Зээндүүлүк: Бала өзүнүн биринчи жолу көргөн нерсесин
билүүгө, чукулап көрүүгө жана сурап үйрөнүүгө кызыгат. Ошондуктан, балдарга
дайым жакшы нерселерди көрсөтүү керек жана сурактарына туура жооп берүү керек.
Ушул жол аркылуу баланын зээндүүлүгү, ой-сезими, түшүнүү жөндөмдүүлүгү өнүгөт.
(3-6 жаш арасындагы балдарда ушул нерсеге чоң маани берүү керек. Бул курак –
баланын тили, мээси жана зээнинин калыптануусу үчүн эң маанилүү курак болуп
саналат.)
Рух: Өтө сезимтал жана таарынчаак балдарга ачуу
болсо да чындыкты айтууну жана ага чыдай алууну үйрөтүү керек. Ал эми таш боор
балдарга көңүлүн жумшарта тургандай үлгүлүү, ибреттүү мисалдарды айтып берип,
сезимтал болуусуна аракет кылуу керек.
Каалоо: Мыкты каалоого, эрктүү болуусуна аракет кылуу
керек. Каалоосу алсыз баланы өз эркине коюп, өзүнө деген ишенимин арттыруу
керек. Каалоосу күчтүү балдардын тарбиясы да бекем болушу керек. Бирок, негизи
балага мээримдүүлүк жана түшүнүк менен кароо шарт.
Тарбияда
маанилүү болгон нерселер
Дин: Аллаху тааланын жакшы, эмгекчил жана чынчыл
адамдарды жакшы көрө турганын, аларды Бейишке киргизе турганын, бирок, жаман
адамдарды жек көрүп, аларды Тозокто жазалай турганын үйрөтүү керек.
Сүйүү: Тарбияда өзара сүйүү, сый-урмат маанилүү
болгондугу сыяктуу, салмактуулук, сабырдуулук да өтө маанилүү. Үй-бүлөдөгү
берекесиздик, эне-атанын чыр-чатагы, өзгөчө ажырашуулары баланын
психологиясында өтө оор таасирин калтырат.
Жазалоо жана өбөлгөлөө: "Муну кыла турган
болсоң муну бербейбиз, көчөгө чыгарбайбыз” деген сыяктуу кээ бир жазаларды
берүү туура болсо да, кандай жагдайда болбосун баланы урууга болбойт. Жаза анын
көңүлүн калтыра тургандай даражада болбошу керек. Башка адамдардын көзүнчө да
болбошу керек. Жакшы иштерине өз ордунда, жашына жараша оюнчук же велосипед
сыяктуу белектерди берип, кызыктырып туруу керек. "Бул велосипедди атам мага
Курани каримди окуп чыкканым үчүн алып берди” деп айта тургандай болууга тийиш.
Оюндар: Жашына ылайык болгон түрдүү спорттор баланын
ден-соолугуна жана аң-сезиминин өнүгүүсүнө себеп болот.
Айлана-чөйрө: Хадиси шарифте: "Адамдын дини – досунун дини сыяктуу”, - деп айтылган. Жакшы жерге
жана жакшы досторго жетүүгө аракет кылуу керек.
Дүнүйөдөгү эң оор жана эң маанилүү иш – адам
өстүрүп жетилтүү. Бир адамдын жетилүүсүндө көптөгөн факторлордун таасири болот.
Бул факторлордун ичинде эң маанилүүлөрү: үй-бүлө, айлана-чөйрө, мектеп жана
жалпы маалымат каражаттары.
Жер бетиндеги бардык мамлекеттер өз балдарын,
жаштарын адилеттүү, эмгекчил, көркөм мүнөздүү, маданияттуу, коомго пайдалуу,
мекенин сүйгөн, билимдүү жана элдик баалуулуктарды барктаган адам катары
тарбиялануусун каалайт. Ошондуктан, ошол жолдо бардык күч-кубатын жумшайт. Муну
жүзөгө ашыра алган элдердин башка кыйынчылыктары жеңил жана ылдам чечилет.
Анткени, бардык нерсенин башаты – адам. Адамдын жакшы өсүп жетилүүсү үчүн эч
бир чыгымдан жана кыйынчылыктан качпагандар жетишкендиктин жана маданияттын туу
чокусуна көтөрүлдү. Осмондуктар ушундай кылышкан болчу. Азыркы күндө Америка
жана Европа элдери да (Осмондуктардын ошол багытын карманып) ушундай кылышууда.
Мамлекетибиз жогоруда айтылган адамдын өсүп
жетилүүсү үчүн эң маанилүү ролду аткаруучу факторлорду акырындык менен колго
алууда. Ансыз деле ар бир эне-атанын өз кезегинде бала тарбиясына аракет
кылуусу, колу бош карап отурбоосу маанилүү маселе.
Алгач чоң шаарлардан баштап айлана-чөйрөбүз
тынч эмес. Тактап айтканда, сырткы дүнүйө коркунучтарга толо. Массалык маалымат
каражаттары жана басылмалардын басымдуу бөлүгү зордук-зомбулук жана
жыныстык темаларга көбүрөөк багытталган... Мыкты сапаттарды, адептүүлүк,
уяттуулук сезимдерин жок кылуучу, ар түрдүү жамандыктарды тартымдуу кылып
жарыялып жатканы үчүн көрүү, окуу коркунучу болгон көптөгөн маалымат
каражаттары бар.
Бардык эне-аталардын орток көйгөйлөрү - балдарын мыкты түрдө өстүрүү. Бул темада бир
гана өздөрүнүн аракеттери жетиштүү эмес. Балдарды жаман достордун жана жаман
массалык маалымат каражаттары менен басылмалардын зыяндарынан да коргоо керек.
Аларды динин, ата-мекенин, желегин жакшы көргөзө турган, эне-атага, адамдарга
карата сый-урматтуу, элинин маданиятын, баалуулуктарын, ийгиликке жетүүнүн
жолдорун үйрөтө турган, патриоттук сезимин ойгото турган пайдалуу, жакшы
маалымат каражаттары менен камсыз кылуу зарыл.
Баланы жалгыз өстүрүү да мүмкүн эмес. Жакшы
чөйрөдө, жакшы адамдар менен кошуна болууга тийиш.
Бардык нерсе терси менен, карама-каршысы менен
кайтарылат. Жаман мүнөздөрдү жакшы мүнөздөр жоёт. Ошондуктан, өзүбүздү кыйнап
болсо да жакшы амалдарды кылууга көндүрүүбүз керек, мындай амалдарды адатка
айландыруубуз керек. Баланын кыймыл-аракеттери жана мүнөзү жакшы адамдар менен
дос болсо, жакшы мүнөздөр өзүнөн-өзү анын табиятына айланат. Балдар ушул
негиздерге ылайык жетиле турган болсо дүнүйө менен акыреттик бакытка ээ
болушат.
Кыямат күнү эне-аталар балдарына үйрөтүүгө
тийиш болгон илимдерден жоопкер болушат, милдетин орундабаган болсо же кемчилик
кетирген болсо жазасын көрүшөт. Балдарын Исламдын кулк-мүнөздөрү менен
өстүрбөгөндөр дүнүйө жана акыреттик балээлерге дуушар болушат. Балдарын Ислам
мүнөздөрү менен тарбия кылгандар кандай бактылуу адамдар...