Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Тарбияда баланы урууга болбойт




Тарбияда баланы урууга болбойт


1 – Баланы уруу кулк-мүнөзүнүн бузулуусуна, ачуулуу болушуна себеп болот.

2 – Таяк жеп чоңойгон бала жумшак мүнөздүү болбойт.

3 – Таяк жеш балада эне-атасына каршы ачуу-таарынычка жол ачат. Бала өзүнүн жасаганын жаман нерсе деп ойлобойт, өзүн күнөөлүү деп билбейт, тескерисинче, өзүн урган адамды күнөөлүү деп көрөт.

4 – Таяк жеп чоңойгон бала ачууланган кезде ал да күч колдонууга аракет кыла турган болот, башкаларды урат. Ошентип, таяк жеш агрессияга себеп болот.

5 – Сөз түшүнгөн жаштагы баланы урууга болбойт. Сөз түшүнбөгөн баланы анча-мынча гана уруу жетиштүү. Башына, бетине уруу, таяк менен уруу - өтө зыяндуу.

Баланы тарбиялоо үчүн уруу туура эмес. Бир гана ката кетирип койсо жазалануусу мүмкүн экенин сездирүү керек. Пайгамбарыбыз балдарды урбоону буйрук кылганы менен, тарбиялоо үчүн жазалана турганын, сабала турганын сездирүү керек экенин билдирген. Бул маселеге байланыштуу хадиси шарифтердин бири мындайча:

"Үйдөгүлөрдү тарбиялоо үчүн таягыңарды алар көрө турган жерге илип койгула!” (Табарани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш