Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Баланы кантип тарбиялоо керек




Баланы кантип тарбиялоо керек


Суроо: Балдарыбызды кантип тарбиялашыбыз керек? Тарбияда кайсы нерселерге маани беришибиз керек?

Жооп: Тарбияда "мындай кыл, муну кылба” дегендин ордуна жүрүм-турумубуз менен балага үлгү болушубуз керек. Анткени,кыймыл-аракеттерибиз айтыла турчу сөзгө караганда көбүрөөк таасирин тийгизет.

Мисалы:

Бир соода кербени түнгө жуук Медина шаарынын четине конуш алат. Абдан чарчаган жолоочулар катуу уктап калышат. Аларды көргөн халифа Хазрети Омар Абдуррахман бин Авфка: "Бүгүн түнү бир кербен келди. Баары капыр экен. Бирок, бизге ишенип келишкен экен. Алардын оокаттары баалуу жана көп экен. Каракчылар жебашка жат элдик адамдар аларды тоноп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, барып аларды кайтарып, коргоп туралы!” – дейт. Таңга чейин кайтарып, багымдат намазына мечитке барышат. Кербендеги бир жигит түнү бою уктай албай, аларды аңдып чыгат. Сураштырып караса бул эки кишинин бирөө халифа экенин билген кезде досторуна келип болуп өткөн окуяны айтып берет. Халифанын бул ишине таң калган жолоочуларИслам дининин чыныгы дин экенин түшүнүп, баары мусулман болушат.

Атасы тамеки тарткан, кумар оюндарын ойногон киши болсо баласына: "Мындай нерселерди кыла көрбө!” - деп айтса анчалык таасирлүү болбойт. Анткени, бала "Булар жаман болсо, атамдын өзү кылмак эмес” деп ойлойт. Жакшы нерселер кылынса балага үлгү болот. Балага жакшылык кылуунун пайдалары тууралуу түшүндүрүп берүү керек. Ушул жол аркылуу бала эгоист болуудан кутулат. Эгоист болуп чоңойгон балдар коомго кошула албайт, жада калса, каада-салт, үрп-адат жана мыйзамды да тааныбай турган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш