Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Бала жана жалган




Бала жана жалган


Суроо: Баланын жалган айтуусунун кантип алдын алса болот?

Жооп: Эне-ата өз перзенттерин өз колдору менен жалганга үйрөтпөшү керек. Мисалы, балага "Баланча киши келсе мени үйдө жок деп айт” деген эне-ата өз колдору менен баласын жалганчылыкка түрткөн жана жалган айтуунун жаман нерсе эмес экенин көрсөткөн болот. Балдарыңарга эч качан, тамашалап болсо дагы жалган айтпагыла. Жалган айтканыңарды түшүнгөн бала муну жөнөкөй эле нерсе деп кабылдап, ал дагы жалган сүйлөй баштайт. Балаңар тартиптүү жашоону силерден үйрөнөт. Оюнчуктарын өз ордуна койууну, кийимдерин өзү кийүүсүн үйрөтүүңөр керек. Бирок, кыйкырып урушпай, муну оюндай кылып аткаруу керек.

Балдар көбүнчө бейбаштык кылганда жалган сүйлөшөт. Айткан ар бир сөзүнө дароо эле ишенүү да баланы жалганчылыкка көндүрөт. Бала жалган айтуу менен маселенин жабыла турганын, эне-атанын ошол маселе тууралуу көп сурабай турганын билсе бейбаштыгын уланта бере турган болот жана сөздөрүнүн арасында да көп жалган кошо турган болот. Баланы уруу туура эмес. Бала таяктан коркот, бирок, кыла турчу ишин жашыруун кыла баштайт. Мунун натыйжасында бала кыйынчылыктан жалган айтып кутулууга, алдоого адаттанат. Көп жалган сүйлөгөндү адатка айландырып алып чоңойгон балдар кийинчерээк айткан жалганына өздөрү да ишене турган болушат, ишенүүгө болбой турган адам катары кабылданып, элге уят болушат.

Баланы жалган сүйлөөгө, жаман кылыктарга кызыктыруучу дагы бир маанилүү фактор – жаман дос. Жаман дос баланы орой, калпычы, ууру жана адепсиз болуусуна себепкер болот. Мындай жаман мүнөздөргө чалдыккандар көп жылдар бою бул жаман мүнөздөрдөн арыла алышпайт.

Баланы кичинекей кезинен баштап намазга, адалдыкка көндүрүү керек. Чоңойгон кезде намаз окуусу кыйын болушу мүмкүн. Башка бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алууну, жалган айтууну, харам нерсе жешти анын көзүнчө жаман, жийиркеничтүү кылып түшүндүрүү керек. Ушундай тарбия менен чоңойтуп, балагат жашына толгондо бул адептердин өзгөчөлүктөрүн, маанисин үйрөтүү керек.    


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш