Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Эне-атанын балага карата милдеттери




Эне-атанын балага карата милдеттери


Суроо: Баланын эне-атасында болгон акылары кандай?

Жооп: Бир канчасы төмөндөгүдөй:

1) Келечекте бала энеси менен жамандалбашы үчүн балага эне боло турчу кызды жакшы жерден тандоо керек. Салиха кыз болуусуна чоң маани берүү керек!

2) Балага жакшы ат коюу керек! Хадиси шарифте: "Балага жакшы ат коюу – перзенттин атасындагы акыларынан”, - делген. (Байхаки)

Ахмед, Мухаммед, Махмуд сыяктуу сүйүктүү Пайгамбарыбыздын аттарын коюу керек. Аллаху таала: "Сүйүктүүмдүн атында болгон мусулманга азап берүүгө уяламын” – деген. Пайгамбарыбыз да: "Үч уулу болуп, бирөөнө менин атымды бербеген адам наадандык кылган болот”, – деген. (Табарани)

3) Балага жакшы тарбия берүү керек! Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Балага жакшы тарбия берүү - баланын атасындагы акыларынан.” (Байхаки)

"Балдарыңарга жакшылык кылгыла, аларды адептүү, тарбиялуу кылып өстүргүлө!” (Ибни Мажа)

"Баланы тарбиялоо - неберелерге садага берүүдөн да артык сооп.” (Тирмизи)

4) Балага мээримдүү мамиле кылуу керек! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз небересин эркелетип өпкөн кезде бирөө көрүп: "Йа, Расулаллах! Менин он балам бар. Бирок, эч бирин эркелетип өппөймүн”, - – деди. Ага: "Мээримдүүлүк кылбаган мээримдүүлүк көрө албайт”, – деп жооп берди. (Бухари)

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Балдарыңарды көп өөп-эркелеткиле, ар өпкөнүңөрдө Бейиштеги даражаңар көтөрүлөт.” (Тирмизи)

"Баланын жыты – Бейиштин жыты.” (Табарани)

5)  Балага баддуба (каргыш) айтпоо керек. Хазрети Ибни Мубарак баласын арызданып келген адамга: "Балаңа баддуба кылдың беле?” – деп сурайт. "Ооба”, - деп жооп бергенде: "Анда балаңдын мүнөзүн өзүң бузуптурсуң!” – дейт.

6)  Бала-чакага жакшылык кылуу керек! Хадиси шарифте мындай делген: "Бала-чакаңарга жакшылык кылгыла, эне-атаңардын силерде акысы болгондугу сыяктуу балдарыңардын да силерде акылары бар.” (Табарани)

7) Балдарды халал тамак менен тамактандыруу керек! Харам тамактын таасири баланын тарбиясын бузат, балада бузук кылыктардын пайда болуусуна себеп болот. Хадиси шарифте: "Жеп-ичкениңер халал, таза болсун! Балдарыңар ошолордон калыптанат!”– деп айтылган. (Риядун-Насихин)

8) Атанын баласына илим, адеп жана кесип үйрөтүүсү - фарз. Алгач Курани карим окууну үйрөтүү керек. Анан ыймандын жана исламдын шарттарын үйрөтүү керек. Жети жашынан баштап намаз окууга көндүрүү керек. Дүнүйөдө жана акыретте кутулуу илим аркылуу жүзөгө ашат. Балага дин илимдерин үйрөткөн соң окууга жиберүү керек, колледж жана университетте окутуу керек. Динин үйрөнбөстөн мектепке жиберилсе, кийин буларды үйрөнүү үчүн бош убакыт таба албайт. Дин душмандарынын тузактарына түшүп, алардын жалгандарына алданып калат. Динсиз жана исламий адеби жок болуп чоңойот. Дүнүйө менен акыретте жамандыктарга дуушар болот. Өзүнө жана башкаларга жасаган жамандыктарынын күнөөсү эне-атага да жазылат. Баласына дин илимдерин үйрөтпөй туруп динсиз жана башка дин өкүлдөрүнүн мектептерине жиберүүнүн зыяндарынын чоңдугу Иршад-ул хияра китебинде баяндалган.

9) Бала балагат жашына келгенде жубай таап, үйлөнгөн соң ага мындай деп айтуу керек: "Балам, сага тарбия бердим. Окуттум, үйлөнттүм. Дүнүйөдө жамандыкка дуушар болбооң үчүн жана акыретте азапка учурабооң үчүн Аллаху таалага сыйынамын. Акыл-эсиңди жыйнап, ушул айткандарыма ылайык жашооңду иретте!” (И. Хиббан)

10)  Хазрети Ахнеф бин Каис айтат: "Бала-чака үчүн кыйынчылыктарга чыдоо керек, алардын буттарынын астында жумшак жер, баштарынын үстүндө көлөкө болуубуз керек! Аларга карата катаал болбойлу, бизден алысташпасын. Бизден тажап, өлүмүбүздү күтүшпөсүн. Туура каалоолорун орундап, ачуулуу, кайгылуу кездеринде сооротууга аракет кылышыбыз керек!”

11)  Балдардын арасында адилеттүүлүккө маани берүү керек. Хадиси шарифте мындай делген: "Белек бере турган кезде балдарыңардын арасында теңдикке маани бергиле!” (Табарани)

12)  Хазрети Фудайл бин Ияд мындай деген: "Эне-атасына жакшылык кылган, тууган-уруктары менен байланышын үзбөгөн, дин бир тууганы менен сыйлашып, көмөкчү болгон, бала-чакасы менен, кызматкерлери менен жакшы карым-катнашта болгон, динин коргогон, мал-мүлкүн жакшы жерлерге жумшаган, тилин тыйып, көздөрүн харамдардан сактаган, орунсуз иштерден оолак болгон жана Раббине ибадат кылган адам бактылуулукка жеткендерден.”

13)  Балага ал орундай албай турган нерселерди буйрук кылбаш керек. Мындай буйруктарды айтып, баланы багынбоочулукка түртпөө керек. Бир салих киши уулунан эч нерсе сурачу эмес. Себеби суралганда: "Бир нерсени орундоосун талап кылган кезимде уулумдун мага каршы чыгуусунан корком. Каршы чыга турган болсо Тозокко татыктуу болот. А мен болсом уулумдун Тозок отунда күйүүсүнө ыраазы боло албайм,” – деген экен. Хадиси шарифте: "Бактылуу болуунун белгилери мына ушулар: Салиха түгөй, айтканына баш ийүүчү бала-чака, салих, адал дос”, – делген. (Хаким)

Перзенттин да акысы бар

Бир киши Хазрети Омарга келип, баласы тууралуу даттанат. Хазрети Омар бул кишинин баласына айтат:

- Ыймандан кийинки биринчи милдетибиз - эне-атабызды таарынтпоо. Алар канчалык жаман болушса да бардык нерседен жогору турган акылары бар. Аларды капаланткан адамдын ибадаттары кабыл болбойт. Мусулман болуп дүйнөгө келишибизге жана мусулман болуп жетилүүбүзгө себепкер болгон эне-атабызды капалантсак Бейишке кантип киребиз? Алар бизди урушса да жалынып-жалбарып алардын көңүлдөрүн алышыбыз керек. Мусулман эне-атабыз бизге ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуу өтө кыйын.

- Эй, Эмир-ул муминин! Айткандарыңызды толук кабыл кыламын. Бирок, баланын эне-атасында эч кандай акысы жокпу?

- Ооба, баланын да акысы бар. Үйлөнө турган кезинде баласына кызды же аялды жакшы үй-бүлөдөн тандоо, баласына жакшы ат коюу жана динин үйрөтүү керек.

Бала Хазрети Омарга мындай деп жооп берди:

- Атам мага эч кандай тарбия берген жок. Ал эми энем кара тектүү мажусинин (отко табынуучунун) кызы болчу. Атымды "Кара коңуз” деп койгон. Аллаху тааланын китебинен бир тамга болсо да үйрөткөн эмес. Тилекке каршы диним тууралуу эч нерсе билбейм.

Ошондо Хазрети Омар баланын атасын карап:

- Мага келип уулуң тууралуу даттанып жатасың. А негизи сен анын акысын жеген экенсиң. Ал сага жамандык кылуудан мурда сен ага өзүң жамандык кылган экенсиң, - дейт.  

Суроо: Кээ бир адамдар: "Бала диний сабактарды мектепти бүтүргөн соң гана, жада калса, университеттен кийин үйрөнүү керек. Андан мурда үйрөнө турган болсо акыл-эсинен айнып кетет. Жаратылыш таануу илимдерин үйрөнүүсү жана ага ишенүүсү кыйын болот,” – деп айтышат. Ошондо балдарга кичине жашта динди үйрөтүүнүн кереги жокпу?

Жооп: Жаратылыш таануу илимдери диний илимдерден бөлөк эмес. Жаратылыш илимдери ансыз деле Ислам илимдеринин бир тармагы. Ислам илимдерин үйрөнгөн адам жаратылыш таануу илимдерин да үйрөнөт. Ар бир мусулман бала-чакасына жана кол астындагыларга динин үйрөтүүгө милдеттүү. Бир хадиси шарифте мындай делген: "Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар. Чабан үйүрүн коргогону сыяктуу силер да үй-бүлөңөрдү жана кол астыңарда болгон адамдарды Тозоктон коргошуңар керек! Аларга мусулманчылыкты үйрөтпөсөңөр алар үчүн жоопкер болосуңар!” (Муслим)

Бир аяти каримада мындай мааниде айтылган: "Эй, ыйман келтиргендер! Отуну адам жана таш болгон Тозок отунан өзүңөрдү жана бала-чакаңарды коргогула!” (Тахрим сүрөсү, 6)

Жакшылыкка да, жамандыкка да себепкер болгондор жасалган амалга шерик болот. Хадиси шарифте мындай делген: "Динибизде жакшы жол ачкан адам аны менен амал кылгандар сыяктуу соопко ээ болот, алардын сообу бир да кемибейт. Ал эми кимде-ким динибизде жаман жол ача турган болсо аны менен жүргөндөрдүн күнөөсү ага да берилет. Жаман жолдогулардын күнөөсү бир да кемибейт.” (Муслим)

"Жакшылыкка жол көрсөткөн, себепкер болгон адам ошол амалды орундагандай соопко ээ болот.” (Табарани)

"Бир мусулман перзенти ибадат кылган кезде алган сообунун өлчөмүндө атасына да сооп берилет. Ал эми кимде-ким баласына динди үйрөтпөй, күнөө болгон нерселерди үйрөтө турган болсо бул перзенти канчалык күнөө кылса атасына да ошончолук күнөө жазылат.” (С. Абадиййа)

"Баланы жашынан” жана "Бала тарбиясы бешиктен” делген сыяктуу ата-бабаларыбыздын акылман сөздөрү белгилүү. Ар нерсе өз убагында жасалат. Бир хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Бала кезде үйрөнүлгөн нерсе таштын үстүнө оюп жазылган жазуу сыяктуу калат. Ал эми карыганда үйрөнүлгөн нерсе суунун үстүнө жазылган нерсеге окшош.” (Хатиб)

Андай болсо, эң алгач бала-чакабызга динибиздин буйруктары менен тыюуларын жана Курани каримди үйрөтүшүбүз керек. Эртеңки күнгө калтырууга болбойт. "Халакал мусаввифун” деген хадиси шариф бар. Мааниси "Кайырлуу иштерди дароо орундагыла! Эртенки күнгө калтырбагыла, антпесе куруйсуңар” дегенди билдирет. Кайырлуу иштердин биринчиси жана эң маанилүүсү - бала-чакага Ислам динин үйрөтүү. Ар бир мусулман ушул биринчи милдетти дароо орундоосу, эртенки күнгө калтырбашы керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш