Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Балага ат койуу




Балага ат койуу


Суроо: Жакында жубайым төрөгөн болчу. Төрөлгөн баланын атын коюу жолдорун түшүндүрүп берсеңиз, кандай талаптары бар? Негизи бала төрөлгөндө кандай амалдарды аткаруу керек?

Жооп: Балага коюла турган же мурда коюлган аттын маанилери динибизге жана каада-салттарыбызга туура келеби же келбейби ушуну билүү керек. Туура келбесе, мааниси жаман болсо аны өзгөртүү керек. Хадиси шарифте: "Ысымы жаман болгон адам аны жакшы ысымга өзгөртсүн!” – деп буюрулган. (Барика) Хазрети Айша энебиз: "Расулуллах жаман ысымдарды өзгөртчү”, - деген. (Тирмизи) Мусулман эместердин атын койуудан да сактануу керек. Хазрети Имам Раббани: "Бир мусулман капырдын ысымын алуудан арстандан качкандай качууга тийиш. Андай ысымдар жана ал ысымдардын ээлери Аллахтын душмандары”, - деген. (Мектубати Раббани)

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Балага жакшы ат койуу, динин үйрөтүү жана убагы келгенде үйлөндүрүү - баланын атасындагы акыларынан.” (Абу Нуайм)

"Кыяматта атаңардын аты менен чакырыласыңар. (Мисалы, Али кызы Амина деп) Андай болсо атыңар жакшы болсун!” (Абу Давуд)

Жакшы аттар өтө көп. Маселен, Пайгамбарыбыздын жубайлары, кыздары, сахабалардын аттары, олуялардын ысымдары, Аллаху тааланын Асма-и хуснасынан (99 ысымдарынан) жаиз болгондорун койууга болот.

Аттардын жакшы болушу үчүн Курани каримде өткөн болушу шарт эмес. Жүз миңдеген сахабалар болгон, бирок, Хазрети Зейдден башка эч биринин аты Куранда өткөн эмес. Өзгөчө ат болсун деп же эң жакшы ат болсун деп Курани каримде аталган ысымдардын же сөздөрдүн каалаган бирин коюу туура болбойт. Анткени,Курани каримде жакшы ысымдардын жанында капырлардын да ысымдары бар, шайтандын ысымы бар. Мындай аттарды койуу дурус эмес. Курани каримде өткөн чагылган, барды-келди, жүрдү деген маанилерди билдирген арапча сөздөрдү да ат кылып коюп жаткандар кездешет. Мындай аттарды койуу жаиз болсо да, олуялардын, пайгамбарлардын аттарын койгон жакшыраак болот.

Тилекке каршы бизде ысымдардын тизмеси жок. Жалпы адам ысымдарын тандоо учурунда Исламга каршы душмандыгы менен таанылган заалымдардын (мисалы, Абу Жахл); капырлардын, бузукулардын аттарын, мусулманга жарашпай турган аттарды, маанисиз сөздөрдү пайдаланбоо керек. Ислам алымдарынын айтымы боюнча Аллаху тааланын Асма-и Хусна, б.а., жакшы ысымдарынын арасынан "Алий, Азиз, Мажид, Мужиб, Рафи, Рашид” сыяктууларын ысым иретинде адамга койууга болот.

Балага ысымды илимдүү, салих адамга койдуруу керек! Асхабы кирам балдарынын ысымдарын сүйүктүү Пайгамбарыбызга койдурушчу. Наристеге ысым коюп жатканда баланын атасы, чоң атасы же жашы улуу, илими эң көп болгон киши баланы кучагына алып, даараттуу болуп кыбыла жакты карайт. Наристени башка адам кармап турса да болот. Өйдө туруп оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтат. Атын үч жолу кайталаган жакшы болот. Ал арада наристенин оозуна таттуу нерсе тийгизген жакшы болот.

Пайгамбарыбыз Хазрети Хасан туулган кезде кулагына азан окуган. Азан окуй турган адам баланы жаздык сыяктуу жумшак бир нерсенин үстүнө жаткырып коюп кучагына алат. Баланы бирөө кучагына алып, азанды башка бирөө да окуса болот. Бир хадиси шарифте мындай делген:

"Жаңы төрөлгөн баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат окулган кезде "Умму сибиан” деп аталган оорудан сактанган болот.” (Байхаки)

Наристеге ысым койгон соң салих перзент болушу үчүн жана динге кызмат кылышы үчүн дуба кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Йа, Раббим! Бул баланы кайырлуу, салихтерден кыла көр жана жакшы чоңоюп жетилүүсүн насип кыла көр!” - деп дуба кылган.

Абу Мусал Ашари хазреттери: "Балам туулганда аны Расулуллахга алып бардым, атын Ибрахим деп койду”, - деди. Амр бин Шуайбдын атасы: "Расулуллах жаңы туулган балага жетинчи күнү ат коюлуусун жана акика мал союлуусун буйрук кылды.” (Тирмизи)

Бухариде: "Эгер акика союлбай турган болсо бала туулган убакытта аты коюлат жана оозуна таттуу тийгизилет”, -деп айтылган.

Наристеге ат коюлуп жатканда баланын атасы, чоң атасы же жашы улуу, илим эң көп болгон адам баланы кучагына алып, даараттуу болуп кыбыланы карап турат. Өйдө туруп оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтат. Атын үч жолу кайталаган жакшы болот. Ал арада наристенин оозуна таттуу нерсе тийгизүү жакшы болот.

Акика союу дагы сооп болот. Акика – бала ниматы үчүн Аллаху таалага шүгүр кылуу максатында союлчу мал. Акика малы Курман айтта союлчу мал сыяктуу болуу керек.

Акика баланы балээ-кырсыктан, оору-сыркоодон коргойт. Кыяматта эне-атасына шапаат кылат. Эркек бала үчүн эки, кыз бала үчүн бир кой союлат. Союлган акиканын этин өзү жана бай-кедей баары жей алат. Бышырып же бышырбай деле бай-кедей баарына берсе болот. Саадат-и Абадиййа китебинде мындай деп жазылган: "Жетинчи күнү ат койуу, чачын кырып, чачынын салмагы канча болсо ошончо алтын же күмүш садага берүү жана мүмкүнчүлүк болсо акика коюн сойуу мустахаб болуп саналат.”

Чачын албай божомолдоп берсе да болот. Алтын же күмүштүн ордуна кагаз акча берсе да, жети күндөн кийин берсе да болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш