Бала көтөрүү


Суроо: Боюнда боло албай жүргөн аялга кандай даба бар же кандай дуба окуу керек, кыргызча кандай эм жасаса болот?

Жооп: Пайгамбарыбыз үч түрдүү эм колдонгон. Курани карим, дуба окуган жана илим аркылуу табылган дарыларды колдонгон. Ошондуктан, дарыгерлерге кайрылып көрүңүз, себебин аныктап эмин кабылдаңыз, ошону менен катар дабага себеп боло тургандыгы билдирилген Курани карим аяттарын же дубаларды да окуңуз.

Бул жагдай көп адамдарда кездеше тургандыгы үчүн жоопту жалпы маалымат менен берели. Бала болбоосунун себеби кээде аялда, кээде эркекте болот. Кээде экөөндө тең болот. Бала болбоосунун башкы себептерине бала кезде башынан өткөргөн оорулар, психологиялык оорулар, жаңылыш жана зыяндуу тамактануу, катуу суукка же ысыкка маани бербөөнүн натыйжасында денеде пайда болгон медициналык зыяндар жатат. Балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү ушул ооруга бала кездеринде чалдыккандыгы айтылат. Кээ бирөөлөрдө туура тамактанбоонун натыйжасында да болушу ыктымал. Анткени, хадиси шарифте мындай деп айтылат: "Келин алгачкы аптада айран, чалап, сирке суусу, кычкыл нерселерди жебеши керек! Мындай нерселер боюна бүтүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Тамакта сирке суусун колдонгон аялдын хайз көрүүсү кыйын болот жана хайзы иретсиз болот. Кычкыл алма жеш хайз канын токтотот. Бул да башка ооруларга жол ачат”. Кээ бир жуптар баш кошкон алгачкы жылдары балалуу болбойлу деп жаңылыш алдын алуу чараларын колдонуп, кийин такыр балалуу боло албай турган жагдайларга дуушар болушат. Кээде катуу кайгыруу, капалануу, стресс дагы гормондорго терс таасирин тийгизет. Бала болбой жатканынын себептерин жакшы иликтөө керек, адис дарыгерлерге кайрылуу керек. Бирок, медицина канчалык өнүккөн болсо да алигиче кээ бир кемчиликтери бар экенин да унутпоо керек. Жаңылыш дарылануу жана белгисиз бирөөлөрдүн оозунан уккан дарыларды колдонуунун зыяны өтө көп. Эмделип жана дары ичип жатканда өтө сак болуу керек. Өзгөчө жуптар доктурдан сурабастан өз алдынча дары колдонбоосу керек. Доктурга алгач көрүнүүгө келгенде жубайлар бирге келүүсү, эч нерсени жашырбоосу, адистин суроолоруна уялбай, тартынбай, ачык жооп берүүсү керек.

Балалуу болуу үчүн же кандайдыр бир башка тилеги болгон адамдар төмөндө билдирилгендерди орундоого тийиш:

Истигфар (астагфируллах) айтуу керек. "Дүнүйө-мүлкүм көп, бирок, балам жок. Эмне кылсам болот?” - деп сураган адамга бир сахаба истигфар айтууну сунуштады. Ал күнүнө 700 жолу истигфар айта турган болду. Акыры он баласы болду. Адамдар Хазрети Хасан Басриге жуттан, кедейликтен, бала болбоодон улам даттанышчу. Баарына тең: "Истигфар айткыла”, - деди. Себебин сурагандарга Курани каримден үч аятты окуду: "Асмандан нөшөрлөгөн жамгыр жаадырышы үчүн, силерге дүнүйө-мүлк жана бала-чака берип жардам кылуусу үчүн, силер үчүн бакчалар менен дарыяларды берүүсү үчүн өтө кечиримдүү болгон Раббиңерге истигфар кылгыла.” (Нух сүрөсү, 10-12)

Балдарын башкарууга кыйналып жүргөн бир сахабага Пайгамбарыбыз "саллаллаху таала алейхи васаллам”: "Эмнеге истигфар айтпайсың? Мен күнүнө жүз жолу истигфар айтамын”, – деди. Истигфар айтуу дегени "Астагфируллах мин кулли ма карихаллах, астагфируллах алазыйм аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атувбу илайх” деп айтуу. Маанисин түшүнүп айтуу керек. Мааниси: "Сен ыраазы болбогон нерселерден кылгандарымды кечире көр жана али кылбагандарымды кылуудан сактай көр. Андан башка кудай жок, Хай, Каййум, Азыйм болгон Аллахга истигфар кыламын жана кылган күнөөлөрүмө өкүнүп, Ага сыйынамын.” (Азыйм – заты менен сыпаттары кемел. Хай – эзелий, б.а., эзелтеден башталышы жок жана соңу да жок, тирүү. Каййум – заты менен бар болгон, жараткан бардык макулуктарын бар кылып кармап турган.)

Тилегине жетүү үчүн эки рекет намаз окуп, сообун "Силсила-и алиййа” деп аталган олуялар санжырасынын рухтарына багыштоо керек, алардын урматына деп дуба кылуу керек. Мисалы: "Йа, Раббим! Кайырлуу (жакшы) бир бала насип кыла көр!” - деп дуба кылып, "ушул дубамды "Силсила-и алиййа” олуяларынын урматы үчүн кабыл кыла көр!” - деп айтуу керек. (Макатиб-и шариф)

Багымдат жана куптан намаздарынан кийин "Силсила-и алиййа” олуяларын васила (ортомчу, себепчи) кылып кылынган дубалар кабыл болот. Тажрыйба кылынган.

Аяти хырзды билдирилген тартипте окуп жана тумар кылып жанынаалып жүрсө максатына жетет.

Назир кылуу керек. Мисалы "Баланча кызга үйлөнсө, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн Ясин сүрөсүн үч жолу окуп, сообун Хазрети Сеййидат Нафисага багыштоого назр кылдым (атадым)” дегенде бул тилектин кабыл болгондугу тажрыйба кылынган. Тилеги орундалган кезде көп кечиктирбей назрды орундоо керек болот.

Бир тилеги бар адам төмөндөгү дубаны окуу керек. Көзү көрбөгөн сокур бир киши Пайгамбарыбызга келип: "Йа, Расулаллах! Аллаху таалага дуба кылыңыз, көздөрүм ачылсын!” - деди. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: "Жакшылап даарат ал! Анан, Йа, Раббим, Сага жалынып-жалбарамын. Сүйүктүү Пайгамбарың Мухаммед алейхиссаламды весила кылып (ортомчу кылып) Сенден сураймын. Эй, эң сүйүктүү Пайгамбарым Мухаммед алейхиссалам! Сени васила кылып, Раббиме жалбарамын. Сен үчүн дубамды кабыл кылуусун каалаймын. Йа, Раббим, ушул улуу Пайгамбарыңды мага шапаатчы кыла көр. Анын урматына дубамды кабыл кыла көр!” деп дуба кылуусун буюрду. Ал киши даарат алып айтылгандай дуба кылды. Ошол заматта көздөрү ачылып көрө баштады. (Тирмизи)

Бул дубаны окугандар максаттарына жетишкен. Намаз окубагандардын, харам иштерди кылгандардын жана жүрөгүндө ыкыласы болбогондордун дубасы кабыл болбойт. Ахли сүннөт ишениминде болбогон адамдын окуганы да пайдасыз. Аллаху таала бардык нерсени себептер менен жараткан. Бир нерсеге жетүү үчүн ошол нерсенин себептерин орундоо керек. Раббибиз адамга ден-соолук, даба берүү үчүн дуба кылууну, садага берүүнү жана дары (эм) колдонууну себеп кылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш