Суроо: Досту же туугандарды зыярат кылууда алардын
салих, намаз окуй турган болуулары маанилүүбү?
Жооп: "Фасык болгон, күнөө кылуубузга себепкер боло
турган туугандарды зыярат кылуу кажет эмес, бирок, салих болгон туугандарды
зыярат кылуу керек. Тууган-уруктар менен карым-катнашты үзүү чоң күнөө болот.
Эркек жана аял болгон зи-рахми махрам туугандарды зыярат кылуу - важиб.
Байкесинин (атасынын агасы же инисинин) кызы сыяктуу махрам болбогон
туугандарды зыярат кылуу важиб эмес.” (Барика)
(Зыярат кылуу – үйүнө барып туруу, кабарлашып,
жагдайын сурап билип туруу, катышып туруу, карым-катнашты үзбөө деген сөз.
Зи-рахми махрам – эркек үчүн энеси, карындашы,
эне-атанын кыз бир туугандары сыяктуу туугандар; ал эми аял үчүн атасы, эркек
ага-иниси, эне-атасынын эркек бир туугандары сыяктуу үйлөнүүсү харам болгон
туугандары деген сөз.)
Салих досторду зыярат кылуу да чоң сооп. Салих
туугандарды жок дегенде аптада же айда бир жолу зыярат кылып туруу керек, кырк
күндөн өтүп кетпөө керек! Алыс жерде болсо кат, телефон аркылуу көңүлүн сурап,
кайгылуу болсо кайгысын кетирүү керек. Зыяратты жалгыз Аллах ыраазылыгы үчүн кылуу
керек.
Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
"Дин
бир тууганын зыярат кылган адамга бир периште: "Кандай бактылуусуң, сен Бейишке
кирдиң”, - деп айтат. Аллаху
таала: "Мен үчүн зыярат кылган пендеме
Бейиште ага жага турган сыйлыктарды беремин”, - дейт.” (Баззар)
"Дин
бир тууганын Аллах үчүн зыярат кылган ар бир мусулманга бир периште: "Бул
кылган ишиң кандай жакшы болду, Бейиш сага халал болсун”, - деди. Аллаху таала
да: "Кулум мени зыярат кылып келди. Менин да ага сыйлык берүүмө туура келет”, - дейт.” (Абу Яла)
"Арштын
айланасында нурдан жасалган курсилерде нурдай жаркыраган адамдарга пайгамбарлар
менен шейиттер кызыгышат. Булар – тирүү кезинде Аллах үчүн бири-бирин жакшы
көргөн, Аллах үчүн жыйналган, Аллах үчүн бири-бирин зыярат кылгандар.” (Насаи)
"Жакшылап
даарат алып, сооп үмүт кылып мусулман бир тууганын барып көргөн адам Тозоктон
жетимиш жылдык аралыкка алыстайт.” (Абу Давуд)
"Аалымдардын
мажилисине катышкан адам менин мажилисиме да катышкан болот. Ал эми менин
мажилисиме катышкан адам Раббинин мажилисине катышкан болот.” (Табарани)
"Сыла-и
рахим – өзүн издебей турган туугандарын таап, зыярат кылуу жана жакшылык кылуу
деген сөз.” (Тирмизи)
"Сени
зыярат кылбаганды сен зыярат кыл! Сага белек бербегендерге сен белек бер!” (Бухари)
"Садага
берүү, жакшылык кылуу, эне-атага белек берүү жана туугандарын зыярат кылуу
бактысыздыкты бакытка айлантат, өмүрдү узартат жана адамды жаман өлүмдөн
сактайт.” (Абу Нуайм)
"Мечиттер
– Аллахтын үйлөрү, ал эми момундар – Аллахтын зыяратчылары. Зыяратчысына белек
үй ээсине милдет болот.”(Хаким)
"Мына
ушул беш нерсенин жазасы дароо байкалат: султанга каршы чыгуу, зулумдук кылуу,
эне-атага душман болуу, туугандар менен карым-катнашты үзүү, жакшылыкка шүгүр
кылбоо.” (Ибн Лал)
Жубайын
туугандары менен көрүштүрүү
Суроо: Эркек жубайына туугандары менен көрүшүп
туруусуна тоскоолдук кыла алабы?
Жооп: Эркек кааласа жубайынын эне-атасын жана
туугандарын да үйгө киргизбөөгө болот, бирок, көрүшүүсүнө жана алар менен
сүйлөшүүсүнө тоскоолдук кыла албайт. Алардан салих болгондорунун аптада бир
жолу үйгө келип туруусуна тоскоолдук кылбаса жакшы болот. Алардын көңүлүн
алууга, кайырлуу дубаларын алууга аракет кылуу керек. Өзүнүн жана аялынын
туугандарынан фасык (күнөөкөр) болгондор, аялынын динин, мүнөзүн бузууну
каалагандар бар болсо аларды үйгө чакырбоо керек жана үйлөрүнө да барбоо керек.
Алар менен кездешпөөсү керек жана жубайын да алар менен кездештирбөө керек.
