Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Кыз бала - чоң нимат




Кыз бала - чоң нимат


Суроо: Кыз туулган кезде кайгырып, капа болгондор кездешет. Кыз баланын динибизде орду кандай?

Жооп: Кыз бала туулганда капа болуу, айрыкча, энесин күнөөлөө – өтө чоң жаңылыштык. Курани каримде:

"Аллах каалаганына кыз, каалаганына уул перзент берет. Бирөөлөргө уул да, кыз да берет, ал эми каалаганын тукумсуз кылат. Бардык нерсени толугу менен билүүчү жана бардык нерсеге кудуреттүү зат бир гана Аллах!” – деп айтылган. (Шура сүрөсү, 49-50)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Кыз балдарды кор кылбагыла!” – деп буюрган. Кор кылуу динди билбегендиктен болот. Кайырлуу перзент суроо керек. Кайырлуу болбой турган болсо кыз же уул болушунун эмне айырмасы бар?

Динибизде аялдын жана кыз баланын кадыр-баркы жогору. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Кыздарыңарды алтын жана күмүш менен кооздогула! Кийимдери көркөм болсун! Урматка ээ болуусу үчүн эң сонун белектер менен сыйлагыла!» (Хаким)

"Кыз баланы жакшы тарбиялап, Аллаху таала берген ниматтар менен мол жедирип, кийинтсе, бул кыз ал үчүн береке болот, Тозоктон кутулуп, Бейишке кирүүсүнө себеп болот.» (Табарани)

"Эки кыз перзенти менен жакшы мамиледе болгон адам милдеттүү түрдө Бейишке кирет!” (Ибн Мажа)

"Эки кызы же эки кыз бир тууганы болуп, муктаждыктарын толугу менен камсыз кылып берген адам менен Бейиште бирге боломун.” (Тирмизи)

"Базардан алган нерсени уул балдардан мурда кыз балдарга берген адамга Аллаху таала мээримдүүлүк менен назар кылат. Аллаху таала мээримдүүлүк менен назар кылган адамга азап бербейт.” (Хараити)

"Базардан мөмө-жемиш алып үйүнө алып келген адам садага сообун алат. Алып келген жемишти уул балдарынан мурда кыз балдарына берсин! Аялдарды, кыздарды кубанткан адам Аллахтан коркуп ыйлагандардын сообун алат. Ал эми Аллахтан коркуп ыйлагандардын денеси Тозокко харам болот.” (Ибн Адий)

"Үч кызына кажеттүлүктөн кутулганга чейин жакшы караган, ичирип-жедирген, кийиндирген адам албетте Бейишке кирет.” (Абу Давуд)

"Үч кыз перзентинин же кыз бир туугандарынын тиричилик же башка дагы кыйынчылыктарына чыдаган адамды Аллаху таала Бейишке киргизет.” Сахабалардан бир киши: "Эки кызы болсо деле ушундайбы?” – деп сураганда, Пайгамбарыбыз: "Ооба, эки кызы болсо да ушундай”, – деди. Башка бир киши: "А бир кызы болсочу?” – деп сурады. Жооп катары: "Бир кызы болсо да ушундай”, – деп жооп берди. (Хаким, Хараити)

Көрүнүп тургандай, кыз жана аялдарга кадыр-барк бербей тургандар мусулманчылыктан бейкабар адамдар. Ар бир мусулмандын өз динин мыкты үйрөнүп, аялдарды ылайыктуу түрдө кадырлашы зарыл!

Кыз бала кадырлуу

Суроо: Мураста башкача болгондой эле эркек бала үчүн эки, кыз бала үчүн бир акыйка мал союлууда. Бул балдарды бири-биринен жогору эсептегендик эмеспи? Кыз бала эмне үчүн азыраак бааланат?

Жооп: Динибизде аял мурас алууга мактаж калтырылбаган. Анын бардык муктаждыктарын күйөөсү, атасы, эркек ага-инилери жана атасынын ага-иниси сыяктуу жакындары берүүгө мажбур жана жоопкер кылынган. Каралаша турчу эч бир жакыны болбосо анын муктаждыктарын Байт-ул-мал деп аталган мекеме камсыздаган. Аял киши иштеп акча табууга мажбур эмес. Эркектердин бул оор милдеттен улам мурастын баарын алуулары керек болсо да динибиз аялдарга экиден бир бөлүгүн берди. Эки акыйка сойуунун ордуна бир акыйка сойулуусу кыз баланын пазилетин көрсөтөт. Б.а., кыз бала үчүн союлган бир акыйка уул бала үчүн союлган эки акыйканын сообуна тете. Динибиз аялга өзгөчө кадыр берген. Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Кимдин кыз балдары болуп, алардын кыйынчылыктарына чыдаса, жакшы чоңойтуп жана теңи менен үйлөнтсө бул кыз балдар ал киши үчүн Жаханнамга парда болот.» [Тирмизи]

«Биринчи перзенттин кыз болуусу аялдын берекесинен.» [Ибни Асакир]

«Үч кыз баланы тарбиялап үйлөндүргөн жана аларга жакшылык кылган киши Жаннатка кирет.» [Бухари]

Аялдарды, кыздарды баалабагандар – Мусулмандыкты билбеген жахилдер (сабатсыздар). Динин билген бир мусулман адам кыз балдарын жана жубайын ылайыктуу түрдө кадырлайт. Үч хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Аялдарды бир гана тектүү жана намыстуу адам баалайт. Аларды бир гана жаман жана пас кишилер төмөн көрөт.» [Ибни Асакир]

«Аллаху тааладан кайырлуу перзент тиледим. Мага кыз перзенттерин ихсан кылды.» [Шир’а]

«Кыз балдарды төмөнсүнтпөгүлө, себеби, мен – кыздардын атасымын.» [М. Жинан]

Пайгамбарыбыз кыздардын атасы болуу менен сыймыктанууда. Ушунча далилди көрүп туруп эч бир адам Исламиятта кыз балага, аял кишиге баа берилбейт деп айта албайт.

Эски доорлордогу элдер 300, 500, жада калса, 1000 жыл жашап, ибадат кылышчу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Йа, Рабби, менин үммөтүмдүн өмүрлөрү кыска. Калган үммөттөр көп жашашты, көп сооп табышты. Үммөтүмдүн абалы кандай болот?” – деп собол кылганда Аллаху таала: «Мен үммөтүңө миң айдан да кадырлуу болгон Кадыр түнүн бердим», - деди. Миң ай 83 жыл болот. 50 жыл ибадат кылган бир мусулман 4000 жылдан ашык ибадат кылгандай сооп табууда. Бул үммөттүн аз жашоосу, аз ибадат кылуусу кемчилик катары эсептелбейт. Бул үммөттүн аз ибадаты калган үммөттөрдүн көптөгөн ибадаттарынан дагы бийик болгондугу сыяктуу кыз бала үчүн союлган бир акыйка мал уул бала үчүн союлган эки акыйка малга тең келүүдө. Динибиз кыз балдар үчүн бул жеңилдикти билдирген. Бул болсо кыз балдардын канчалык кадырлуу экендиктерин көрсөтүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш