* Балага көйгөй, кыйынчылыктарыбыз тууралуу
айтпашыбыз керек, кубанычтарыбыз тууралуу айтсак болот.
* Баланы үй-бүлө ичиндеги бирөө урушуп жатса,
башкасы аны жактабашы керек.
* Анын алдында дайым күлүмсүрөп жүрүүгө, жылуу
жүздүү болууга аракет кылуу керек. Капалуу жагдайыбыз балага тез таасир кылат.
* Аны башка адамдардын алдында урушпоо,
коркутпоо керек.
* Кемчиликтерин мойнуна алууга үйрөтүү керек.
Кемчиликтерин билип жөндөөгө аракет кылуусу – жашоосунда ийгиликке жетүүсүнө
себеп болот.
* Баланы жалганчылык менен күнөөлөбөө керек.
* Бир-туугандарынын арасында бөлбөө керек.
* Текебердиктин (кибирдин) жаман касиет экенин
түшүндүрүп, текебер болуусунун алдын алуу керек.
* Баланын каталары болот. Дароо жазалабоо керек.
Катасын, зыянын айтып түшүндүрүү керек.
* "Сен адам болбойсуң”, "Сенден малчы да
чыкпайт” деген сыяктуу айыптоолордон оолак болуу керек. Булар баланын өзүнө
деген ишенимин азайтып, жакшы касиеттерин жок кылат, тил албас болуусуна себеп
болот.
* Бала улуулардан көргөнүн кылат. Ошондуктан,
аларга жакшы үлгү болуу керек.
* Бала сүйүктүү болууга, ойноого, сүйлөшүүгө
муктаж болот. Бала өзүнө суук, катаал жана катуу сүйлөгөн улууларды өзүн жакшы
көрбөйт деп ойлоп, көнүлү чөгөт. Ошондуктан, алар менен жумшак, жылмайып, жылуу
сөздүү мамиледе болушубуз керек.
* Балага насаат кылуунун ордуна, ага иш жүзүндө
көрсөтүү, бирге жасоо оңдуураак болот. Мисалы: Тамактын алдында колдорун жуу
керек экендигин жүз жолу айткандан көрө бир эле жолу колдорубузду жууйлу деп
бирге жуугандын таасири көбүрөөк болот.
* Ага берилген ишти орундаганын же орундабаганын
көзөмөлдөө керек, бала өзүн көзөмөл астында экенин билсин.
* Балага колунан келбеген ишти тапшырбоо керек.
Антпесе, колунан келе турган нерселерди да жасабай турган болот.
* Олуя кишилердин өмүр баянын, ибреттүү
окуяларын айтып берүүнүн баланын аң-сезиминин өнүгүүсүнө жана мындан үлгү,
өрнөк алуусунда да мааниси зор. Бала түшүнө тургандай жана тарбиялык мааниге ээ
болгондорун тандап айтып берүү керек.
* Орундай албаган нерселерди айтып убада бербөө
керек. Булар айта берет, бирок, орундабайт деп айттырбоо керек.
* "Адамдын
дини досунун дини сыяктуу” деген хадиси шарифти негиз тутуп, жакшы адамдар
менен дос болуусун көзөмөлдөө керек.
* Купуя сырларды балага угузбоо керек.
* Балага канчалык сабырдуулук менен, түшүнүк
менен карай турган болсок, ошончолук жемиштүү натыйжа алабыз.
* Сөздөрүнө маани берилбей турган же дайым сынга
алына турган бала – түнт, өзүнө ишенимсиз жана жеңил мүнөздүү болот.
* Баланын жанында башкаларды жамандабаш керек.
* Баланы күч колдонуп, уруп жөнгө салууга аракет
кылган эне-ата баланын жеңил мүнөздүү, мээримсиз, арамзаа болуп чоңойуусуна
себечи болот жана өз кыйынчылыктарын күч колдонуп чечүүгө аракет кыла турган
болот.
* Баланы бетине жана башына урбаш керек.
* Балага айтыла турган сөздөн мурда анын качан
жана кандай атылуусу маанилүү.
* Жакшы иштери менен сөздөрүн мактап, колдоо
керек, ал эми жамандыктарынын зыяндарын жумшак тил менен түшүндүрүү керек.
* Мактоотуура болбогондой, артыкча мактап
жиберүү да туура эмес. Ашыкча жакшы көрүү жана мактоо баланы эркелетип жиберет.
* Баланы айыптоо, лакап ат коюу, мазактоо,
коркутуу туура эмес. Бар! Кел! деген сыяктуу буйрук сөздөрдүн ордуна барчы!
келчи! деген сыяктуу сөздөрдү колдонуу керек.
* Бала адептүү сүйлөшү керек. "Өтүнүч, рахмат,
кечирип коюңуз” деген сыяктуу сөздөрдү колдонууну үйрөтүү керек.
* Ката кетиргенибизде катабызды моюнга алып,
кечирим сурообуз баланын да ката кылганда кечирим суроону үйрөнүүсүнө жол ачат.