Бирок, аларга да, башкаларга да катуу сүйлөбөө керек, талашып-тартышпоо керек,
фитна чыгуусуна себепкер болбоо керек. Диндерине жана дүнүйөлөрүнө зыян келе
турган нерселерден сактануу керек. Баарынын жанында жылуу жүздүү, жылуу сөздүү
болуу керек. (С. Абадиййа)
Фасык
туугандар менен көрүшүү
Суроо: Эне-атамдын туугандары болгон ага-эжелер
сыяктуу фасык (ачык күнөө кылуучу) туугандарым бизди үйүнө конокко чакырышат.
Динге каршы иштер кылынат. Жубайымдын баргысы келбейт. Эмне кылсак туура болот?
Жооп: Жубайыңыздын келе албоосунун себеби бар деп
айтасыз, өзүңүз барып кайтасыз. Өзүңүз да барган жагдайда күнөө кыла
тургангандай болсоңуз өзүңүз үчүн да бир шылтоо табышыңыз керек.
Сыла-и
рахим
Суроо: Кайын атамдын айылына баруу да сыла-и рахим
болобу?
Жооп: Ооба, сыла-и рахим болот. Салих (жакшы)
адамдарды зыярат кылуу - өтө чоң сооп.
Ага
ата сыяктуу
Суроо: Динибиз боюнча ага жана атанын ага-иниси ата,
ал эми эже эне өкүмүндөбү?
Жооп: Ооба, сиз айткандай. Үч хадиси шарифтин
мааниси төмөндөгүдөй:
"Ага ата
даражасында.” (Байхаки)
"Эже
эне өкүмүндө болот.” (Бухари)
"Эй,
Аббас! Сен менин агамсың, атамдын жарымысың.” (Хатиб)
Туугандарды
зыярат кылуу
Суроо: "Сыла-и рахим” деп аталган туугандарды барып
көрүп, кабар алып туруу деген амал орундалбаса күнөө болобу?
Жооп: Эгер туугандар салих болсо, б.а., арак
ичпеген, намаз окуган кишилер болсо, албетте күнөө болот. Эки хадиси шарифтин
мааниси:
"Сыла-и
рахим – мал-мүлктү көбөйтөт, үй-бүлөдө махабатты көбөйтөт жана өмүрдү узартат.” (Табарани)
"Сообу
эң тез бериле турган жакшылык – сыла-и рахим, ал эми жазасы эң тез бериле
турган жамандык - зулумдук жана (салих) туугандар менен карым-катнашты үзүп
койуу.” (Тирмизи)
Фасык же бидатчы (сектант) болгон туугандарды
зыяратына мажбур болмоюнча барбоо керек. Бир гана амри маруф (жакшылыкка, динге
чакыруу) үчүн же зарыл бир иш үчүн барууга болот.
Эки
ага-ини
Эски замандарда бири-бирин катуу жакшы көргөн
өтө ак көңүл эки ага-ини болгон экен. Улуусунун аты Халил, кичүүсү Ибрахим.
Халил үйлөнгөн, бала-чакалуу, а Ибрахим болсо али бойдок экен. Экөөнүн орток
айдоо жери бар эле. Бирге дыйканчылык менен алектенип, алынган түшүмдү экиге
бөлүшүп, оокат кылышчу.
Бир жылы буудай айдашат. Бышкан буудайды жыйнап
алып, экиге бөлүшөт. Анан ошол бөлүштүрүлгөн буудайды ташый башташат. Агасы
Халил: "Ибрахим, сен бул жерде күтө тур, мен каптарды алып келейин”, - дейт.
Ибрахим: "Макул ага”, - деп дандын жанында калат. Халил каптарды алып келүүгө
кеткенде иниси ойлонот: "Агам үйлөнгөн, бала-чакасы бар. Мага караганда ага
көбүрөөк буудай керек”, - деп, өзүнүн үлүшүндөгү буудайдан бир нече күрөк
буудай алып, агасынын буудайына кошуп коёт. Анан агасы каптарды алып келип:
"Кана, Ибрахим, алгач сен ташый башта!” – дейт. Ибрахим: "Макул”, - деп, бир
капты толтуруп, алып кетет. Ал кеткен кезде агасы ойлонот: "Аллахка шүгүр! Мен
үйлөнгөнмүн, бала-чакам да бар. Бирок, иним али бойдок. Ал дагы көп иштеп, акча
табышы керек. Там салып, үйлөнүшү керек”, - деп өзүнүн буудайынан бираз күрөк
алып инисинин буудайына кошуп коёт. Кийинки кезекте Халил кеткенде иниси өзүнүн
буудайынан дагы агасынын буудайына кошуп коёт. Агасы да өз кезегинде бир канча
күрөк инисинин буудайына кошуп коёт. Ошентип бир топко чейин уланат, бирок, бул
иштен бири-биринин кабары болбойт. Аягында кеч кирип, күн караят. А буудайдын
ташыла турган абалы жок, жада калса, азайбайт дагы. Аллаху таалага бул жагдай
абдан жагат. Алардын буудайына Аллаху таала ушунчалык береке берет, канча күн
ташышса да бүтүрө алышпайт. Алар бул ишке таң калышат. Буудайы азайгандын
ордуна, тескерисинче,көбөйүп, кампалары толуп ташат. "Берекелүү болсун!” деген
тилек сөздөгү береке сөзүнүн чыныгы мааниси ушул мисалдан белгилүү болуп
тургандай...