Бала тарбиясында чектен тыш катуулук да,
эркиндик да зыяндуу. Чектен тыш катуулук кылуу баланын пассивдүү, коркок болуусуна
себепчи болот. Жасаган ар бир кылыктарын жактыруу да чоң жаңылыштык. Бул баланы
жамандыкка түртүүдөн башка нерсе эмес. Адистер бала тарбиясында баланы уруунун
сейрек жана кыска мөөнөттүү жаза түрү экенин, ал эми туруктуу жана көпкө
созулган жагдайда терс натыйжа алына турганын билдиришүүдө. Баланы уруп
тарбиялоонун балага физикалык таасири да бар. Психологиялык жактан алганда
дайым таяк жеп чоңойгон балдардын агрессиялык сезимдери өнүгөт. Анын каардуу,
кызуу кандуу жана коркок адам болуусуна жол ачат.
Балдардын каалаганын кылуусу жана чектен тыш
эркин болуусу да туура эмес. Жаш кезинде тартиптүү жашоосун камсыз кылуу керек.
Бала белгилүү бир убакыттарда, белгилүү бир нерселер менен алектениши керек.
Ошентип, бала тартипке, системалуу жашоого көнөт жана натыйжада системалуу өмүр
сүрөт. Бир гана оюн ойноп жатканда баланы эркин коюу керек. Бирок, бул да өз
билгенин кылуу деген сөз эмес.
Ойноп жаткан кездеринде эмне менен алектенип
жатканын байкоо керек. Бала өзүнө жана айлана-тегерегине зыян келтирбей, өз билгенинче
ойноп жаткан болсо маселе жок. Бирок, ушундай бош убакыттарында өзүнө жана
айлана-тегерегиндегилерге зыяны тийип жаткан болсо, анын алдын алуу керек. Бош
убакыттарында жадырап-жайноосуна жана ойноосуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Бирок,
иштеген зыяндуу нерселерин балага ал түшүнө ала тургандай кылып билдирип, анын
алдын алуу керек.
Өз
айтканынан кайтпаган балдар
Жөнөкөй мамиле менен, сабырдуулук жана
чыдамдуулук менен баланын өжөрлүгүн кетирүүгө болот. Бала бир нерсеге өжөрлүк
кылып жаткан кезде ага ошол нерсеге жетүү сезимин бербөө керек. Бала "Эгер
ыйласам, ызы-чуу салсам, апамды уялтсам... мен каалаган нерсени берет” деген
сезимдерге түшүп калбашы керек.
Жаш кезинен ар каалаган нерсесин жасоочу бала
келечекте бул өжөрлүгүн оңойлук менен токтотпойт. Аны бөбөк кезинен баштап
тарбиялоо керек, ыйлап, өжөрлүк кылуусуна көңүл бурбоо керек.
Эгер ар каалаган нерсеси орундала бере турган
болсо бала да, чоңдор да эч качан тынч болбойт. "Ага каалаган нерсесин берип
кутулайынчы” деген менен бул каалоолорунун соңу жок экенин түшүнүү керек.
Балдардын
эркелиги
Балдарда кездешчү бой көтөрүүчүлүк, эркелик,
каардуулук жана өз билемдик сыяктуу жаман адаттар баланын туура тарбия
кылынбаганынан, каалаган нерселерин орундалуусунан жана үй-бүлөнүн балага туура
көңүл бурбагандыгынан пайда болот. Мындай балдар өздөрүн башкалардан жогору деп
эсептешет, бардык нерсени өтө жакшы биле турганын ойлошот. Мындай балдар
мектепте жана досторунун арасында мүнөзү начар жана сүйкүмсүз болушат. Чектен
тыш өз билемдик менен текебердик кылуу досторунун арасында өз ордун таба албай
жалгыз калып кетүүсүнө себепчи болот.
Баланы ушундай жаман мүнөздөрдөн арылтуу үчүн
эң алгач ага жакшы дос табуу керек. Андан башка атасынын байлыгы менен,
атак-даңкы менен, өзгөчө сапаттары менен мактануунун керек эместигин, негизги
жакшы көрүлө турган жана мыкты болгон нерсенин жакшы мүнөз жана жакшы тарбия
экенин айтып түшүндүрүү керек.
Жазганчаак
балдар
Жазганчаак болуп чоңойгон бала өмүр бою мунун
зыянын тартып жашайт. Андай балдар оюн толук айта албайт. Ката сүйлөп коюу же
башкалары тарабынан айыпталуу коркунучу менен түнт болуп калат. Жазганчаак,
коркок болуунун эң башкы себеби – эне-атанын баласы менен дайым орой мамиледе
болуп, ар нерсеге кийлигише берүүлөрү. Баланы көзөмөлгө алуу керек, бирок,
эркин коюу керек.
Тартынчаактык менен бирге эркелик жана
текебердик да жаман кулк-мүнөзгө жатат. Баланы кайсы жерде кандай сүйлөө жана
кандай мамиле кылуу керек экендигин биле тургандай кылып тарбиялоо керек.
Ынтымактуу
эне-ата
Өзүнө деген ишенимсиздик, коркоктук көбүнесе
балагат жашында же чоңойгондо үй-бүлө ичиндеги туруктуу батышпастык,
уруш-талаштардын натыйжасында пайда болот. Эне-ата канчалык ынтымактуу, ынак,
ишенимдүү, салмактуу болушса балдары да ошого жараша тарбияланат. Кызуу кандуу
болуу, баланы дайым жазалай берүү жана үй-бүлө ичинде балага эки бөлөк таалим,
эки тараптуу таасир кылуу жарышы, жуптардын арасындагы пикир келишпестиктер
балага бир далай терс таасирин тийгизет.
Эне-атанын пикирлери бири-бирине туура келбесе,
туруксуз болсо бала да туруксуз ой жүгүртө турган болот. Эне-атанын позициялары
баланы кулк-мүнөзүнүн калыптанышында өтө маанилүү роль ойнойт. Балагат
жашындагы эркек балдар атасынан, кыз балдар энесинен үлгү алышат.
Балада
кызыгуучулук
Балдар бардык нерсени билүүгө кызыгышы керек.
Бала дүнүйө менен байланышын ушул кызыгуу аркылуу орнотот. Ушул жол менен
аң-сезими өнүгүп өсөт. Анын кызыгуусу суроо суроосуна, аны менен катар ар
түрдүү нерселерди үйрөнүүсүнө себеп болот. Ал эми бул эстеп калуу
жөндөмдүүлүгүн өнүгүшүнө, көп нерседен кабардар болушуна жардам берет.
Эгер балада кызыгуучулук жок болсо аны менен
алектенгиле, көңүл бургула. Баланын кызыгуусун ойгото турган нерселерди ойлоп
тапкыла. Антпесе, бала түнт болуп калат. Ал эми бул – баланын руханий
саламаттыгы үчүн жакшы эмес. Бала жаш кезинен баштап айлана-тегерегиндеги
кубулуштарга кызыгуусу, алар тууралуу билиши, жакшы көрүшү керек. Бардык ушул
нерселер анын кызыгуусунан улам боло турган нерселер.
Чегинен
ашык коргоо
Балдардын ката кетирүүсүнө уруксат берүү керек.
Анткени, ката кетирген сайын тажрыйбасы көбөйөт. Тажрыйба - адамды ийгиликке
жеткирчү жол. Бала бир нерселерди жасаган сайын өзүнүн колунан келчү нерселерди
табат. Ал эми эне-атасы: "Байка,балам, сен муну кыла албайсың! Өзүм кыламын”, "Байка, кызым, сен муну кыла
албайсын!” - деп турмушкаүйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк бербесе, мындай балдар
өмүрүнүн кийинки доорлорунда да башкаларга муктаж болууга аргасыз болот.
Балдарын чегинен ашык коргогон үй-бүлөлөрдө чоңойгон бала өзүн жана өзүнүн
жөндөмдүүлүгүн биле албайт, өзүнө карата ишеними жоголот, эч нерсеге батына
албайт, ката кетирип коём деген убайым аны ар дайым тынчын алат.
Айланасында бир жардамчы табылып калаар бекен
деген ой менен алаңдай бере турган болот. Чындыктар менен жүздөшүүдөн корко
турган болот. Ар кадамда дабдырап, өз башы менен чечим кабылдай албай турган
болот. Мындай жагдайда чоңойгон бала, өзгөчө, уул бала өмүр бою мунун зыяндарын
тартууга мажбур болот.
Бала
тили менен
Атам кечинде үйгө чарчап келчү. Мен күнү бою
үйдө отура берип зеригип, анын келишин сабырсыздык менен күтчү элем. Ал эшиктен
кирери менен чуркап барып, кучактап, аны менен ойногум келчү. Атам кучактап,
өөп: "Кана, бөлмөңө бар эми!” – дечү. Айла жоктон башымды ийип бөлмөмө кирип
кетчүмүн. Атам артыман: "Убагында биздин бөлмөбүз да жок болчу. Мунун бардык
нерсеси бар, дагы эмне керек түшүнбөйм”, - деп кыйкырчу.
Бир күнү, унчукпай жүрө турган болсом атам
менен бири-бирибизди жакшы түшүнө турганымды байкап калдым. Бул жолу унчукпай
ойной баштадым. Алгач сүрөт тарта баштадым. Атам мен тарткан сүрөттөрдү
жактырып: "Мына ушинтип тынч отуруп ойносоң болот экен го!” – дечү. Мындан ары
ачууланып бөлмөмө кууп жибербей турган болду.
Ушул ойлор менен бир күнү үй-бүлөбүздүн сүрөтүн
тарттым. Тамактан кийин сүрөтүмдү алып келдим. Атам карап туруп:
- Ммм, өтө сонун чыгыптыр. Мына бул киши мен
болсом керек э?
- Жок, ал киши эмес, мына бул киши сизсиз.
- Жок, бул киши менмин, тиги бала сенсиң, а
жанындагы кичинекей кыз сенин курбуң чыгар.
- Жок, ал киши менмин, мына бул бала сизсиз, а
жанындагы кичинекей кыз апам, - дедим. Атам мени менен айтышууну токтотуп,
менден сурады:
- А эмнеге бизди кичинекей бала кылып тарттың?
– деди. Мен катуу толкунданып түшүндүрө баштадым:
- Мен чоңоюп, чоң киши болуптурмун. Бир жумуш
таап, ал жерде иштей баштаптырмын. Силер картайып, кошунабыз Ахмед ата менен
Айша апа сыяктуу белиңер бүгүлүп кичирейип калыптырсыңар. Ошол кезде мен
жумуштан чарчап келемин. Сиз мени менен сүйлөшкүңүз келет, а мен болсом
жумуштан башым ооруп келгендиктен сизди укпайм да. Сиз мени менен ой бөлүшкүңүз
келгенде: "Кана, бөлмөңөргө барыңыздар, мен бираз дем алайын!” – деп айтам.
Жана артыңардан: "Бардык нерсеси бар. Жылуу бөлмөлөрү да бар, буларга дагы эмне
керек, түшүнбөйм”, - деп кыйкырам.
Мен сүйлөп бүткөн соң эне-атамдын көздөрү
ачылды. Уккандарына ишене алышкан жок. Анан мени катуу кучакташып, мындан ары
эч качан токтобой сүйлөй берсем дагы жадабай уга беришчүдөй эле.