Бир киши баласын токойдо ойнотуп жүргөндө
баласы чалынып кулап түшөт. Ооруган жери жанына баткандыктан: "Аххх!” -деп
кыйкырып жиберет. Тоодон да: "Аххх!” - деген
үндү уккан кезде бала таң калат.
Эч нерсеге түшүнбөгөн бала: "Сен кимсиң?” - деп кыйкыра баштайт. Алган жообу дагы "Сен
кимсиң?” болот.
Бул жооптон улам ачууланып: "Сен коркоксуң!..”
- деп кыйкырат. Тоодон угулган үн: "Сен коркоксуң!” -деп жооп берет.
Бала атасына кайрылып сурайт: "Ата, бул эмне
болуп жатат?”. Атасы: "Балам, ук жана үйрөн!” - деп тоону карап:
"Мен сага таң калдым!” - деп кыйкырат. Тоодон
келген жооп дагы "Мен сага таң калдым!” болот.
Атасы кайра кыйкырат: "Сен өтө сонунсуң!..”
Жооп дагы "Сен өтө сонунсуң!..” болуп келет. Бала аябай таң калат, бирок, али
эмне болгонун түшүнбөйт.
Атасы ага түшүндүрүп берет. Адамдар муну
"жаңырык” деп аташат, бирок, бул чындыгында - өмүр. Өмүр ар качан сен берген
нерселерди өзүңө кайтарат. Өмүр – кылган мамилебиздин күзгүсү. Өзүңдү сүйдүргүң
келсе, алгач өзүң сүй! Сени менен жакшы мамиледе болууларын кааласаң, өзүң
башкалар менен жакшы мамиледе бол! Адамдардан сый-урмат көргүң келсе, адамдарга
сый-урмат көргөз! Адамдардын сабырдуу болууларын кааласаң, сен дагы сабырдуу
болууну үйрөн!
Бул эреже өмүрдүн бардык доору үчүн бирдей.
Өмүр кокустук нерсе эмес, жасаган иш-аракеттерибиздин күзгүдө көрүнүшү.