Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Аллах жакшы көрбөйт деп айтуу




Аллах жакшы көрбөйт деп айтуу


Суроо: Баланы тарбиялоодо "Уурулук кылган адамдын башына Аллах таш жаадырат, жалган сүйлөгөн адамды Тозок оту менен жазалайт” деген сыяктуу сөздөрдү айтуу туурабы? Же болбосо мунун тескерисин айтуу керекпи? Мисалы, "Уурулук кылбаган адамды, жалган сүйлөбөгөн адамды Аллах жакшы көрөт” деш керекпи? Кантип айткан туура?

Жооп: "Уурулук кылган адамдын үстүнөн таш жаадырат” деп айтылса, бала ууруларды көргөндө "эмнеге булардын башына таш жаабады” деп ойлоп, эне-атасына деген ишеними кетиши мүмкүн. Ал тургай Аллаху таала чындыгында эле жамандык кылып жаткандардын башына таш жаадырып жаткан жок. Ошондой эле дайым "мындай кылбасаң Аллах сени жакшы көрбөйт” деп айта бергенде да "жакшы көрбөсө көрбөсүн” деп айтышы мүмкүн. Жакшылык кылгандардын Бейишке, жамандык кылгандардын Тозокко түшө турганын туура сөздөр менен түшүндүрүп берүү керек. Ар бир ката ишине Аллах сени минтип жиберет, тигинтип жиберет деп айтуу туура эмес. Жакшы иш кылганда мактоо керек, ал эми жамандыктарын кээ бирин көрбөгөндөй кылуу керек. Жамандыгына чектен ашпагандай, көңүлүн калтырбай тургандай жаза берүү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш