса ошонун өзү эле пайда. Мүмкүн болушунча эртерээк тообо кылып, күнөөлөрдөн баш тартуу керек. Тообо кылган адам эч качан күнөө кылбаган сыяктуу болот. Аялдын чөпөрөгүн кызгануусу да нормалдуу нерсе. Бирок, кызганычын жарыя кылып, белгилүү чектен ашып кетпөө керек. "Аллаху таала кызганчаактыкты аялдарга жана согуш майданына чыгууну эркектерге жүктөдү. Аялдардан кимде-ким бул буйрукка ыйман келтирип сабыр кылса, шейит болгон мужахид сыяктуу сооп алат”, деген мааниде айтылган хадиси шарифде да аялдардын сабыр кылууларына ишара кылынган. Аялдын кызгануусу да керек, буга сабыр да кылуусу керек. Мына ушул чоң жанын аябастык эркектердин согушка аттануусу сыяктуу кабылданган.

Суроо: Гайур (кызганчаак) болуу менен хасад (көралбастык) кылуунун арасында кандай айырмачылык бар?

Жооп: Экөө тең элибизде "кызгануу” деп аталганы менен негизи булар эки бөлөк нерселер. Хасад – көралбастык, кызгануу деген сөз. Тактап айтканда, Аллаху таала тарабынан бирөөгө берилген жакшылыктын андан кетүүсүн каалоо деген сөз. Андан кетүүсүн каалабай, бир гана өзүндө да болуусун каалоо хасад болбойт. Бул - суктануу, кызыгуу деп аталат. Ушундай суктануу жакшы мүнөзгө жатат. Ислам дининин өкүмдөрүнө, б.а., фарздарды орундоого жана харамдардан сактанууга маани берген салих адамга суктануу важиб болуп саналат. Дүнүйөлүк жакшылыктар үчүн суктануу танзихан макрух болот. Бирөөндөгү жаман, зыяндуу нерсенин кетүүсүн каалоо кайраттуулук болот. Кайраттуулук кылган адам гайур деп аталат. Кайраттуулук – бир адамда болгон өз акысына, анын башка бирөөнү шерик кылууну каалабоо деген сөз. Бизде намысын, жубайын кызгануу дегенде ошол мүнөз түшүнүлөт. Хадиси шарифте мындай делген:

"Момун кызганат. Ал эми Аллаху таала андан да катуураак кызганат.” (Муслим)

"Намысты коргоого деген кайраттулук ыймандан.” (Дайлами)

Аллаху тааланын кайраттуулугу - пендесинин жаман амалдарды жасоосуна ыраазы болбоо. Адамдын Аллаху таалага кайраттуулук көрсөтүүсү – харам бир нерсенин кылынуусун каалабоо аркылуу ишке ашат.

Юсуф алейхиссаламдын "Султандын жанында менин атымды айт!” деп айтуусу Аллаху тааланын кайраттулугуна тийип, жылдар бою абакта калуусуна себеп болду. Ибрахим алейхиссаламдын баласы Исмаилдин дүнүйөгө келүүсүнө кубангандыгы да Аллаху тааланын кайраттулугуна тийип, аны курмандыкка чалуусу буйрук кылынды. Аллаху тааланын катуу жакшы көргөн сүйүктүүлөрүнө, кээ бир олуяларга ошондой кайраттулук кылуусу көп жерде орун алган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш