Бала тарбиясы


Суроо: Баланы кантип тарбиялоо керек?

Жооп: Бала – эне-атанын колундагы аманат. Алардын жүрөктөрү таза, гаухар сыяктуу баалуу. Бала кичинекей тал чыбык сыяктуу ийилчээк болот. Каалаган формага салууга болот. Түшүмдү көп берүүчү топуракка окшош. Мындай топуракка эмне тиксең анын түшүмүн аласың. Ошондуктан, бала эмнеге багытталса ошол боюнча багыт алат, ошол боюнча өсүп-жетилет. Уяда эмне көрсө учуп чыкканда ошону кылат. Балдарга ыйман, Курани карим жана Аллаху тааланын буйруктарын үйрөтүп, ошону менен жүрүүгө даярдалса дин жана дүнүйө бактысына ээ болот. Бул бакытка, соопко эне-атасы, устазы да шерик болот. Эгер балага буларды үйрөтпөй турган болсо жана буларды адатка айландырбаса ал бала бактысыз болот. Ар бир жасаган жамандыктарынын күнөөсү эне-атасына, устазына да жазылат.

Мусулман киши өз кол астындагылар үчүн жоопкер болот. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар. Чабан үйүрүн коргогон сыяктуу силер да үй-бүлөңөрдү жана кол астыңарда болгон адамдарды Тозоктон коргошуңар керек! Аларга мусулманчылыкты үйрөтпөсөңөр алар үчүн жоопкер болосуңар!” (Муслим)

"Балдарына Курани карим үйрөткөндөргө же Курани карим устазына бергендерге үйрөтүлгөн Курани каримдин ар бир тамгасы үчүн ыйык Каабаны 10 жолу зиярат кылгандын сообу берилет жана Кыямат күнү башына дөөлөт таажы кийгизилет. Адамдардын бардыгы аны көрүп суктанышат.” (С. Абадиййа)

"Көпчүлүк мусулман балдар атасынын айынан Вайл аттуу Тозокко түшүшөт. Анткени, булардын аталары бир гана акча табуу жана көңүл көтөрүү кумарына берилип, бир гана дүйнөлүк иштердин артынан кубалап, балдарына мусулманчылыкты жана Курани каримди үйрөтүшпөйт. Мен мындай эркектерден узакмын. Алар да менден узак. Балдарына динин үйрөтпөгөндөр Тозокко түшүшөт.” (С. Абадиййа)

Өзүнүн кылуусу харам болгон нерсени баласына жасаткан адам күнөө кылган болот. Балдарына арак ичирген, кумар оюндарын ойноткон, уятсыз басылмаларды окуусуна себеп болгон, жалган, уурулук сыяктуу жаман мүнөздөргө көндүргөн, кыбылага каршы бутун созуп отуруусуна себеп болгон адам күнөө кылган болот. Динибиздин негизи – ыйманды, фарздар менен харамдарды үйрөнүү жана үйрөтүү. Аллаху таала пайгамбарларды ошол үчүн жиберген. Жаштарга ушулар үйрөтүлбөй турган болсо Ислам кыйрайт, жок болот. Аллаху таала мусулмандарга амри маруф кылууну буюрган. Тактап айтканда, Менин буйруктарымды үйрөткүлө деген. Жана нахйи мункар кылууну да буйрук кылып, тыюу салган нерселердин (харамдардын) жасалуусуна макул болбообузду каалаган. Курани каримде "Тахрим” сүрөсүнүн 6-аятында: "Эй момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү Тозоктун отунан коргогула!” - деп буюрулган.

Курани каримде өзүбүздү жана үй-бүлөбүздү отуну адамдар менен таштардан куралган тозок отунан коргошубуз буйрук кылынган. Элүү-жүз жылдык кыска өмүрүбүздө бала-чакабызды дүнүйөлүк жамандыктардан коргоо үчүн канчалык аракет кылып жаткан болсок, түбөлүк жамандыктарга дуушар кылбоо үчүн да акыретин дал ошондой коргошубуз керек. Атанын баласын Тозок отунан сактоосу дүнүйөдөгү оттон сактоодон да маанилүүрөк. Тозок отунан коргоо ыйман, фарз, харамдарды үйрөтүү аркылуу ибадат кылууга көндүрүү жана жаман достордон, зыяндуу басылмалардан коргоо аркылуу жүзөгө ашат.

Бардык жамандыктардын башы – жаман дос. Жаман дос баланын орой, жалганчы, ууру жана адепсиз болуусуна себеп болот. Мындай жаман мүнөздөргө чалдыккандар көп жылдар бою жаман мүнөзүнөн кутула албайт.

Баладан жакшы сапаттарын, жакшы иш-аракеттерин көргөн кезде аны мактоо, сыйлык берүү керек. Кээде адамдардын көзүнчө мактоо керек. "Менин уулум ошентти” деген сыяктуу сөздөр менен жакшылыкка шыктандыруу керек. Орунсуз иштерди кылса же бир жаман сөз айтса, бир нече жолу көрбөгөндөй болуу. "Андай кылба!” - деп айтпоо керек, урушпоо керек. Дайым эне-атасы урушкан балдар тартынып, жашыруун кылып жүргөн иштерин ашкере кыла баштайт. Кылган жаман иштеринин зыянын балага жумшак тил менен түшүндүрүү керек, эскертүү керек! Кылынган иш динге каршы болсоал иштин зыянын, жамандыгын жана натыйжасын түшүндүрүп, андай жаман ишке тоскоол болуу керек.

Ата өзүн ата экенин, үстөмдүгүн билдирүү керек. Эне баласын атасы менен коркутууга тийиш.

Баланын талыгып калбашы үчүн күнүнө белгилүү бир убакыт ойноосуна уруксат берүү керек. Талыгуудан жана таарынуудан жаман мүнөздөр пайда болот жана адамдын көңүлү жүдөйт. Баланын эч кимден акча суроосуна уруксат бербөө керек. Көп сүйлөбөгөндү, улууларга сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтүү керек. Жакшы адамдардын жакшылыктары тууралуу айтып берип, ошолор сыяктуу болууга аракет кылуу керек экенин жана жаман адамдардын жамандыктары тууралуу айтып, андай болбоо керек экендигин  үйрөтүү керек.

Баланын ар каалаган нерсесин алып берүү жана өтө жакшы, салтанаттуу өмүр сүрүүсүн камсыз кылып берүү туура эмес. Анткени, бала чоңойгон кезде да ар каалаганына ээ боло алам деп ойлоп, ага умтулула бере турган болот, ал эми бир каалоосу ишке ашпай калган кезде жашоого таарынып, кыялдары таш каап, эч кимди тыңдабай турган кулаксыз жамандыкка айланат. Өзүбүз халал тамак жегенибиз сыяктуу балдарыбызга да халал тамак беришибиз керек. Харам менен азыктанган баланын денеси нажис аралаштырып даярдалган камырдай болот. Мындай балдар жамандыкка, опаасыздыкка жакын болушат.

Балага ысырап кылбоону, канаатчыл болууну үйрөтүү керек. Кээде кургак нан менен деле жашоого көндүрүү керек. Жаман жерлерге баруусуна жол бербөө керек. Бала жаман адамдар менен бирге жүрсө адепсиздик менен уятсыздыкты, жалган айтууну үйрөнөт.

Ата дайым катуу болбошу керек, ашыкча да көп эркелетип жибербөөсү керек. Сүйлөгөндө айбаттуулугун сакташы керек. Балага атасынын байлыгы, чини менен мактанбоосун эскертүү керек. Карапайым жана сыпайы болууну үйрөтүү керек. Башка бирөөдөн бир нерсе алуунун уят экенин, берген колдун алган колдон жакшыраак экенин түшүндүрүү керек! Сараңдыктын жаман мүнөз экенин үйрөтүү керек!

Башка адамдардын алдында адептүүлүк сактоону, бутту учкаштырып отурбоону, орунсуз иш-аракеттерден оолак болуу керектигин айтуу керек.

Баланы көп сүйлөбөгөнгө үйрөтүү керек. Көп сөздүн уятсыздыкка жол ача турганын, келжиректиктин жаман мүнөз экенин айтуу керек. Бала эртедир-кечтир баары бир сүйлөгөндү үйрөнөт. Максат – ага керектүү кезде унчукпоо жана улуулардын сөзүн тыңдоону үйрөтүү.

Туура болсо дагы көп ат берүүгө уруксат бербөө керек. Барга да, жокко да тынбай ант берүү жаман адат. Улууларга урмат көрсөтүүнүн, аларга орун берүүнүн жана бардык адамдар менен жакшы мамиледе болуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү керек.

Баланы жаш кезинен баштап намазга адаттандыруу керек. Болбосо чоңойгон кезинде намаз окуу кыйын болушу мүмкүн. Башканын мал-мүлкүн тартып алууну, жалган сүйлөөнү, харам нерсе жешти анын көзүнчө жаман, жийиркеничтүү кылып түшүндүрүү керек. Ушундай тарбия менен чоңойтуп, балагат жашына толгон кезде бул адептердин өзгөчөлүктөрүн, маанилүүлүктөрүн үйрөтүү зарыл.

Ар бир ишти көнүмүш катары эмес, жакшы ниет менен, чын көнүл менен, ыкылас менен жасоо керектигин түшүндүрүү керек. Мисалы, жеп-ичүүдөн максат – кулдун Раббисине ибадат кылуусу үчүн, адамдарга, мекенине, элине пайдалуу кызматтарды кыла алуу үчүн, адамдардын бактысы үчүн эмгектенүү үчүн экендигин түшүндүрүү керек. Дүнүйөдөн максат - акырет үчүн азык жыйноо экенин, дүнүйөнүн эч кимге калбай турганын, өлүмдүн капыстан, күтпөгөн жерден келе турганын айтуу керек. "Дүнүйөдө акыреттик азыгын жыйнап, Бейишке жана Аллаху таалага жеткен адам кандай гана бактылуу адам!” - деш керек. Кичине кезинен ушинтип тарбия көргөн баланын кул-мүнөзү ташка оюп жазылган жазуу сыяктуу сакталып калат жана оңой менен өчпөйт.

Пайгамбарыбыз мындай деп айткан: "Бардык балдар мусулмандыкка ылайыктуу болуп туулушат. Кийин аларды эне-аталары христиан, яхуди жана динсиз кылышат.” (Табарани)

Хадиси шарифте мусулмандыктын адамдын аң-сезиминде орноп калыптануусу же жоюлуусунда балалык, жаштык кезиндеги аткарыла турган иштердин маанилүүлүгү билдирилүүдө. Андай болсо, ар бир мусулмандын биринчи милдети – баласына Ислам динин жана Курани каримди үйрөтүү. Бала деген ниматтын кадыры билинбесеколдон кетет. Ошондуктан, "педагогика”, б.а., бала тарбиясы өтө баалуу илим болуп саналат.

Ислам динине каршы болгондор ошол маанилүү маселени жакшы түшүнгөндүктөн "Биздин эң башкы максатыбыз жаштарды колго түшүрүү. Мусулман балдарды динсиз кылып өстүрүшүбүз керек” дешет. Ислам динин жоюу үчүн жана Аллаху тааланын буйруктарынын үйрөтүлбөөсү жана орундалбоосу үчүн: "Балдарга диний таалим берүү, аларга белгилүү бир динди үйрөтүү туура эмес. Бала чоңойгондон кийин өзү изилдеп, кайсы ишенимди жактырса ошону тандасын”, - деп айтып жатышат.

Миссионерлер мусулман элдерде мындай пикирлерди жайып жатканы менен, өз элдеринде өз балдарын туулган кезинен баштап чиркөөгө алып барып, диний иш-чараларга катыштырышат. Бүгүн бардык христиан мамлекеттерде бир бала туулганда ага дароо өз диндерине ылайык чокунтуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мектеп окуучулары улутуна карабай, милдеттүү түрдө аптасына бир жолу чиркөөлөргө алып барылууда. Бардык жаштагы адамдарга христиандыкты үгүттөө иштери активдүү түрдө аткарылууда. Мусулмандардын да ыймандарын уурдоо, диндерин жоюу, аларды башка диндерге киргизүү үчүн Ислам мамлекеттерине тонналаган китеп, брошюра жана кассеталар жиберилүүдө.

Андай болсо, мусулмандар дин душмандарынынкуулуктарына, жалгандарына алданып калбашы керек. Балдарыбызга ээ болушубуз керек. Аларга ээ болушубуз - динибиздин буйруктарына ылайык чоңойтуубуз деген сөз. Кулк-мүнөздү өзгөртүү мүмкүн болгондуктан Пайгамбарыбыз: "Мүнөзүңөрдү жакшырткыла!” - деп буюрган. Ансыз деле дин көркөм мүнөз дегенди билдирет. Ошондуктан, диндин буйругуна моюн сунуп, тыюу салынган нерселерден сактанган адам мүнөзүн өзгөртүп, жакшы мүнөзгө ээ болот. Жакшы мүнөздүү адам эки дүнүйөдө тең бактылуу болот.

Эң жапайы жаныбар деле тарбия менен колго үйрөтүлөт. Эч качан алма дарагында жүзүм өспөйт. Бирок, алманын көчөтүн өстүрүп, кыйыштыруу жана башкажолдор аркылуу жогорку сапаттуу алма берүүчү дарак кылып өстүрүүгө болот. Ушул сыяктуу эле адамдын табиятында да болчу кээ бир каалоолору жок болбойт, бирок, тарбиялоого болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш