Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Жасалма уруктандыруу жана аборт




Жасалма уруктандыруу жана аборт


Суроо: Жасалма уруктандыруу жолу менен балалуу болуу жаизби?

Жооп: Балалуу боло албаган жуптардын "Силсила-и алиййа” деп аталган Ислам аалымдарынын урматына деп дуба кылуулары жана белгилүү себептерге жармашуулары керек. Материялар (уруктар) никелүү жуптардан алынган болуп, харам иш кылынбай жасала турган болсо жасалма уруктандыруу жаиз болот. (И. Ахлагы)

Бул ишти эркек дарыгерге жасатуу жаиз болбойт, анткени, бала төрөө зарурат (зарылдык) эмес, анын үстүнө аял дарыгер табуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Суроо: Суррогаттуу эне болуу, б.а., башка бирөөнүн эмбрионун (уругун) көтөрүү жаиз болобу?

Жооп: Жок, жаиз эмес. Жалгыз никесинде болгон күйөөсүнөн гана көтөрүү жаиз.

 

Экстракорпоральдуу уруктандыруу

Суроо: Экстракорпоральдуу уруктандыруу (ЭКО) ыкмасы менен балалуу болуу жаизби?

Жооп: Балалуу боло албаган жуптардын Силсилеи алиййаны (улуу Ислам аалымдарын) ортомчу кылып дуба кылуулары жана белгилүү себептерге жармашуулары керек. Уруктар никелүү жуптардан алынып, харам иш кылынбай жасала турган болсо экстракорпоральдуу уруктандыруу жаиз болот. (И. Ахлагы)

Бул процессти эркек дарыгерге жасатуу жаиз (уруксат) болбойт. Себеби, балалуу болуу зарылдык эмес, анын үстүнө аял дарыгер табууга мүмкүнчүлүк бар.

 

Суррогаттуу эне

Суроо: Суррогаттуу эне болуу жаизби?

Жооп: Жок, жаиз эмес. С. Абадиййа китебинде мындай деп айтылат: "Эркектин манийсин (уругун) түтүккө же башка бир нерсенин ичинде бөтөн аялдын жатынына салып, баланын пайда болуусуна себепкер болуу - харам. Пайда болгон балавалади зина (зинадан туулган бала) болот.

 

Жынысын аныктоо

Суроо: Бала төрөлө электе жынысын аныкталууда, "ЭКО” жолу менен балалуу болуунун диний жактан зыяны барбы?

Жооп: Жок, бул амалдардын өзү зыяндуу эмес. Бирок, мындай амалдарды жүзөгө ашырып жаткан кезде күнөө аралаштырбоо керек.

 

Жасалма аборт

Суроо: Аборт жасатууга болобу?

Жооп: Динибизде үзүрлүү бир себепсиз бала алдыруу харам, тактап айтканда тыюу салынган. Өзгөчө, кедейликтен коркуп курсагындагы баланы өлтүрүү, адилетсиз баланын жанын кыйуу зулумдук болуу менен катар, бала акысын билбөө болуп саналат, чоң күнөө болот. Энесинин же сүт эмүүдө болгон башка бир наристенин өлүмүнө себеп боло тургандай үзүрлүү себеби бар болсо, дене мүчөлөрү али өнүкпөгөн баланы алдыруу жаиз болот. Кутуб-и Ситтадагы "Адам энесинин курсагында урук (сперма) көрүнүшүндө 40 күн, алака (эмбрион) көрүнүшүндө 40 күн, эт бөлүгү көрүнүшүндө 40 күн болот. Андан кийин рух берилет” деген хадиси шарифти негиз алган аалымдар үзүрлүү бир себеп менен бир айдан төрт айга чейин жасалма аборт жасоого уруксат беришкен. (Раддул Мухтар)

Башка себептер болбосо да Ислам динине ылайык тарбия бере албоо коркунучу үзүрлүү себеп болуп саналат. Тактап айтканда, Ислам динине ылайык тарбия бере албоо ниети менен төрт айга чейин бала алдыруу жаиз болот. (С. Абадиййа)

Демек, төрт айдан өткөн болсо бала алдыруу жаиз болбойт. Бала оорулуу болуп өсүп жатат деген ой менен баланы өлтүрүү жаиз болбойт. Туулган соң оорулуу деп өлтүрүү сыяктуу кылмыш болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш